Жамаат намазы үчүн азан чакыруу зарылбы?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жамаат намазы үчүн азан чакыруу зарылбы?

Бул суроого жооп берип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Ооба, азан чакырылышы керек. Бирок эгерде жамаат намазына катыша турган адамдар ошол эле жерде бар болсо, анда азан айтылбаса, эч нерсе болбйот.

Адамдар бул жөнүндө ар кандай оп-пикирлерди айтышкан, бирок мен бир жолу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен бирге Гурдаспурга кете бара жатканымда, ара жолдо намаз убагы болуп калды, азан чакыруу керекпи деп суралганда, Ал Азирети мындай деп айткан: туугандар (бул жерге) топтолгон экен, (азандын) эмне кереги бар?

Ошондуктан, эгер ушундай жагдай болсо, анда азан чакырылбаса деле болот, антпесе азан чакыруу зарыл, себеби бул аркылуу башка бирөөнүн көӊүлү да намазга бурулат». («Ал-Фазл» газетасы, 19-январь, 1922-жыл, 8-бет)

Share via