Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Чыр-чатактардан сактануу

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

Ал Касас 78

«ваб-та-ги фий-маа аа-та-каллаахуд-даа-рал-аахи-рата ва-лаа тан-са на-сий-ба-ка ми-над-дуня ва ах-син ка-маа ах-са-наллаа-ху илай-ка ва-лаа таб-гил-фа-саа-да фил-ар-зи, инналлаа-ха ла-ю-хиб-бул-муф-си-дийн».

«Жана Алла сага тартуулаган нерселер аркылуу акырет мекенине ээ болууну ойло жана дүйнөдөн дагы бир белгилүү үлүшүңө кош көңүл болбо! Ошондой эле Алла сага жакшылык кылган сыяктуу сен дагы жакшылык кыл жана жерде бузгунчулук кылууну жактырба! Албетте, Алла бузгунчулук кылуучуларды жактырбайт». (28:78)

САЛАВАТ

 

Хадис-саум

«ан Аби Хурайрата (разияллааху анху) анна Расуулаллаахи (саллаллааху алайхи ва саллама) каалас-сия-му жунна-тун фа-лаа яр-фус ва-лаа яж-хал ва ин-ним-ру-ун каа-та-ла-ху ау шаа-та-ма-ху фал-я-кул инний саа-и-мун марра-тайин».

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Орозо – калкан, ошон үчүн орозо кармаган адам бардык уятсыз нерселерден оолак болсун жана ызы-чуу кылбасын, эгер кимдир бирөө аны менен урушса же аны сөксө, (ага) эки жолу: «Мен орозо кармаган адаммын», – деп айтсын». («Сахих ал-Бухарий» Китаабус-Саум, Баабу фазлис-Сауми, 1761-хадис)

Азирети Салман Фарси (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Алла Таала Рамазан орозолорун парыз кылган жана анын түнкү ибадатын «Нафл» деп айткан. Ушул ай сабырдуулуктун айы жана сабырдын сообу – бейиш. Бул адамдарга камкордук кылуучу айы жана бул айда момундардын ырыскысы кеңейтилет». («Мишкаат», Китаабус-Саум, Ал-Фаслус-Саалис)

Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Кимдир бирөө тарабынан бир тууганынын укугунан бир карыш жерди тартып алуусу – бул эң чоң зулумдук. Эгер ал зулумдук менен ошол жердин бир ташын да алган болсо, анда анын астыңкы жердин бардык катмары моюнтурдук болуп, кыямат күнү анын моюнуна асылып коюлат. Ал эми жердин тереңдигин аны жараткан Алладан башка эч ким билбейт». («Муснад Ахмад бин Ханбал» 1-том, 396-бет, Бейрут)

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Согуш эки түрлүү болот: биринде Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн Имамга баш ийилет. Ошондой адам өзүнүн жакшы мал-мүлкүн Алла Таала жолунда сарп кылат жана өзүнүн сапарлаш жолдошу үчүн жеңилдикти жаратат жана бүлүктөн оолак болот. Демек, мына ошондой адамдын уктоосу да, ойгонуусу да, ушунун баары сыйлыкка татыктуу; дагы бир киши мактануу, башкаларга көргөзүү жана өзүнүн эрдик кылган окуяларын айтуу үчүн согушат. Мына ошондой адам Имамга баш ийбестик кылат жана жерде бүлүк салат. Демек, мына ошондой адам жогоруда айтылган адамдай болуп кайтпайт». («Сунан Аби Давуд» Китаабул-Жихад, Бааб фий ман йагзуу ва йалтамисид-дуня)

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Эки коркунучтуу жана (адамды) жок кылуучу ушундай күнөө бар, аларга кабылган адам дүйнөнүн өзүндө жазасын алат, ал эми акыреттеги жаза андан тышкары болот: биринчиси – Ислам динине чыккынчылык кылуу; экинчиси – жакын туугандар менен алакасын үзүп алуу». (Термизий)

Алла Таала бардыгыбызды ар кандай чыр-чатактардан, уруш-жаңжалдардан жана бүлүк-чагымчылыктардан сактасын.

Send this to a friend