Кемчиликтердин жана күнөөлөрдүн кечирилүүсү үчүн дуба

Өзүнүн кемчиликтеринин жана күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана туруктуу болуу дубасы
Алла Таала пайгамбарларга ыйман келтирип, анан алар менен бирге болуп, душмандарга каршы сагушкан жана жалкоолонбогон кудайчыл пенделерди мактайт. Курани Каримде алар сураган дубасынан кеп кылынган. Натыйжада, Алла Таала аларга дүйнө жана акырет сыйлыктарын тартуулаган.

Раббанагфирланаа зунуубанаа ва исраафанаа фий амринаа ва саббит акдааманаа вансурнаа алал-каумил-каафирийн. («Аали Имраан» сүрөөсү: 148)
Котормосу: «Эй, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү жана Өзүң жөнүндө болгон мыйзамсыздыктарыбызды кечиргин, ошондой эле кадамдарыбызды бекем кылгын жана каапыр коомуна каршы бизге жардам бергин!»