Жалса Саланага келген коноктордун пикирлери жана алган таасирлери
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жалса Саланага келген коноктордун пикирлери жана алган таасирлери

Англия Ахмадия Ислам Ыйман Дин

Жалса Саланага келген коноктордун билдирген ой-пикирлери, сезимдери жана алган таасирлеринин ыймандарды күчтөндүрүүчү эскерүүлөрү

2019-жылдын 9-август күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевиденясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу (Англиядагы Бенгал Бөлүмүнүн төрагасы) Урматтуу Феруз Аалым мырзага насип этти.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) өткөн жекшемби күнү Алла Тааланын берешендиги менен Англиянын үч күндүк Жалса Салана[1]сы аягына чыкты деди. Ушул Жалсалар аркылуу биз Алла Тааланын чексиз берекелери жана берешендиктерине жетишебиз. Жалсанын айлана-чөйрөсү Жамаат мүчөлөрүнө жана катышкан Ахмадий эместерге көрсөткөн таасири сыяктуу нерселерди мен Жалсадан кийинки жума кутбасында айтып берем.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) абдан мээримдүүлүк менен бардык кызмат көрсөткөн эркек жана аял кызматчыларга ыраазычылык билдирип, берилген муъаавиндер (көмөкчүлөр) Борбордук кеңселер жана МТАда иштеп келе жаткан кызматчылар жана акысыз кызмат кылган ыктыярдуу кызматчылардын жасаган аракеттерине зор баа берди. Андан кийин кээ бир адамдардын алган таасирлерин айтып берди.

Бениндеги мусулман коомчулуктун төрагасынын орун басары Мале Ху мырза Жалсага катышкан, ал мындай деп айтты: мен жыйырмадан көбүрөөк жолу ажылык зыяратка бардым, бирок Ахмадия Жамаатынын Жалсасындагы уюштуруучулуктардан жакшыраак уюштуруучулуктарды эч жерде байкаган жокмун. Ал киши Жалсанын айлана-чөйрөсү, түнөө жайы жана кызмат көрсөткөн кызматчылардын шыктуулугун мактап чыкты. Учурлук Халифа[2] жасаган кайрылуулары тууралуу алар аркылуу бизге Ислам дининин туура кабары жетти деди.

Буркина Фасонун ички жана диний иштер министири Симеон Савадого мырза мындай деди: Жалсага катышып, көптөгөн суроолорум чечилип калды. Жалсанын ыйык жана таза айлана-чөйрөсү руханий жактан мага аябай чоң жардам берди. Жалсада кызмат көрсөткөн кызматчылар жөнүндө сөз кылып, акысыз кызмат кыла турган ыктыярдуу кызматкерлер ажаатканаларды тазалап жүргөн, идиштерди жууп жаткан, жаш балдар суу ичирип жаткан, ушулардын баары курмандык кылуу сезимисиз болушу мүмкүн эмес деди. Ал киши «Фазл» мечитин көрүп, ал эң алгачкы мечиттин жөнөкөйлүгү, көркөмдүгү жана кооздугунан катуу таасирленди.

Буркина Фасонун парламентинин дагы бир депутаты Саюба Ураго (Sayouba Quedraogo) мырза Жалсанын күчтүү уюштурулган жана активдүү айлана-чөйрөсүн жактырган жана мен бүгүнкү күндө Ахмадия Жамааты аркылуу Ислам дини жайылып жатат деп ойлойм деди.

Грекциядагы яхудийлердин башкы имамы Гебрейл Негрин (Gabriel Negrin) мырза бул Эл аралык Жалсага катышуу мүмкүнчүлүгүн берген үчүн мен Алла Таалага ыраазычылык билдирем деди. Ал киши Жалсанын ар бир жагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Сүйүү Баарына, Жек көрүү Эч кимге» деген түпкү максатын чагылдырат деди. Жалсанын уюштурулуулары тууралуу ал киши мындай деди: мен үчүн менин муктаждыгыма жараша тамак даярдалган, менин ибадатым үчүн өзгөчө шарттар түзүлгөн, бул кандайдыр бир оңой иш эмес. Бирок мени коноктогондор ушулардын баарын мен үчүн кылышты.

Жапандан келип катышкан Будда дининин сыйынуу үйүнүн төрагасы Yoshida Nichiko мырза мындай деди: Жалсанын айлана-чөйрөсүн көрүп, адамдын жүрөгү чыныгы ыракатты табат. Тамак-аштан тартып, жасалган кайрылууларга чейин бардык программалар мыкты уюштурулган болчу. Учурлук Халифанын кайрылуулары тууралуу дүйнө учурда ушул эле кабарга муктаж болуп отурат, тагыраак айтканда диндин эң мыкты адеп-ахлак таалиминин жардамы менен биз бири-бирибиздин акы-укуктарыбызды аткара алабыз деп айтты.

