Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында сапар тартты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 23-майында Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине (жетип) келди.

Учурлук Халифа Лондондон Германияны көздөй жол тартты жана Францияны кесип өтөөрү менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза жана бир топ башка расмий адамдар тарабынан тосулуп алынып, андан кийин алар ал кишини Германияга чейин эскорт менен алып келишти.

Анан ал киши Ахен шаарына сапар тартып, ал жерде «Мансур» мечитин ачты.

Ахен шаарынан ал киши Франкфурт шаарына кайтып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:30да «Байтус-Субух» мечитине жетип келди, ал жерге топтолгон жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту.

Ал киши Германиянын Карлсруэ шаарында өткөрүлө турган Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында сапар тартты, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 30000ге жакын делегаттардын келүүсү күтүлүүдө. Үч күндүк аземде (5-7-июнь күндөрү) ал киши Ахмадий мусулмандар менен Ахмадий эмес конокторго Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдери жөнүндө кайрылуу жасайт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via