Глазгодогу Ахмадия Ахмадия Жамааты тамакка чакырды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Глазгодогу Ахмадия Мусулман Жамааты жаңы жылдык кечки тамакка чакырды

ИсламАхмадия

Шотландия аймагындагы Ахмадия Мусулман Жамааты ар дайым жергиликтүү элге ИсламАхмадиянын кабарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн табууга аракет кылып келет. Ошондуктан, ар кандай программалар уюштурулат. Глазгодогу Ахмадия Мусулман Жамааты көп жылдардан бери жергиликтүү саясатчылар, студенттер, кайрымдуу уюмдардын жана полициянын өкүлдөрү, башка конфессиялардын лидерлери жана кошуна-коӊшулар катышкан жаңы жылдык сый тамакты уюштуруп келет.

Жекшемби күнү, 2023-жылдын 15-январында, саат үчтө Глазго шаарындагы «Байтур-Рахмаан» мечитинде бул кечки тамак уюштурулуп, ага 65тен ашык мусулман эмес туугандар катышты. Социалдык тармактарды колдонуу менен аталган иш-чара 900дөн ашуун шотландиялыктарга жетти. Ал-хамдулиллах! Ал кечки жолугушуудагы программанын темасы «Психикалык ден соолук жана диндин ролу» деп аталды.

Программага эки ай калганда бир комитет түзүлүп, анда Жамааттын ар кандай мүчөлөрүнө саясатчыларды, полицияны жана диний лидерлерди чакыруу, ошондой эле аудио-видео, басма сөз, социалдык тармактар, залды даярдоо жана тамак-ашты уюштуруу ж.б.у.с. милдеттер жүктөлгөн. Бул ишке Жамааттын элүүгө жакын мүчөлөрү катышкан. Аталган программага чакыруулар соцтармактар, электрондук почта аркылуу таратылган. Андан тышкары мечиттин кошуналарына да таркатылып, башка катышуучулар менен байланышып, жаңы жылдык куттуктоо баракчалары да берилди.

Коноктор келип, каттоодон өткөндөн кийин аларга чай, печенье жана суусундуктар берилди. Жамаат мүчөлөрү келген коноктор менен аралашып, Ахмадия Мусулман Жамаатын тааныштыруу жана «Байт-ур-Рахмаан» мечитинин тарыхы ж.б.у.с. темаларда сүйлөшүүлөр болду. Аталган кече Курани Карим окуу жана анын англисче котормосу менен башталды. Кийинчерээк Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын тааныштыруу видеосу көрсөтүлүп, анда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таала би-насрихил азиз)дин тынчтык орнотуу аракеттери тууралуу кыскача маалымат берилип, Шотландия аймагында Ахмадия Мусулман Жамаатынын адамзатка кылган кызматтары да айтылды.

ИсламАхмадия

Төмөнкү спикерлер кыскача сөз сүйлөп, андан ары программанын темасына токтолушту:

Кирстен Освальд айым (Чыгыш Ренфрюшир штатынын депутаты) Ахмадия Мусулман Жамаатын муктаж адамдардын жашоосун өзгөртүүдө маанилүү роль ойногон жергиликтүү элге кылган кызматы үчүн мактады.

Пол Суини мырза (Глазго регионунун депутаты) ар бир саясий платформада психикалык ден соолук маселесинен жабыркагандар үчүн, өзгөчө COVID учурунда сүйлөөгө убада берди.

Колетт МакДиармид айым (Провост кеңсеси, Чыгыш Данбартоншир) шотландиялык коомду жандуу жана бейпил кылууда өз ролубузду ойноо өтө маанилүү, кудум силердин Жамаатыңар кылып жатканындай. Бүгүнкү иш-чарага катыша албаган Чыгыш Данбартонширдин провостусу тарабынан жаңы жылдык жылуу билдирүүсүн айткым келет.

Элайн Вейр айым (Time & Space кайрымдуулугунун негиздөөчүсү) өзүнүн кайрымдуулук уюму ишке ашырып жаткан долбоорлору жана Глазгодогу Ахмадия Мусулман Жамааты менен кызматташууну чыдамсыздык менен күтүп жатканы тууралуу айтып берди.

Урматтуу Хумаюн Жахангир Хан мырза (Глазгодо кызмат өтүп жаткан Ахмадия миссионери) өз сөзүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жарыяланган психикалык ден соолуктун деталдуу аныктамасын түшүндүрүп, Ислам дини да Ыйык Куранда ар кандай психикалык көйгөйдү кандайча чечкенин айтып берди. Ал киши Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)га өтө чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөнүнө карабай, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мечитке барып, сахаабалар менен жолугушуп, түнү болсо да ибадат кылганын, натыйжада ал (саллаллааху алайхи ва саллам) психикалык жактан эч жабыркабаганын да айтты.

Эдинбургдан бул программага катышуу үчүн келген доктор Абдул Хай мырза (аймактык Амир) медициналык адис катары психикалык ден соолук жана анын маселелерине көбүрөөк жарык чачты. Ал киши NHS тарабынан жарыяланган маалыматтын негизинде психикалык ден соолуктун маселелеринин чыныгы сүрөтүн жана натыйжаларын көрсөттү. Ал бүгүнкү инфляция (кымбатчылык) жана ковид эпидемиясынан улам келип чыккан психикалык ахвалдан кантип сактануу керек деп айтты.

ИсламАхмадия

Бир кызыктуу суроо-жооп жыйыны болуп өттү, анда коноктор суроолорун берип, бул программага жана анын темасына кызыккандыктарын билдиришти. Белгилей кетсек, көптөгөн коноктор жана саясатчылар биринчи жолу мечитибизге келген эле, алар Жамаатыбыздын тартиби жана тааныштыруу видеосун көрүп терең таасирленишти. Жамаатыбыздын көптөн берки досу, Шотландия парламентинин мурдагы депутаты Линда Фабиани айым жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, бардык конокторго ыраазычылык билдирди. Глазгодо кызмат кылып жаткан урматтуу миссионерибиз аталган программаны дуба менен жыйынтыктады, андан соң конокторго жаңы жылдык иш-чара менен тамак-аш берилди.

(Репортажды даярдаган: Аршад Махмуд Хан, «Ал-Фазл Интернэшнл» газетасынын корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via