Ырыскы жана тынчтыкка жетишүү дубалары

Азирети Ибраахийм (алайхиссалаам) Каабаны курган убакытта шаардын тынчтык шаар болуусу, анын тургундарына ырыскы берилүү жана алардын балдарынын Ширктен сактанып, буттарга сыйынуудан сактануулары үчүн сураган дубалардын баары кабыл болгон. («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суютий» 4-том, 86-бет)

Раббижъал хаазаа баладан ааминан варзук ахлахуу минас-самараати ман аамана минхум биллаахи вал-йаумил-аахир. (2:127)
Котормосу: «Эй, Раббим! Муну тынч жана тынчтык бере турган шаар кылгын, ошондой эле анда жашоочу адамдарга алардын арасынан Алла жана акырет күнүнө ыйман келтиргендерге түрдүү мөмөлөрдөн ырыскы бергин». («Ал-Бакара» сүрөөсү:127)