Ахмадий мусулмандар жасаган финансылык курмандыктарынын үлгүлөрү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадий мусулмандар жасаган финансылык курмандыктарынын үлгүлөрү

Мечит Ислам дин ыйман курмандык Пайгамбар

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган Ахмадий мусулмандар Вакф-э-Жадид боюнча жасаган финансылык курмандыктарынан турган ыйманды күчтөндүрүүчү окуяларынын баяны

2020-жылдын 3январында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Вакф-э-Жадид[1]дин 63-жылынын башталгандыгы жарыяланды

2020-жылдын 3-январь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Махмуд Вардий мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн атактуу «Ислам окууларынын философиясы» аттуу китебинде Алла Таала менен жолуктура турган сегиз ыкманы айтып берген, алар адамдын жаралышынын максатын да аткаруучу жол-жоболор болуп саналат. Ал ыкмалардын бешинчисин Алла Таала «Мужаахада» деп атаган. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Тагыраак айтканда, өз мал-мүлкүн Алла Таала жолунда сарптоо аркылуу, өз жөндөмдөрүн Алла Таала жолунда сарптоо аркылуу, өз жандарын Алла Таала жолунда сарптоо аркылуу  жана өзүнүн акыл-парасатын Алла Таала жолунда сарптоо аркылуу Аны издөө керек». Алла Тааланын сүйүүсүнө жетишүү ыкмасын айтып, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Бир эле убакытта мал-мүлктү сүйүүӊөр да, Алла Тааланы сүйүүӊөр да эч мүмкүн эмес, бирөөсүн гана сүйүүӊөр мүмкүн. Демек, Алла Тааланы сүйө турган адам бактылуу. Алла Таалага өз мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн таштай турган адам Аны сөзсүз табат». Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Жамаатыбыздын ар бир мүчөсү мен мынча акчаны Чанда катары берем деп сөз берүүсү керек. Алла Таала үчүн сөз бере турган адамдын ырыскысына Алла Таала береке берет».

Хузур-э-Анвар Алла Тааланын берешендиги менен Жамаатыбызда миллиондогон ушундай ыкластуулар бар: аларга Чанданын маанилүүлүгү түшүндүрүлгөндө, алар Алла Тааланын сүйүүсүнө татыктуу болуу үчүн финансылык курмандыгы боюнча алгалоого аракет кылышат деди. Мына ошондон улам менен бир канча жылдардан бери жаӊыдан Жамаатыбызга кошула тургандарды финансылык системага сөзсүз катыштыруу керек деп Жамаат системасынын көӊүлүн бул жакка буругузуп келе жатам. Кээ бир жерлерде колунда бар адамдар жакыр туугандары тарабынан да Чанда төлөп коюушат, бул да жаман эмес, бул да бир түрдүү жакшылык. Бирок алар өздөрү да катышуулары керек. Мал-мүлк топтоо гана түпкү максат эмес, тескерисинче Алла Тааланын сүйүүсүнө жетишүү үчүн, Анын дини үчүн курмандык кылуу – бул түпкү максат. Финансылык курмандыктар жөнүндөгү эсептөө-отчёттордон өзгөчө байкалган нерсе: көбүрөөк жакыр адамдар жасаган курмандыгы тууралуу сөз болгон болот. Кээ бир адамдар жасаган курмандыктарын көрүп, айран-таӊ каласыӊ. Бирок эгерде мал-мүлкү мол болсо, байлык-дөөлөтү чексиз болсо, ошондо андан бир аз Алла жолунда берилсе да, бул кандайдыр бир өзгөчөлүк эмес. Бирок оор ахвалда жана жакырчылыгына карабай, Алла Тааланын дини үчүн курмандык кылуу – бул чыныгы курмадык болот.

Хузур-э-Анвар Азирети Мунший Зафар Ахмад (разияллааху анху) жасаган бир финансылык курмандыгы жөнүндөгү белгилүү окуяны айтып берди. Анда ал (разияллааху анху) Капур Тхала Жамаатынын мүчөлөрүнө айтпай, өзү эле финансылык курмандыкты кылып койгон. Кийинчерээк бул жөнүндө уккан соӊ башка Жамаат мүчөлөрү финансылык курмандыктан куру калгандыгы үчүн ага таарынып кетишкен. Хузур-э-Анвар Алла Таала Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ушундай адамдарды тартуулаган: алар Алла Тааланын сүйүүсүнө жетишүү үчүн ар түрдүү курмандык үчүн даяр турушчу. Бүгүн Вакф-э-Жадиддин жаӊы жылы жарыяланат, ошон үчүн Вакф-э-Жадиддин атынан финансылык курмандыктын кээ бир мисалдарын ортого салам деди.

