Рахмат жана кечирим суроо дубасы
Азирети Адам(ас) унутуп, Алла таала тыюу салган бак-дарактан жеп алган. Алла таала ага айрым сөздөрдү үйрөтүп, ага Өз мээримин төктү. («Ал-Бакара» сүрөөсү: 38; «Ад-Дуррул-Мансур» 3-том, 75-бет)
Котормосу: «Эй, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык, эгер Сен бизди кечирбесең жана бизге ырайым кылбасаң, биз албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз». (7:24)