СҮЙҮКТҮҮ МУХАММАД ОСМАН ЧАУ (ЧЫНЫ САХИБ) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

СҮЙҮКТҮҮ МУХАММАД ОСМАН ЧАУ (ЧЫНЫ САХИБ)

2018-жылдын 27-апрелинде Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген: бир нече күн мурун Жамаатыбыздын ардактуу мүчөсү жана аалымы Осман Чыны Сахиб көзү өтүп кетти. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун (Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана Ага гана кайтуучубуз).

♦ Алла Таала өзгөчө буйругу менен аны Кытайдын алыскы бир бөлүгүнөн Пакистанга алып келип, Ахмадияны кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берген. Ал өзүнүн эскерүүлөрүн жазып, анда Алла Таала менен болгон мамилеси, Ал аны Ахмадияны кабыл кылууга кандай жол көрсөткөндүгү, диний билимди алгандыгы жана жашоосун динге арнагандыгы жөнүндө сөз кылган. Булар ыйманды күчтөндүрүүчү окуялар. Мында анын ахвалдары, анын жашоосу, анын көрсөткөн кызматтары жана анын мүнөзү тууралуу абдан көп маалыматттар бар, бир китепти жазууга болот. Менин көз карашымда, Мажлис Худдаамул-Ахмадия Пакистан бул тапшырманы мыктыраак аткара алат.

♦ Осман Чыны Сахиб «Osman Чыны» катары белгилүү болгон, анын толук аты-жөнү Мухаммад Осман Чунг Сай Чою болчу. Ал 2018-жылдын 13-апрелинде көз жумган. Ал 1925-жылдын 13-декабрында Кытайдын Анхуй (Anhui) облусунда бир мусулман үй-бүлөсүндө туулган. 1946-жылы орто мектебин бүткөндөн кийин, ал Нанчанг Улуттук Борбордук Университетинде саясат таануу боюнча окууну баштоодон мурун Нанчанг Университетинен бир жылдык заманбап окуусун бүтүргөн. 1949-жылы ал Пакистанга келген. Жеке изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин ал Байъат берип, Жамия Ахмадияга окууга кирген. 1957-жылдын апрелинде ал «Шахаадатул-Ажааниб» сынагынан өткөн. Бул миссионерлерди даярдоо үчүн кыска курс (колдонмо) болчу. Ал 1959-жылдын 16-августунда өз өмүрүн динге арнаган жана 1960-жылдын январында биринчи жолу кызматка дайындалган. Анан миссионерлер курсун аяктоо максатында 1961-жылдын апрелинде кайрадан Жамия Ахмадияга окууга тапшырган жана 1964-жылы «Шахид» даражасы менен аяктаган.

♦ Ал өмүрүн динге арнаган адам катары Пакистанда Тахрийк-э-Жадидге караштуу «Вакалат-э-Таснийф» бөлүмүндө, андан кийин Карачи шаарында миссионер катары кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал 1966-жылы Сингапур жана Малайзияда кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал болжол менен үч жарым жыл Сингапурда жашаган жана төрт айга жакын Малайзияда болгон. Ал 1970-жылы Пакистанга кайтып келип, ар кандай жерлерде миссионер болуп кызмат кылган. Ал Умра жана ажылык зыяраты үчүн Меккеге баруу бактысына да ээ болгон.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын IV Халифасы, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла) Англияга көчүп келгенде, ар түрдүү кеӊселер (бөлүмдөр) Лондондо түзүлгөн. Жумуштардын көбөйүүсү менен Жамааттын адабияттарын которуу иштерин алып баруу үчүн Кытай Кабинети (Chinese Desk) түзүлгөн. Андан кийин, ал киши Улуу Британияга чакырылып алынган. Ал кытай тилине китептерди которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Алардын арасында Ыйык Курандын кытай тилиндеги котормосу өзгөчө орунга ээ. Ал киши Жамаатыбыздын ишенимдери жана окуулары жөнүндө китептерди да жазган. Ал өз артында аялы, бир уулу жана эки кызын калтырган.

♦ Чыны Сахиб жана анын көзөмөлдүлүгү астында даярдалган кытай адабияттарынын англис тилиндеги аталыштары төмөнкүлөр: “My Life and Ancestry” (Менин өмүрүм жана ата-бабаларыбыз), “Introduction to Morality” (Аадеп-ахлакты тааныштыруу). Бул жети китепти ал өзү жазган. Андан тышкары, болжол менен отуз беш китепти ал өзү которгон же анын көзөмөлдүгү астында которулган. Ал Ахмадия Мусулман Жамаатын тааныштырып, “An Outline of Ahmadiyya Muslim Jama’at” деген китепти жазган. Ошондой эле Ислам динин тааныштырып, “Outline of Islam” аттуу китепти жазган. “Fundamental Questions and Answers about Islam”, бул Илам дини тууралуу негизги суроо-жооптор. “Islamic Concept of Jihad Ahmadiyya Muslim Jama’at” (Исламдагы Жихад түшүнүгү жана Ахмадия Мусулман Жамааты). “Ahmadiyya Muslim Community’s Contribution to the World” (Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөгө кошкон салымы). Ал киши адамдын жашоосунда Ислам жана дин зарылдыгы тууралуу да жазган. Булар мен кыскача айтып берген анын илимий жетишкендиктери.

