Мында кулактын ичине сөөмөйүн коюу менен үн күчөп кетет деген даанышмандык бар. А дегенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда кулактардын ичине сөөмөйлөрдү койбой азанды чакырышчу. Бир күнү Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллааху анху)нун үнү пас экенин байкап, эй, Билал! Кулактарыӊдын ичине сөөмөйлөрүӊдү коюп, азан чакыргын деп айткан.