Аргентинадан келген Жудит (Judith) аттуу айымдын күйөөсү он жыл мурун Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирген эле, ал өзү христиан, ал мындай деди: жасалган кайрылуулардын арасында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Халифасы жасаган соңку кайрылуусу мага терең таасир тийгизди. Ал кайрылууда Ал Азирети кеңири-кесири Ислам дининин таалимдери аркылуу орношо турган адам укугун айтып берди.

Лайбериянын Почта жана Байланышуу министри Коопер В. Круах (Kooper W. Kruah) мырза мындай деп айтты: Жалсанын ар кандай программалары ушундай мыкты уюштурулган, аларда мага эч бир кемчилик көрүнгөн жок. Жалсага катышкандар тарабынан бири-бирине карата сый-урмат жана бир тууганчылык сезимдери байкалган.

Уругвай деген өлкөдөн келген бир аял профессор мындай деди: отуз жылдан көбүрөөк мөөнөттөн бери мусулман өлкөлөрү жана уюмдары тууралуу окуп-үйрөнүп келе жатам. Силердин Жалсаңарга катышып, башка эч бир жерден табылбай турган өзгөчө нерселерди көрдүм. Бир жетекчи аркылуу байкалган биримдик жана ынтымак башка жерде жок. Ар бир адамдын өзүнүн Халифасы менен баш ийүү жана берилүү деген өзгөчө алакасы бар. Ал Азирети бул туугандарыбызга да, көрө албагандарга да көрүнүп жаткан өлчөм болуп саналат, ушул өзгөчөлүктү бир нече күнгө гана көрсөтпөй, аны өзүбүздө түбөлүккө жаратуу керек деди.

Мароккодон келген философия илимдеринин бир профессору Жалсадан биз жакшы таасирди алдык, Жамаатты жакындан көрүүнүн бир жакшы учурун таптык, Жалса аркылуу каршылаштардын жалган агитациялары да бизге ашкереленди деди.

Гвинеи – Конакриден келген диний иштердин жалпы инспектору Ал-Хааж Вакил Ятара мырза мындай деп айтат: мага эң терең таасир калтырган нерсе бул: Ахмадий туугандарга нукура Ислам таалимдеринин негизинде тарбия берилген. Мен башка мусулман мамлекеттерден тышкары Сауд Арабияга бир канча жолу баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом, бирок ушундай мусулманчылык бир тууганчылыкка жык толо айлана-чөйрөнү эч бир жерден тапкан жокмун.

Бенин Республикасында Генералдык Консул болгон Шантал Март Итали илгери мен элүүнчү Жалса Саланага катышкан элем, азыр деле ошол эле учурдагы руханий айлана-чөйрөнү таптым. Меймандостук өтө зор болгон. Уюштурулган көргөзмөлөр да аябай мыкты болгон деди.

Бенин Республикасынын Парламенинин депутаты Комлан Патрисе (Comlan Patrice) мен биринчи жолу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалсасына катыштым, ар түрдүү ыраң, насил жана тилдерди сүйлөөчү адамдарды полиция же аскерлердин жардамысыз иретке салуу албетте силердин эмгектүүлүгүңөр жана Алла Таала Ахмадия Мусулман Жамаатына көрсөтүп келе жаткан колдоолорунун жардамы менен гана мүмкүн болду деди.

Габон Республикасынын экс-преьмер министири жүздөн ашык мамлекеттерден келген миңдеген адамдардын Жалсага катышуусу мен үчүн өзгөчө бир тажрыйба болгон, силер сунуш кылып жаткан Ислам – бул чыныгы Ислам жана бүгүнкү күндө дүйнө буга муктаж деди. Габон Республикасынан эле келген, тышкы иштер министирлигинде директор болгон Пасид Улуду мырза мен мусулман эмесмин, бирок азыр мен өзүмдү мусулман деп ойлойм деди.

Борбордук Африка Республикасынын президентинин кеңешчиси Али Гониса мырза Жалсанын уюштуруучулуктарына баа берип, мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын жападан жалгыз максаты: дүйнөдө бир тууганчылык пайда болсун, бул үчүн алар күнү түнү эмгек кылышат. Ал эми башка уюмдарда ыкластуулук деген нерсе жетишпейт. Ал киши Эл аралык Байъат церемониясы мага терең таасир берди, мен Ахмадий эмесмин, бирок Сиз Байъат алып жатканыңызда, мен өзүмө өзүм колдон келишинче мен өз мамлекетимде ушул Жамаатка жардам берем деген сөздү берип жаткан элем деди.

Парагвайдан келген диндер министиринин орунбасары Фернандо Гриффит (Fernando Griffith) да Жалсага катышкан, ал киши Ахмадия Жамааты менен таанышып, чоң кубанычтамын деди.

Москвадан келген Элдар Сафан мырза Жалсага катышкандан кийин мындай деди: акысыз кызмат көрсөткөн кызматкерлердин ишин көрүп, мен чоң кубанычта болдум. Алар бийик адеп-ахлактарды көрсөтүштү. Ар убакытта жылмайган жүздөрү менен жардам берүүгө даяр турушкан эле.

