Балээ-кырсыктан кутулуу дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Балээ-кырсыктан кутулуу дубасы

Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Азирети Юнус (алайхиссалаам) балыктын карынында сураган дубаны кайсы бир мусулман сураса, ал кабыл болот». Рабаяттар боюнча ушул дубадан кийинکَذٰلِکَ نُــۨۡجِی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ КАЗААЛИКА НУНЖИЛ-МУ’МИНИЙН

(Биз ыйман келтирүүчүлөрдү мына ушундай куткарабыз) деген убада кезигет. Тактап айтканда, өзүнүн кылган зулумдугун моюнуна алып, дуба сураган ар бир момундун дубасы кабыл болот. («Тафсир-э-Куртабий», 11-бөлүк, 334-бет) لَّاۤ اِلٰہَ اِلَّاۤ اَنۡتَ سُبۡحٰنَکَ ٭ۖ اِنِّیۡ کُنۡتُ مِنَ الظّٰلِمِیۡنَОКУЛУШУ: ЛАА ИЛААХА ИЛЛАА АНТА СУБХААНАКА ИННИЙ КУНТУ МИНАЗ-ЗААЛИМИЙН. (АЛ-АНБИЯ 21:88)

Котормосу: «Сенден башка эч бир кудай жок. Сен – тазасың! Чынында, мен өзүм гана заалимдерден элем». (21:88)

Share via