Куран анттарынын философиясы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Куран анттарынын философиясы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Мен Ариялар менен христиандардын эмнеге Куранда анттар ичилген деген сын-пикирди билдирип жатканын көрдүм. Анан ага өз тарабынан түшүндүрмө кошуп, аны кызыктай ыкмаларда сын-пикирлерин сунуш кылышат. Бирок, кичинекей жакшы ниет жана түшүнүк менен иш алып көрсөӊөр, мындай сын-пикир курулай жана пайдасыз сезилет. Анткени, анттарга байланыштуу, ант берүүнүн чыныгы мааниси жана максаты эмне экендигин билүү керек. Анын философиясына кылдат ой жүгүртүлсө, бул суроо автоматтык түрдө чечилет жана көп кыйынчылыгы жок эле түшүнүүгө болот. Адатта, анттын мааниси, ант күбөнүн орунбасары катары кабыл алынышы экени белгилүү. Сот күбөнүн күбөлүгүнө чечим чыгарганда, ал калптын үстүнөн чечим чыгарабы деген сөз эмеспи? Же ант берген адамдын антын кандайдыр бир чынчыл күбө деп эсептейби? Бул күнүмдүк нерсе.

Билимсиздик же бейкалыстык менен сын пикир билдирүү бир башкача, ал эми чындыкка карап бир нерсе айтуу таптакыр башка нерсе.

Эми, анттын күбө катары экендиги жалпы адатка айлангандан кийин ошол эле принцип боюнча Курандын анттарына көз чаптыруу канчалык түз кеп. Ал жерде ал эмнени билдирет?

Алла Таала кайда гана ант бербесе, Ал көз менен көрүнбөгөн руханий маселелерди далилдөө үчүн көрүнөө нерселерди күбө катары келтирет. Мисалы, Ал мындай деп айткан:وَ السَّمَآءِ ذَاتِ الرَّجۡعِ وَ الۡاَرۡضِ ذَاتِ الصَّدۡعِاِنَّہٗ لَقَوۡلٌ فَصۡلٌНөшөрлөнгөн жамгырдуу асманга касам! Жана чөп өстүрүүчү жерге да (касам!) Албетте, ал (Куран) чын эле бир чечкиндүү Сөз. (86:12-14)

Эми бул дагы анттын эле бир орду. Курандагы чындыктарды билбеген жана сабатсыз бирөө өзүнүн сабатсыздыгы менен: «Карагылачы, асманга же жерге ант берген экен», – деген сын-пикирди айтат, бирок ал ошол анттын астында кандайча тереӊ илим-билим болгонун билбейт.

Чындыгында, Алла Таала вахий-аяндын далилдери жана Ыйык Курандын чынчылдыгы күбөлүгүн келтирүүнү каалайт жана аны ушундайча сунуштаган.

Эми мындай антка сын-пикир билдирүү таза эмес жаратылыштын же жаман мүнөздүн ээсинен башка адамдын иши эмес. Себеби, анда улуу салтанаттуу чындык бар. Жаратылыштын Ыйык Жазмасынын жалпы күбөлөндүрүүсү аркылуу Алла Таала Кудайдын сөздүн жана вахий-аяндын түшүү чындыгын ачып берүүнү каалайт. «Самаа» сөзү булут дегенди да билдирет, андан жамгыр жаайт. Асман менен жер эркектер менен аялдардай мамиледе. Жерде дагы кудуктар болот, бирок жер дагы эле асмандагы сууга муктаж болуп турат. Асмандан жамгыр болмоюнча, жер өлүк деп эсептелет жана анын жашоосу асмандан келген сууга көз каранды болот. Ошондуктан мындай деп айтат:اِعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ یُحۡیِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَاБилгиле, Алла жерди анын өлүмүнөн кийин албетте, тирилтет. (57:18)

Кечке жуук асмандан жамгыр жаабаса, кудуктардагы суу да соолуп башталары байкалган. Ал убактагы бир күндөрү суу төмөндөп баратканы байкалган. Бирок жамгыр күндөрү болуп, жамгыр жаай баштаганда, кудуктардын суусу да кайнап, жогорулай баштайт, анткени жогорудагы сууда тартылуу күчү болот. Эми брахмандар асмандагы суу токтоп калса, анда бардык кудуктар куурап калат деп ойлошпойбу? Кудум ушундай Кудай Таалам ар бир адамга жүрөк жарыгын тартуулаган жана анын мээсинде акылды жараткан деп ишенебиз. Аны менен ал жакшы менен жаманды айырмалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок эгер пайгамбарлыктын жарыгы асмандан түшпөсө жана бул чынжыр үзүлүп кетсе, анда мээ акылдарынын чынжыры уланбай, жүрөктүн жарыгы караңгылатылып, ал такыр иштей албай калат. Анткени бул система ошол пайгамбарлыктын нурунан эле жарык алат. Жаан жааганда, жер бетиндеги отоо чөптөр өнүп, ар бир үрөн өсө баштайт. Ошол сыяктуу эле, пайгамбарлык нурунун түшүшү менен мээ менен ой акылдарында бир тазалык жана акыл-парасат нурларында бир жарык пайда болот. Туура, ал адамдардын деӊгээлдерине жараша болот жана ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша пайда табат. Ал муну түшүнсө дагы, же түшүнбөсө дагы, мунун баары ошол пайгамбарлык нурунун аркасынан эле болот.

Вахийаяндын түшүүсүнүн зарылдыгынын далили

Бул түрдөгү антта вахий-аяндын зарылдыгы жалпы байкоо менен далилденген. Мисалы, асмандан жамгыр жаабагандыктан, жер өлүп, кудуктардын суусу соолуп калат. Вахий-аяндын түшүүсүнүн мыйзамы дагы дал ошол.

«Ражъун» деп сууну айтышат. Суу жерде дагы болсо да, асман «заатир-ражъи» деп аталат. Анда чыныгы суу асман суусу деген философия бар. (Малфузаат, 4-том, 440-443-бет)

Share via