Ымыркайдын кулагына азан айтуунун максаты эмне?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ымыркайдын кулагына азан айтуунун максаты эмне?

Ферузпур деген жерден Хаким Мухаммад Умар мырза: «Бала төрөлгөндө, мусулмандар анын кулагына азан айтышат, бул нерсе шариятка ылайыкпы же болгону бир каада-салтпы?» – деп сураганда, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Бул нерсе хадистен далилденет. Андан тышкары ал кезде адамдын кулагына кирген сөздөр адамдын мүнөзүнө жана ахвалдарына кандайдыр бир таасирин көргөзөт. Ошондуктан, бул каада-салт жакшы жана адал». («Бадр», 28-март, 1907-жыл, 4-бет)

Share via