Китептин кыскача маани-мазмуну
Мусулмандарга белгилүү болгондой, Куран Каримден таалим берүү жана аны үйрөнүү адамды изгиликке жетелеп, багыт берүүчү улук иш. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллооху алайхи ва саллам:
خَيْرُكُمْ مَنْ تَعَلَّمَ القُرْآنَ وَعَلَّمَهُ
Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөн адам араӊардагы эӊ жакшыӊар, – деген.
Колуӊуздардагы Йассарнал Куран китепчеси кыргыз тилине биринчи ирет которулуп жарыкка чыгып отурат. Сиздерге жеӊил болсун үчүн китепчедеги арабча тексттер өзгөртүүсүз берилди. Окуучу ушул башталгыч сабактардан арабча текстти жана Куранды туура үйрөнүүгө багыт алат. Тажрыйба көрсөткөндөй, жаӊы үйрөнчүк мейли ал кичине бала болсун, алты ай ичинде Куранды окуй башташына ишенич бар.
Эсиӊиздерге салуучу нерсе, Йассарнал Куран китепчесинин төмөнкүдөй айрым өзгөчөлүктөрү бар:
- Йассарнал Куран китепчеси Куран Каримди окутуунун тереӊ устаты Азирети Пийр Манзур Мухаммад тарабынан жазылгандыгы;
- Биринчи жолу 1904-жылы жарык көргөндүгү;
- Ушул китепче Куран Каримдин арабча текстин өздөштүрүүдө бардык жаштагы үйрөнчүктөргө ьӊгайлуу экендиги;
- Сабак өтүүгө көнүгүүлөр кенен берилип, Куранды туура жана так окууга чоӊ жардам бергендиги;
- 40 сабакты өз ичине камтыгандыгы;
- Жаӊы үйрөнчүктөр аларды алты ай ичинде толук өздөштүрүп алышы мүмкүндүгү;
- Сабактардын жөнөкөй, ирээти менен берилгендиги;
- Өз алдынча үйрөнүү жеӊил эместиги;
- Ошондуктан сабактагы көрсөтмөлөр окутуучунун жетеги менен жүргүзүлгөндүгү.
Бирок улуу жаштагы жаӊы үйрөнчүккө башында мугалим бир аз көмөк берсе, өздөрү окууну уланта алат. Ошондуктан, аларга эскертүүлөр менен бирге туура окуп, үйрөнүүсү үчүн мисалдар да берилди.
Ылайым, Алла Таала баардык үйрөнчүктөргө ушул китепче аркылуу Куран Каримди тереӊ үйрөнүү үчүн жардам берсин. (Омийин)