♦ Анын үй-бүлөлүк жашоосуна карата, аялы мындай деп жазат: «Мага Пакистандан Осман Сахибдин үйлөнүү сунушу келгенде, башында атам жаш курак айырмачылыгына байланыштуу макул болгон эмес». Анын аялы да кытай улутунан болот. Ал мындай деп кошумчалайт: «Мен ал кезде жыйырма жашта элем жана Осман Сахиб дээрлик элүү жаш курагында болчу. Менин атам бир нече ай бою бул сунуш тууралуу мага айткан жок. Акыры, мага айтканда, менин өзүмдүн кандайдыр бир чечимге келүүм үчүн бир катты алдыма койду». Ал мындай деп улантат: «Мен түшүмдө чет өлкөдө толугу менен куру (бош) кол болуп, кандайдыр бир чоӊ майданда турганымды көрдүм. Күтүлбөгөн жерден, мени менен эмне болот деген ой акылыма келди. Ошол эле учурда, мен алыстан ак кийим кийинген бир адамды көрүп, сенин бардык талаптарыӊ бул адам аркылуу аткарылат деген үндү уктум». Ал андан ары мындай дейт: «Ал (сунуш түшкөн) катты көргөндөн кийин мен Осман Сахибди түшүмдө көрдүм, ал киши ак кийим кийип, менин жанымда турган экен жана мен жерге жаткан элем. Анан кийинчерээк мага Осман Сахибдин сүрөтү көрсөтүлгөндө, мен бул ошол эле түшүмдө көргөн адам экенин түшүндүм. Натыйжада, мен ал сунушту кабыл алдым. Биз төрт жылга чейин кудалашылганбыз». Ал мындай деп улантат: «Осмон Сахиб Мао Зедонг көзү өткөндө, менин аялым (Пакистанга) келет деп түш көргөн эле». Ал убакта Мао Зедонг Кытайдын [коммунисттер партиясынын] төрагасы болчу, ал ооруган да эмес, ден-соолугу да жакшы болчу, жыргап жашап жаткан эле. Ошентсе да, ал мындай деди: «Күтүү түбөлүккө болуп көрүнгөн жана келүүсү белгисиз. Чыны Сахиб Мао Зедонгго кат жазууну чечкен». Чыны Сахиб мындай дейт: «Мен катты почтага таштоо үчүн жолдо кетип бара жатканымда, Мао Зедонгдун өлүм кабары келди». Анын аялы: «Анын өлүмүнөн бир нече күндөн кийин мен паспортумду алгам», – деп жазат.

♦ Осман Сахиб жөнүндө ал мындай деп жазат: «Ал жакшы күйөө болгон, чынында ал менин руханий жол башчым болчу. Ал абдан токтоо инсан болчу жана ар маселенин түбүнө барып, ар түрдүү мисалдар менен түшүндүрүп берчү. Ал өзүнүн тууган-туушкандарына да жакшы көӊүл бурчу. Ал өз энесин Кытайдан Пакистанга чакыртып алып, ага жакшы кызмат кылчу». Ал мындай дейт: ал кыйын күндөр болуп, күндө бир эле бөтөлкө сүт сатып алуу кудуретине ээ болчубуз, ошол бөтөлкөнү да өз энесине берип койчу. Ал сапарга барганда, өз энесин да бирге алып кетчү. Чыны Сахиб энесине абдан жакшы кызмат кылган. Ал мындай дейт: «Анын жашоосу өз ишине берилгендиги менен аныкталган. Ал ден-соолугу жакшы болгон күндөрдө, кечке чейин өз кеӊсесинде иштечү, кээде таӊ атканга чейин түнү бою иштечү. Үйдө анын эӊ маанилүү иши – бул өз балдарына жакшы таалим-тарбия берүү болчу. Ал тамак-ашы жана кийим-кечегин тандоо боюнча өтө эле жупуну адам болгон».

♦ Анын улуу кызы Доктор Курратул-Айын айым мындай деп жазат: «Атамдын сыпаттарын сөз менен түшүндүрүп берүү мен үчүн өтө кыйын. Ал абдан боорукер, мээримдүү, эмгекчил, талыкпас, карапайым жана үмүткер адам болчу. Биздин бала чагыбызда эч качан бизди урушкан эмес, ар дайым нерселерди абдан таасирдүү ыкмада түшүндүрчү. Ал бир гана намаз калтырбай окуу маселесинде катуу болчу. Ал (өз кыздарынын) университетте окуп жаткан кезде хижаб алуу маселесинде тынчсызданчу. Ал аларга мындай деп көрсөтмө берген: жогорку окуу жайында болгонуӊарда хижаб кийингиле, ал эми эгерде көшөгөнү чечүүгө аргасыз болуп калсаӊар, анда сабак убагында гана ошондой болсун, бирок андай жагдайда кандай жасалгаланбагыла.

