Англиядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын Ижтимаасы (Чогулушу) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жасаган кайрылуусу менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын Ижтимаасы (Чогулушу) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жасаган кайрылуусу менен аяктады

Азирети Мырза Масрур Ахмад Англиянын булуӊ-бурчтарынан келген 5000ден ашуун Ахмадий мусулман жаштарына кайрылуу жасады

2016-09-25-uk-mka-ijtema-001

2016-жылдын 25-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Ахмадий мусулман жаштарынын уюмунун (Мажлис Худдамул-Ахмадия) Улуттук Ижтимаасына (Жылдык Чогулушуна) ыйманды күчтөндүрүүчү жыйынтык кайрылуусун жасады.

2016-09-25-uk-mka-ijtema-002

Эң алгачкы жолу Кингсли деген жерге караштуу Олд Парк Фирмасында болуп өткөн ушул Ижтимаанын максат-мүдөөлөрү – бул Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин окуп-үйрөнүү жана аларга амал кылуу, ошондой эле жашаган өлкөсүндө тынчтыктын рухун, биримдикти жана сүйүүнү таратуу. Быйыл 5000ден ашуун мусулман жаштары аталган аземге катышышты.

2016-09-25-uk-mka-ijtema-003

Соңку сессияда Улуу Урматтуу Халифа баш болуп, мусулман жаштарынан ант алды, анда алар өздөрүнүн улутуна жана ишенимине чынчыл экендигин тастыкташты.

2016-09-25-uk-mka-ijtema-004

Өзүнүн жыйынтыктоочу кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад ошол ант жөнүндө сөз кылды:

«Ушул антта силер берген убадаңар жана кез-кези менен силер кайталап турган ушул сөздөрүңөр куру сөз эле болбошу керек, тескерисинче маанилүү болушу керек жана ар дайым эсиңерде турушу керек. Өзүңөрдүн амалдарыңар аркылуу ушул антыңарды даңазалашыңар керек».

2016-09-25-uk-mka-ijtema-005

Ал киши мындай деди: динди дүйнө иштеринен жогору коюунун чыныгы мааниси Ахмадий мусулмандардан дайыма Курани Каримди калтырбай окушун талап кылат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани Карим ийгиликтүүлүгүбүз жана кутулуубуздун жолу болгондугу үчүн аны окуп-үйрөнүү бардыгыбызга парыз. Ал бизге «динди бардык дүйнө иштеринен жогору коюу» дегендин чыныгы маани-мазмунун көрсөтүү үчүн кандайдыр бир руханий нур. Ал билим алуубуздун жана жашообуздун куралы».

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад Курани Каримдин таалимдеринин негизинде бүгүнкү күндөгү жаштарга өз таасирин тийгизип келе жаткан кээ бир көйгөйлөрдөн сөз кылды.

2016-09-25-uk-mka-ijtema-006

Ал киши Ислам дининин «момундук менен жана чын жүрөктөн беш маал намазды жамаат болуп аткаруу» деген буйругуна басым жасады.

2016-09-25-uk-mka-ijtema-007

Улуу Урматтуу Халифа курулай сүйлөшүүлөр жана жаман адамдар менен карым-катышта болуудан абайлоонун маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер бир жерге чогулганыңарда бири-бириңерди туура жолдон адаштыруунун ордуна бири-бириңерди чынчылдыкка жана жакшылыкка багытташыңар керек. А түгүл жаш Худдам жана жашы улуу Атфал муну эсте сакташы керек жана ар дайым жакшы досторду тандап, жакшы инсандар менен карым-катышта болуулары зарыл».

2016-09-25-uk-mka-ijtema-008

Ал киши Ыйык Курандын 23-сүрөөсүнүн 6-аятында айтылгандай, абийирдүүлүктүн маанилүүлүгү жөнүндө кеңири токтолду, анда чыныгы момун-мусулмандын белгиси катары «алар өздөрүнүн абийирдүүлүгүн сакташат» деген шарт айтылган.

Ушул таалимди түшүндүрүп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамдын өз абийирин коргоосу анын никесиз жыныстык катнашуусунан абайлашын гана билдирбейт, жок Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизге анын мааниси төмөнкүдөй экенин үйрөткөн: момун-мусулман абийирсиз же адеп-ахлаксыз болгон ар бир нерседен өз көздөрүн жана кулактарын сакташы керек».

2016-09-25-uk-mka-ijtema-009

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ыйык Куранда а түгүл Алла Таала аялдарга хижаб кийүүгө буюруудан мурда момун-мусулман эркектерге өз көздөрүңөрдү ылдый караткыла жана жүрөктөрүңөр менен ойлоруңарды таза кармагыла деп буюрган».

«Адамдын өз көздөрүн ылдый каратуусу» деген Куран таалиминин артында болгон акылмандыгы жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чындыгында, Ислам дини эркектерге көздөрүңөрдү ылдый караткыла деп өзүн-өзү көзөмөлдөгөнгө үйрөтөт, анткени ал көрүү жөндөмдүүлүгү гана адамдын сезимдерин жана каалоолорун тукуруп турат… Билип койгула, жөнөкөйлүк – бул Ахмадий мусулмандын өзгөчөлүгү, ошон үчүн Ислам динине таандык адеп-ахлактарды буза турган ар бир нерседен абайлашыңар керек».

