Ырайымдуулук жана кечирилүүгө татыктуу болуу дубасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ырайымдуулук жана кечирилүүгө татыктуу болуу дубасы

Азирети Абу Бакр Сыддык(ра) намазда окуу үчүн Мухаммад Пайгамбар(сав)дан кандайдыр бир дуба үйрөтүүсүн суранган. Мухаммад Пайгамбар(сав) үйрөткөн дубада кудум эле ушул дубада кезиккендей, өзгөчө Алла тааладан рахмат жана кечиримдүүлүк суралган. («Тафсир Ад-Дуррл-Мансур мил-Суютий», 5-том 18-бет).

Азирети Абдулла бин Масъуд(ра) ушул дубада турган аят жана андан мурунку үч аятты окуп, бир оорулуу адамга дем салган, ал айыгып кеткен. Ал мындай айтты: «Аллага касам! Эгер ишенимдүү жана ыймандуу адам ушул аяттарды тоого окуса, ал да өз ордунан козголмок». («Тафсир-э-Куртабий», 2-бөлүк, 157-бет)

Раббигфир вархам ва анта хайрур-раахимийн». (Ал-Му'минуун 23:119)

Раббигфир вархам ва анта хайрур-раахимийн». (Ал-Му’минуун 23:119)

Котормосу: «Эй, Раббим! Кечир жана ырайым кыл. Сен ырайым кылуучулардын эң жакшысысың!» (23:119)

Share via