Анан ошол экинчи шартта «кызуу кандуулуктар учурунда ага берилбейт» дегенге да көңүлүбүз бургузулду. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт: «Алла Таала:وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِفُرُوۡجِہِمۡ حٰفِظُوۡنَдеген аятта баяндаган даража руханий дененин төртүнчү даражасы. Тактап айтканда, үчүнчү даражадан өткөн момундар – кызуу кандуулуктар жана тыюу салынган жыныстык сезимдерден өздөрүн сактай тургандар. Бул даражанын үчүнчү даражадан артык экенинин