Арш периштелеринин момундар үчүн жалбарып сураган дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Арш периштелеринин момундар үчүн жалынып-жалбарып сураган дубасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары (разияллааху анхум) мындай деп рабаят этишет: «Биз чогуу отуруп, Алла Тааланын улуктугунан кеп салып отурганыбызда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келип, мындай деди: «Мен да силерге Алла Тааланын улуктугу жөнүндө бир нерсе айтып берем». Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын улуу салтанаттуу жаратылышы болгон Аршты көтөрүп турган периштелерден кеп салды. («Тафсир Ад-Дуррул-Мансур лил-Суютий» 5-том, 347-бет)

Яхя бин Муъааз Раазий мындай дечү эле: «Эгер Арш периштелеринин бирөөсү да момундар үчүн дуба сураса, кечиримдүүлүктөн үмүт кылынса болот. Ал тургай, бардык Арш периштерлери алар үчүн кечирим сурап турушат, бул абдан чоң нерсе. («Тафсир-э-Куртабий», 5-бөлүк, 295-бет) رَبَّنَا وَسِعۡتَ کُلَّ شَیۡءٍ رَّحۡمَۃً وَّعِلۡمًا فَاغۡفِرۡ لِلَّذِیۡنَ تَابُوۡا وَاتَّبَعُوۡا سَبِیۡلَکَ وَقِہِمۡ عَذَابَ الۡجَحِیۡمِرَبَّنَا وَاَدۡخِلۡہُمۡ جَنّٰتِ عَدۡنِ ۣالَّتِیۡ وَعَدۡتَّہُمۡ وَمَنۡ صَلَحَ مِنۡ اٰبَآئِہِمۡ وَاَزۡوَاجِہِمۡ وَذُرِّیّٰتِہِمۡ ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُوَقِہِمُ السَّیِّاٰتِ ؕ وَمَنۡ تَقِ السَّیِّاٰتِ یَوۡمَئِذٍ فَقَدۡ رَحِمۡتَہٗ ؕ وَذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُОКУЛУШУ: РАББАНАА ВАСИЪТА КУЛАА ШАЙ’ИН РАХМАТАН ВА ИЛМАН ФАГФИР ЛИЛЛАЗИЙНА ТААБУУ ВАТ-ТАБАЪУУ САБИЙЛАКА ВАКИХИМ АЗААБАЛ-ЖАХИЙМ. РАББАНАА ВА АДХИЛХУМ ЖАННААТИ АДНИЛЛАТИЙ ВАЪАТ-ТАХУМ ВА МАН САЛАХА МИН АААБАААИХИМ ВА АЗВААЖИХИМ ВА ЗУР-РИЙЙААТИХИМ, ИННАКА АНТАЛ-АЗИЙЗУЛ-ХАКИЙМ. ВАКИХИМУС-САЙЙИААТИ ВА МАН ТАКИС-САЙЙИААТИ ЙАУМАИЗИН ФА-КАД РАХИМТАХУ, ВА ЗААЛИКА ХУВАЛ-ФАУЗУЛ-АЗИЙМ. («АЛ-МУ’МИН» СҮРӨӨСҮ: 8-10)

Котормосу: «Эй, Раббибиз! Сен бардык нерселерди рахмат жана илим менен курчап турасың. Ошентип, тобо кылган жана Сенин жолуңду ээрчигендерди кечиргин жана аларды тозок азабынан сактагын. Эй, Раббибиз! Аларды Өзүң аларга убада кылган түбөлүк бейиштерге киргизгин. Ошондой эле алардын ата-бабаларын, алардын жолдошторунан жана алардын тукумдарынан жакшы амал кылгандарды дагы. Албетте, Сенин Өзүң гана Эң Жеңүүчү жана Өтө Даанышмансың. Сен ошол күнү кимди жамандыктар(дын натыйжалары)нан сактасаң, албетте, ага абдан чоң ырайым кылган болосуң. Мына ушунун өзү абдан чоң ийгилик» (40:8-10).

Share via