Бразилиядан келген Petropolis консулунун төрагасы болгон Mauro Henrique мырза мындай деди: мен өз мамлекетим – Бразилиянын өкүлү катары ушул улуу мусулман Жалса Саланасына катышып, чоң кубанычта болдум. Ахмадий мусулмандардын Халифатка болгон сый-урматынан сөз кылып, Учурлук Халифа кайдан гана өтпөсүн, миңдеген адамдардан турган калың калк дароо жымжырт болуп кетет деди.

Эквадорго караштуу бир аймактан келген бир Бишоп Orli Mesias Haro мырза Жалсанын айлана-чөйрөсүн бир чоң үй-бүлөөнүн (тамакка) чакырыгы сыяктуу тапкан. Ал киши Учурлук Халифанын кайрылууларын уккандан кийин ал кайрылууларда биздин көз карашыбызды өзгөртүү үчүн керектүү болгон бардык шарттар бар болчу деди.

Словения Республикасынан келген, христиан дининин профессору болгон Барбара Хочевар Балун айым мындай деди: мен Ахмадия Мусулман Жамааты сунуштап жаткан Исламдай Исламды башка эч бир жерде көргөн жокмун. Азирети Иса (алайхиссалаам) тууралуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын көз карашы (позициясы) ишенимдүүрөөк жана акыйыкатка жакыныраак.

Босниядан келген Сенайд мырза «Адамгерчлик – Биринчи орунда» деген уюм уюштурган көргөзмө тууралуу мындай деди: ушул жакшы иштин башталуусунун себеби менин өлкөм болчу, ал жерде согуш учурунда Ахмадия Мусулман Жамааты берилип, баа жеткис кызматтарды аткарган. Словениядан келген Муанис Синанувич аттуу бир автор мага жаккан нерсе: Ахмадийлер өзү айтканын аткарышат деди. Ал Азирети бул нерсе биз үчүн кандайдыр бир чакыруу, биздин айтканыбыз менен кылганыбыз бир болушу керек деди.

Кудум ушундай Россиядан келген конок Иззат мырза, Италиядан келген Мадалена айым, Франциянын адилет министрлигинде иштеген сот К. Жавад Боуламал мырза, Бразиялиядан келген Дон Франсиско мырза, католик агымдын окумуштуусу жана The British Society of Turin Shroudдун мурунку редактору Hugh Farey мырза, Cambridge университетинин профессору Петр Ульямз мырза, Колумбиядан келген бир макалачы Jesus Gabalam мырза, Болиядагы бир телекөрсөтүүнүн алып баруучусу Арандия мырза, Украинадан келген бир телекөрсөтүүнү алып баруучу, Мексикадан келген Мария айым, Парагавайдан жаңы Байъат берген бир айым, ошондой эле Голландия, Америка жана Испаниядан келген делегаттарга катышкан коноктор да Жалсанын уюштурулууларына баа берип, аны илимий, адеп-ахлактык жана руханий жактан ийгиликтүү ишмердүүлүк деп аташты.

Жума кутбасынын аягында Ал Азирети урматтуу Мужибур-Рахман Адвокат мырзанын жаназа намазын окутаарын жарыялап, аны жакшы эскерди. Ал киши 30-июль күнү 85 жаш курагында Рабвах шаарында каза тапты. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Анын атасы урматтуу Мавлана Зиллур-Рахман мырза миссионер болчу. Мужибур-Рахман мырзанын жаштыгы Кадиянда өттү. Ал киши кесип жагынан адвокат болчу. 1980-жылы Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын III Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) аны Ахмадия Жамаат Равалпиндиге Амир кылып дайындаган, 1998-жылга чейин ушул кызматты аткарган. Жамаатыбызга каршы козголгон бир канча иштерде берилип, кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мажлис Шуураанын Standing Committee жана Фикх Комитетинин мүчөсү катары кызмат кылды. Садр Анжуман Ахмадиянын мыйзамдарын түзүүдө кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.  Ал Азирети Алла Тааланын берешендиги менен күчтүү диний жана дүйнө илимдеринин адиси болчу, ошондой эле күчтүү чечен да болчу жана бул жагынан Алла Таала ага өзгөчө адистикти тартуулаган болчу. Ага жер жүзү боюнча ар кандай форумдарда Ислам Ахмадиянын чыныгы таалимин жеткирүү мүмкүнчүлүгү насип этти деп айтты. Анын үч перзенти бар.

Аягында Ал Азирети Алла Таала маркумду кечирип, ага ырайым кылсын жана ага Өзүнүн Сүйүктүүлөрүнүн арасынан жай берсин деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Жалса Салана «Жылык Жыйын» дегенди билдирет. Ахмадий мусулмандарга диний жана руханий таалим-тарбия берүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлө турган жылдык жыйындар «Жалса Салана» деп аталат.

[2] Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага жардамчы болсун).

Share via