♦ Анын кичүү кызы Муназзах мындай деп жазат: «Күндөлүк беш убак парыз намазын аткаруудан тышкары, ал өз балдарына Тахажжуд [Багымдат намазына чейин аткарылуучу нафл намазы] намазын аткарууга да насаат кылчу. Ал бизге суу чачып, намаз үчүн бизди ойготчу. Ал бизге Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жана анын Халифаларынын китептерин окууга насаат кылчу. Ал сааттар бою биз менен бирге отуруп, чыдамдуулук жана сабырдуулук менен суроолорубузга жооп берчү жана эч качан тажачу эмес». Бул бардык ата-энелер үчүн кандайдыр бир сонун үлгү болуп саналат.

♦ Анын уулу Доктор Дауд Сахиб мындай деп жазат: «Мен жаш курагымда атамдын кеӊсесине барганымда, мен бир калем же карандашты колдонууга аракет кылганымда, ал мага ошондой кылууга уруксат бербейт эле. Ал менин апама: «Эгер ага керек болсо, ага өзүнүн жеке калемин сатып алып бергин», – деп айтчу. Эгер биз кандайдыр бир көчүрмөнү жасатмакчы болсок, ал бизге кагазды үйдөн алып келгиле, бир гана ксерокөчүрмө машинасын пайдалансаӊар болот деп буюрчу. Ал мындай деп кошумчалайт: «Ал бизге Алла Тааланын сапаттарын билип-үйрөнүүгө аракет кылгыла», – деп буюрчу. Ошентип, биз Алла Тааланын сапаттарын чагылдыра турган бардык ысымдарын жаттап алганбыз. Ал Алла Тааланын бардык жүз сыпаттуу аттарын чечмелей турган ырларды да кытай тилинде жазган. Ал ар түнү ошол ыр саптарын окучу. Андан тышкары, ал Алла Тааланын көптөгөн сыпаттарын жаттоо үчүн ортобузда жарышты өткөрчү жана бул үчүн сыйлык берчү».

♦ Чыны Сахиб өзү мындай деп жазган: мен Кытайдан Рабвах шаарына келгенимде, Рабвах аксакалдарын улуу жалынып-жалбаруу жана кумар дуба кылып, орозо кармап, Эътикааф (орозо кармап сыйынуу үчүн мечитте обочолонуп отуруу) кылуу жана Алла Таалага кайрылуусун жана Алла Тааланын алардын дубаларын кабыл кылуусуна күбө болдум. Бул нерсе ага терең таасирин эткен, ал да ошол аксакалдардын изине жүрүүгө сөз берген.

♦ Сүйүктүү Халифабыз анын мыкты сапаттарына таазим этүүчү анын досторунун жана кесиптештеринин бир топ каттарды окуп берди. Атаул-Мужийб Раашид Сахиб ал жөнүндө жазган, ал кыскача ой-пикирлер жана толугу менен чындыкка ылайык келет. Ал мындай деп жазат: «Ал бийик мүнөздөгү бир инсан болчу. Мен Чыны Сахибдин сапаттары тууралуу ойлонуп жаткан элем, алардын арасында – ал абдан дуба кылуучу инсан болчу жана анын дубалары кабыл болот эле. Ал намаздарды калтырбай, аткарчу жана так болчу. Ал өзүнүн оорусу жана алсыздыгына карабай, ар дайым мечитке барчу. Ал эч кимге зыян келтирбей, өтө такыба жана олуя инсан болчу. Ал ар дайым ар бир адамга жакшылыкты каалоочу жана жакшы акыл-насаатты айтчу. Ал жөнөкөй жана ишенимдүү адам болчу. Ал абдан меймандос жана ар дайым өз конокторуна зор мээримдүүлүктү көрсөтчү. Ал абдан эр жүрөк инсан болчу. Ал өзүнүн алсыздыгына карабай, дин кызматына ар дайым жигердүү болчу. Ал толук аракети, ак ниеттүүлүгү жана шыктануусу менен өз милдеттерин аткарчу. Анын динге кызмат кылууга болгон каалоосу жана берилгендиги абдан айкын болчу. Ал Ахмадия Халифалыгынын ишенимдүү жана чынчыл кызматчысы болгон. Ал ар бир адам менен күлүп жана ачык жүзү менен жолукчу, ошондой эле көптөгөн башка касиеттери да бар болчу». Жогоруда айтылгандардын баары туп-туура.

♦ Алла Таала урматтуу Осман Чыны Сахибдин даражасын көтөрүп турсун, анын аялына кайрат жана сабыр берсин, ошондой эле ага жардамчысы жана коргоочусу болсун. Мындан тышкары, Алла Таала анын балдарын да анын дубаларына жана жакшылыктарына татыктуу кылсын, ошондой эле аларга анын жолун жолдоо мүмкүнчүлүгүн берсин. Намаздан кийин мен анын жаназа намазын алып барам, ИншаАллах [Кудай буюрса].

Share via