Орунсуз суроо берүүдөн сактануу үчүн кечирим жана рахмат дубасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орунсуз суроо берүүдөн сактануу үчүн кечирим жана рахмат дубасы

Маалымат жоктугунан суроо берүүдөн сактануу үчүн кечирим жана рахмат дубасы

Нух (алайхиссалам)дын топону келген учурда Азирети Нух (алайхиссалам)дын уулу да чөгө баштаганда, Азирети Нух (алайхиссалам) өзүнүн каапыр уулу үчүн дуба сураган. Ага: «Ал өзүнүн жаман кылыктарынын айынан Нух тукумунан чыгып кеткен» – деген эскертме жасалган. Ошондо, Азирети Нух (алайхиссалам) жалынып-жалбарып мындай деп дуба сураган, натыйжада Алла Таала тарабынан тынчтык жана кут-берекелер куш кабары берилген. (Худ 11: 45-49)

Рабби инний аъузубика ан-ас'алака маа лайса лий бихий илмун ва иллаа тагфирлий ва тархамний акум-минал хаасирийн. (Худ 12:48)

Рабби инний аъузубика ан-ас’алака маа лайса лий бихий илмун ва иллаа тагфирлий ва тархамний акум-минал хаасирийн. (Худ 11:48)

Котормосу: «Эй, Раббим! Мен билбеген нерселерди Сенден суроодон паанаңды издейм. Эгер Сен мени кечирбесең жана мага ырайым кылбасаң, мен албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп калам».

Share via