Күнөөлөрдүн кечирилүүсү жана Алла тааланын азабынан сактануу дубасы

Бул дуба Алла тааладан кечирим суроо темасын камтыйт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) мындай деп айткан: «Алла таала кандайдыр бир коомго азап түшүрмөкчү болгондо, ал коомдун ичиндеги Тахажжуд окугандарга жана Истигфаар кылуучуларга мээримдүүлүк кылат. Анан алар себептүү ошол азапты кечиктирип жиберет. («Тафсир-э-Куртабий» 4-бөлүк, 39-бет)

Раббанаа иннанаа аааманнаа фагфирланаа зунуубанаа вакинаа азаабаннаар. («Аали Имраан» сүрөөсү: 17)
Котормосу: Эй, Раббибиз! Албетте, биз ыйман келтирдик. Ошондуктан, күнөөлөрүбүздү кечиргин жана бизди от азабынан сактагын!»