Гамбиялык бир Нау-Мубайъ жүгөрү жана жаӊгакты экчү. Өткөн бир нече жылдан бери эч бир эгин өспөй жаткан эле. Ал киши жаӊгактын үрөндөрүн сатып, Вакф-э-Жадид чандасын төлөгөн. Ал финансылык курмандыгынын натыйжасында Алла Таала ага ушунчалык береке берген: ал былтыркыга салыштырмалуу үч эсе көп пайда көргөн.

Камерун Республикасынан бир Нау-Мубайъ Вакф-э-Жадид үчүн эки челек жүгөрү чанда берген. Анын өзүнүн айдоо жери жакшы жер болгон эмес, андан тышкары финансылык оорчулугунун айынан өкмөттөн көмөк алуу үчүн налогун да төлөй алган эмес. Бирок ал жасаган курмандыгы жана сураган дубалары себебинен өкмөт анын эгин талаалары үчүн суу соргуч машинасы жана беш жүз миӊ франкты өзүнөн өзү берип койгон. Натыйжада, ал өзүнүн Вакф-э-Жадид чандасын эки эсе көбөйтүп төлөгөн.

Индонезияда бир үй-бүлөө алыскы бир аралда жөнөкөй жашоо менен жашашат. Алар чанданын суммасын бөлүп, бир кутучага салып коюшат. Кайсы бир миссионер иш сапары менен аларга барганда, алар ошол сумманы сунуш кылышат.

Индонезиядагы эле бир тууганыбыз беш жүз индонезиялык рупий Вакф-э-Жадид чандасына төлөгөн. Бир аз күндөрдөн кийин ал киши бир миллион беш жүз миӊ рупийге бир аянтты сатып алган, анан ал аянт эки-үч эле жуманын ичинде элүү миллион индонезиялык рупийге сатылып кеткен. Ал киши Вакф-э-Жадид чандасынын берекеси менен гана мен аз эле убакыттын ичинде отуз беш миллион рупий пайда көрдүм деген ишенимде.

Хузур-э-Анвар Гамбия менен Хетты сыяктуу ар кайсы жакта жайгашкан өлкөлөрдөн финансылык курмандыктары боюнча мисалдарды сунуштап, бул ар кайсы жерлерде болгон окуялар, кээ бири Африкада болгон, кээ бири Америкада, кээ бири Европада, бирөөсү түндүктө, бирөөсү түштүктө, алардын ортосунда алака-байланыш да жок, бирок аларда болгон окуялар өз ара окшойт деди.

Гина Каридеги Абу Бакр аттуу бир Ахмадий мусулмандын буту бир аварияда сынып кеткен болчу. Ага операция жасатуу үчүн ал киши бир аз убакыттан бери акча топтоп жаткан эле. Вакф-э-Жадид чандасы деген финансылык курмандыкка анын көӊүлун бургузганда, ал киши Алла Таалага тобокел кылып, операцияга деген акчанын баарын чандага берип салган. Ал окуяга эки күн өтпөй, ага операциясына кете турган бардык чыгымдарды өкмөт төлөйт деген кат ага келген.

Индияга караштуу Бенгалдын Пир Бхум районунда бир Ахмадий бир тууганыбыздын азык-түлүк дүкөнү бар. Анын ыкмасы мындай: ал эртеӊ менен дүкөндү ачаары менен чандасын берүү максатында жүз рупийди бир кутучага салып коёт. Бир күнү анын дүкөнүнө клиенттер өтө эле аз келишкен. Эртеси күнү ал киши Алла Таала менен соодалашыш керек деп, жүз рупийдин ордуна үч жүз рупий кутучага салып койгон. Ал күнү анын дүкөнүнө сегиз кардар келишкен. Ал киши оптом товарды сатат жана мешокторду көтөртүүгө убакыт кетет. Кардарга соода берип, кеч болуп кеткендиги себептүү башка бир кардарга эртеӊ келип товар алып кетиӊиз деп айтууга аргасыз болгон.

