الزّلزَلة
Аз-Зилзаал
-
99:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
99:2اِذَا زُلۡزِلَتِ الۡاَرۡضُ زِلۡزَالَہَا ۙ﴿۲﴾Жер өзүнүн зилзаласы менен титирөөгө келтирилгенде,
-
99:3وَ اَخۡرَجَتِ الۡاَرۡضُ اَثۡقَالَہَا ۙ﴿۳﴾Жана жер өз жүктөрүн чыгарып таштаганда.
-
99:4وَ قَالَ الۡاِنۡسَانُ مَا لَہَا ۚ﴿۴﴾Жана адам: «Ага эмне болду?» - дейт.
-
99:5یَوۡمَئِذٍ تُحَدِّثُ اَخۡبَارَہَا ۙ﴿۵﴾Ошол күнү ал (жер) өз кабарларын баян кылат.
-
99:6بِاَنَّ رَبَّکَ اَوۡحٰی لَہَا ؕ﴿۶﴾Анткени Раббиӊ ага вахий жиберген болот.
-
99:7یَوۡمَئِذٍ یَّصۡدُرُ النَّاسُ اَشۡتَاتًا ۬ۙ لِّیُرَوۡا اَعۡمَالَہُمۡ ؕ﴿۷﴾Ошол күнү адамдар чаржайыт болуп чыгып калышат – жасаган амалдары аларга көрсөтүлсүн үчүн.
-
99:8فَمَنۡ یَّعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّۃٍ خَیۡرًا یَّرَہٗ ؕ﴿۸﴾Ошондо ким кенедей да жакшылык кылган болсо, ал аны көрүп алат.
-
99:9وَ مَنۡ یَّعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّۃٍ شَرًّا یَّرَہٗ ٪﴿۹﴾Жана ким кенедей да жаманчылык кылган болсо, ал аны көрүп алат.
0:00
/
0:00