2016-09-25-uk-mka-ijtema-010

Ал киши ичкилик жана кумарпоздуктун «алыска жеткен жана терс кесепеттери жөнүндө да сүйлөдү жана мындай деди: ушул эки жаманчылык адамды Алла Тааладан алыстатуунун куралы.

Ал киши спирт жөнүндө мындай деди: Курани Карим анын терс таасирлери анын чектелген пайдаларынан оор экенин ачык-айкын айткан.

Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын алар ичкиликтин тыюу салынганын угуп көрсөтүшкөн баш ийүү жөнүндөгү үлгүлөрүн да айтып берди. Ал сахаабалар эч ойлонбой туруп, дароо ичимдик бар челектер жана буюмдарды талкалап салышкан.

Кумарпоздук жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кумарпоздукка тыюу салынган, анткени ал адамдын адилеттүүлүк менен тапкан акчасын жана чынчыл киреше же мал-мүлкүн этиятсыздык менен коротуп, чачууга өбөлгө түзөт. Тескерисинче, кумар аркылуу арам «жеңил-акчаны» издебей, калыс жана чынчыл жол менен жашоону тилешиңер керек. Эсиңерде болсун, ар дайым чынчылдык жана чын жүрөктөн талыкпай эмгектене турган Хаадим гана чыныгы Хаадим».

2016-09-25-uk-mka-ijtema-011

Ал киши Ыйык Курандын кичи пейилдикти көрсөтүү жана менменсингендиктен качуу чыныгы момун-мусулмандардын өзгөчөлүгү деген буйругу жөнүндө да сөз кылды.

Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын кеңсе-кызматчылары айрыкча ушул мүнөзгө ээ болууга аракеттенүүлөрү керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен дагы бир нерсеге басым жасамакчымын: ар бир Жамаат кызматчысы жашы же даражасына карабай, өзүндө кичи пейилдиктин (же момундуктун) чыныгы рухун жаратсын. Силер жергиликтүү Каид, Мухтамим, улуттук Садр (Президент) жана кандай гана даража же орундагы Жамаат кызматчысы экениңерге карабай, ар дайым кичи пейил болушуңар керек. Алла Таала Ыйык Курандын 25-сүрөөсүнүн 64-аятында Өзүнүн чыныгы пенделеринин төмөнкүдөй өзгөчө касиеттерин айткан: алар жердин үстүндө момундук менен жүрүшөт жана алар текеберликтин же менменсинүүнүн бир дагы изин калтырышпайт».

2016-09-25-uk-mka-ijtema-012

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар бир Ахмадий мусулман момун, сылык жана жумшак мамиле кылууга милдеттүү болгондон кийин албетте Жамаат кызматчылары бул жагынан өзгөчө жоопкерчиликке ээ болуулары керек. Худдаамдагы жооптуу-кызматчылары кандайдыр бир деңгээлди кармап жүрүшү керек, эгер бирөө тукурса дагы, алар менен далил аркылуу талашып-тартышса да, алар тынчтык жана коопсуздук менен гана жооп кайтаруулары керек жана ошол жагдайдан «салам» (тынчтык) жол менен өздөрүн алып чыгуулары зарыл».

2016-09-25-uk-mka-ijtema-013

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар дайым 2-сүрөөнүн 149-аятында баян этилген Ыйык Куран усулдарын (принциптерин) эсиңерде сактагыла, анда Алла Таала мындай деп айткан: ар бир адам кандайдыр бир максат-мүдөөлөргө ээ, момун-мусулмандар жакшылык боюнча өсүп-өнүгүүлөрү керек жана алар жакшы иштери боюнча бири-бири менен жарышуулары зарыл. Ошентип, бардык Худдам жана Атфал муну эсте тутуулары керек, чыныгы момун-мусулман болуу үчүн алар ар дайым бардык жакшылыктар боюнча өсүп-өнүгүүгө аракеттенүүлөрү зарыл жана үзгүлтүксүз өздөрүн руханий жактан да, адеп-ахлак жагынан да жакшыртууга аракет кылуулары керек».

Буга чейин Ахмадий Мусулман Жаштары Уюмунун Улуттук Төрагасы Мырза Вакаас Ахмад отчётторду тапшырып, үч күндүк аземде алып барылган ар түрдүү ишмердүүлүктөр жөнүндө айтып берди.

Ижтимаанын аралыгында Англиянын булуң-бурчтарынан 100дөн ашуун жергиликтүү жамааттардан (Киядаттар) келген Ахмадий мусулман жаштар ар кандай илимий жана спорттук жарыштарга катышышты.

Мусулман жаштар «Хабды» көрүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту, ал жерде алар бир топ көргөзмөлөргө катышышты жана кандайдыр бир ишенимдүү айлана-чөйрөдө диний же социалдык маселелер жөнүндө суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via