Гине Бисау өлкөсүндөгү бир карыган байбиче Маскуна айымдын акча баштыгы жолдо түшүп калган жана аябай издегендигине карабай, аны таппай калган. Ал киши өз кызынан карыз алып, Вакф-э-Жадид чандасын төлөгөн. Ал киши мындай деп айтат: анан бир нече метр жол жүргөндөн кийин ошол акча жалтырак баштыкта оролгон бойдон жол ортосунан табылып калган. Ал аябай сүйүнүп калды жана эртеси күнү келип, берген убадасына жараша чанда төлөгөн жана адамдарга Вакф-э-Жадиддин берекеси менен Алла Таала жоголгон акчамды мага кайтарды деп айткан.

Хузур-э-Анвар Танзания, Буркина-Фасо, Кот-д’Ивуар, Индия, Либерия ж.б. өлкөлөрдөгү финансылык курмандык жөнүндөгү бир топ окуяларды сунуш кылгандан кийин Вакф-э-Жадиддин 63-жылы башталгандыгын жарыялады. 31-декабарь күнү бүткөн жылда, Вакф-э-Жадиддин 62-жылында Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамааты 9,643,000 фунтка финансылык курмандык кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, былтыркыга караганда, 500,000 фунт ашыгыраак.

Чандасын төлөө жагынан жер жүзүндөгү жамааттарыбыздын арасында быйыл Британия биринчи орунда. Пакистан экинчи орунда, анан Германия, Америка, Канада, Индия, Австралия, Индонезия, анан Орто Чыгыштагы эки Жамаатыбыз турат.

Жергиликтүү акча бирдиги боюнча былтыркыга караганда, көбүрөөк чанда бергендердин арасында Индонезия биринчи орунда.

Африка өлкөлөрүндө жалпы чанда төлөө жагынан Гана биринчи орунда турат.

Вакф-э-Жадид чандасына катышкан 89,000 миӊ жаӊы адамдарды кошкондо, курмандык кылгандардын саны 1,821,000 болуп калды. Жаӊы адамдарды кошуу боюнча Камерун биринчи орунда турат.

Хузур-э-Анвар мээримдүүлүк менен Британия, Пакистан, Германия, Америка, Канада, Индия жана Австралияда көрүнүктүү курмандык жасаган Жамааттардан да сөз кылды.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Пакистандын оор финансылык жана саясий ахвалы, Индия менен күчөп бара жаткан чыр-чатагы, Индиянын ички кырдаалы жана Орто Чыгышта тездик менен курчуп бара жаткан кырдаалынын негизинде Жамаат мүчөлөрүн дуба кылууга чакырды. Хузур-э-Анвар жаӊы жыл башталгандыгы тууралуу сөз кылып, жаӊы жыл башталды, биз бири-бирибизди куттуктап жатабыз, бирок караӊгылыктар тереӊдеп кетүүдө. Ошондуктан, бул жаӊы жылдын куттуу болушу үчүн биз Алла Таалага мындай деп дуба кылуубуз керек деди: Алла Таала ушул жылды ушундай куттуу кылсын: дүйнөдөгү бийликтер өздөрүнүн үстөмдүгүн көрсөтүү үчүн дүйнөнү кыйроолорго алып барбай, тескерисинче дүйнөдө тынчтык жана адилеттүүлүктү тургузсун. Мусулман өлкөлөрү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кулу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га байланышып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туусун дүйнөдө желбиретүүдө жардамчы болсун. Алла Таала бизге дагы мурдагысынан да көбүрөөк Учурлук Имамды кабыл кылгандыгыбызды актоого күч-кубат берсин.

Жаӊы жылдын чыныгы куттуктоосу бизге жүктөп жаткан жоопкерчиликти ар бир улуу-кичүү, эркек-аял, ар бир Ахмадий мусулман сезүүсү керек жана аны ишке ашыруу үчүн өзүнүн бардык иш-аракеттерин жана жөндөмдөрүн ишке салуусу керек. Биз өз дубаларыбызда жана Алла Таала менен болгон алака-байланышыбызда кандайдыр бир өзгөчө ахвалды жаратууга аракет кылуубуз керек. Ошондо гана биз ушул жылдын чыныгы берекелерине жетишкен болобуз. Алла Таала бул үчүн бизге күч-кубат берсин. Аамийн

٭…٭…٭

[1] «Вакф» арноо жана «Жадид» жаңы дегенди билдирет. Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү тарабынан Алла жолунда төлөнүлө турган Чандалардын бири «Вакф-э-Жадид» Чандасы деп аталат.

Share via