Азан убагында эмнеге сөөмөйлөрдү кулактардын ичине коюшат?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азан убагында эмнеге сөөмөйлөрдү кулактардын ичине коюшат?

Бир киши азан убагында эмнеге сөөмөйлөрдү кулактардын ичине коюшат деп сураганда, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Мында кулактын ичине сөөмөйүн коюу менен үн күчөп кетет деген даанышмандык бар. А дегенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда кулактардын ичине сөөмөйлөрдү койбой азанды чакырышчу.

Бир күнү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллааху анху)нун үнү пас экенин байкап, эй, Билал! Кулактарыӊдын ичине сөөмөйлөрүӊдү коюп, азан чакыргын деп айткан. Анан Билал ошондой кылганда, анын үнү күчөп кетти жана алсыздыгы жоюлду. Андан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайык бул иш-аракет сүннөт болуп калды».

Анан мындай деп уланткан: «Көптөгөн ырчыларда байкалгандай, үндөгү алсыздыгы кетип, күч-кубат пайда болсун үчүн алар ырдаганда, үндөрүн көтөрүшкөндө, колдорун кулактарына коюп алышат». («Тазкиратул-Махдий», биринчи бөлүк, 70-бет)

Share via