Ыйык Куран тууралуу ой жүгүрткүлө • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ыйык Куран тууралуу ой жүгүрткүлө

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Ыйык Куран тууралуу ой жүгүрткүлө. Ал жерде бардыгы бар. Жакшылыктар менен жамандыктар кеӊири баяндалган, ошондой эле келечек жөнүндөгү жаңылыктар ж.б. да бар. Жакшылап билип алгыла, ал (Куран) эч сын-пикир билдирилиши мүмкүн эмес динди сунуш кылат, анткени анын улам жаңы берекелери жана жемиштери насип этилип турат. Инжилде дин толук сүрөттөлгөн эмес. Анын таалими ошол мезгилдин шарттарына ылайык болушу мүмкүн, бирок ал ар дайым жана ар бир кырдаалга ылайык келе бербейт. Бул Ыйык Курандын гана сыймыгы, Аллах Таала анда ар бир оорунун дабасын айтып берген жана (адамдын) бардык күчтөрүн тарбиялаган. Кеп кылган жамандыкты жок кылуунун жолун да айтып берген. Андыктан, Ыйык Куранды окуп жана дуба сурап тургула. Жүрүм-турумуңарды анын окууларына баш ийдирүүгө аракет кылгыла». (Малфузаат, 5-том, 102-бет, жаӊы басылышы)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Ыйык Куранга ой жүгүртүү жөнүндө дагы мындай дейт:

«Ыйык Куранды ой жүгүртүү жана кылдаттык менен окуу керек. Хадисте мындай деп айтылат: رُبَّ قَارٍ یَلْعَنُہُ الْقُرْاٰنُБашкача айтканда, Ыйык Куранды окугандардын арасында Ыйык Курандын каргышына калгандар арбын. Ким Куранды окуп, аны аткарбаса, Куран ага наалат айтат. Ыйык Курандын мээримдүүлүк жөнүндөгү аятын окуп жатканда, Аллах Тааладан мээримдүүлүгүн тилөө керек. Ал эми кайсы жерде кандайдыр бир коомго жиберилген азап тууралуу айтылган болсо, анда ал жерде Аллах Тааланын азабынан сактануу үчүн Аллах Тааладан баш паанасын суроо керек. (Куранды) ой жүгүртүү жана кылдаттык менен окуп, аны аткаруу керек». (Малфузаат, 5-том, 157-бет, жаӊы басылышы)

Ибадаттын тамыры – бул Кудайдын Сөзүн окуу

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Ибадаттын тамыры – бул Кудайдын Сөзүн окуу. Анткени, эгер сүйүктүүнүн сөзү окулса же угулса, ал албетте чыныгы сүйгөндүн сүйүүсүн күчөтүп, катуу сүйүүнү жаратат». («Сарма Чашмэ Арья», «Руханий Хазаайын, 2-том, 283-бет)

Share via