Жогорудагы хадистен белгилүү болгондой, путтар, сүрөттөр жана айга сыйынып туруп, ачык Ширк[1] кылбаса да, кожо көрсүндүк жана напсинин каалоолорун ээрчүү да Ширк эсептелет. Эгер көз каранды киши өзүнүн кожосуна баш ийүүдөн көрө, ага кошамат кылган бойдон аны ээрчип жүрсө жана өз ырыскысын ага байланыштырса, анда бул да Ширктин бир түрү. Эгер кимдир бирөө: «Менин ушунчалык