Пайгамбарларды ар дайым алсыз жана бечара адамдар колдошот • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Пайгамбарларды ар дайым алсыз жана бечара адамдар колдошот

Мырза Гулам Ахмад

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:

«Мен дайындалганымда жана Алла Таала бул Жамаатты ачык-айкын түзгөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айткан кабарларына жана Ыйык Курандын так каалоосуна ылайык жана өз убагында келип чыкканына эч кандай шек-күмөн болгон эмес. Андан тышкары, жасаган билдирүүмдүн чынчылдыгы менен бирге Кудай тарабынан көрсөтүлгөн белги-жышаандар да бар болчу. Ошондуктан, мен алгач бул маселени аалымдар тобуна сунуш кылдым. Себеби, аалымдар алгач муну кабыл алаарын билгем. Бул адамдар динди билгендиктен, эч кандай шылтоолорсуз мени кабыл алышат деп ойлогом. Анткени, менин доом Куранга жана хадиске ылайык келген жана чындыктын муктаждыгы үчүн болгон, ошондой эле алар күтүп турушкан жана жазууларында, кайрылууларында, үгүттөрүндө жана лекцияларында XIV кылымда Убада кылынган Машаяктын келиши анык жана ачык деп айтышчу. Андан тышкары, баяндап жаткан бардык белги-жышаандар дагы мени тастыктоо үчүн ачыкка чыккан болчу. Бирок биздин ошол үмүтүбүз толугу менен туура эмес болуп чыкты. Бул чакырыкка аалымдардан алган жообубуз кандайдыр бир фатва болуп, анда бизди каапыр, ашынган каапыр, адашкан, башкаларды адаштыруучу, Ислам чөйрөсүнөн чыккан, еврейлер жана христиандардан да жаман дешти. Андан тышкары, бул адамдар мүрзөлөрүӊөргө коюлбасын, алардын жаназасы окулбасын, алар менен жолугушпагыла, алар менен кол алышып көрүшпөгүлө деп да жазышкан. А түгүл алар менен мамилелешкен адам ошолордун катарына кошулуп калат дегенге чейин айтылган.

Анан алардан жогорудагы жоопту алганыбыздан кийин, биз билимдүү жана окуган адамдар адатта бейкалыс пикирден жана фанатизмден алыс болушат деп ойлогонбуз. Ошондуктан, биз дагы бир жолу жаңы билим алган топко өз чакыруубузду сунуштадык, бирок алардын көпчүлүгүн «эркин» экенин таптык жана көпчүлүгүнүн өзүлөрү Исламды өзгөртүүнү каалашкандыгын байкадык. Алардын пикиринде, Исламдын окуусу – бул караӊылык жана жапайы доордун окуусу, эми ал керек болбой калды. Эми андан арылып, убакыттын талабына жараша ага өзгөрүүлөрдү киргизип алуубуз керек. Ошентип, ушул тайпанын адамдарынан да үмүтсүз калганбыз. Иллаа МаашааАллах[1].

Андан кийин бай-манаптар тобуна, аларга дүйнөдөн үлүш берилген болот жана алар жөнөкөй мусулман болушат деп чакыруубузду жибергенбиз. Ошентип, алардын бири Сиддик Хасан Хан биздин китебибизди айрып жиберип, кайтарып берген жана ошентип өзүнүн жүрөгүнүн таш боордугун көрсөткөн. Алардан кийин, биз бул бакыт ар дайым алсыздардын эле бөлүгү экендигин түшүндүк. Демек, биздин бул идеябыз бүтүндөй туура болуп чыкты жана илгерки Сүннөткө ылайык, молдочулук текебердиги да, байлык текебердиги да жок, ал эми жөнөкөй жана таза жан болгон алсыздардын көпчүлүгү бизге кошулушту. Алар гана Алла Таалага жакын болушат. Ошентип, азыр ошол эле топтогу миллиондогон адамдар биз менен бирге». (Малфузаат, 10-том, 304-305-бет, 1984-жылда басылган нуска)

**************

[1] Алла Таала каалагандар буга кирбейт.

Share via