Курани карим Ал-Алак • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

العَلق

Ал-Алак

  • 96:1
    بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • 96:2
    اِقۡرَاۡ بِاسۡمِ رَبِّکَ الَّذِیۡ خَلَقَ ۚ﴿۲﴾
    Жараткан Раббиӊдин аты менен оку!
  • 96:3
    خَلَقَ الۡاِنۡسَانَ مِنۡ عَلَقٍ ۚ﴿۳﴾
    Ал адамды бир жабышкак уюган кандан жаратты.
  • 96:4
    اِقۡرَاۡ وَ رَبُّکَ الۡاَکۡرَمُ ۙ﴿۴﴾
    Оку! Сенин Раббиӊ эӊ урматтуу Зат –
  • 96:5
    الَّذِیۡ عَلَّمَ بِالۡقَلَمِ ۙ﴿۵﴾
    Калем менен таалим берген Зат.
  • 96:6
    عَلَّمَ الۡاِنۡسَانَ مَا لَمۡ یَعۡلَمۡ ؕ﴿۶﴾
    Ал адамга ал билбеген нерселерди үйрөттү.
  • 96:7
    کَلَّاۤ اِنَّ الۡاِنۡسَانَ لَیَطۡغٰۤی ۙ﴿۷﴾
    Кулак салгыла! Адамзат албетте, чектен ашат.
  • 96:8
    اَنۡ رَّاٰہُ اسۡتَغۡنٰی ﴿ؕ۸﴾
    (Буга себеп), ал өзүн кажетсиз деп эсептеди.
  • 96:9
    اِنَّ اِلٰی رَبِّکَ الرُّجۡعٰی ؕ﴿۹﴾
    Албетте, Раббиӊе (гана) кайтуу бар.
  • 96:10
    اَرَءَیۡتَ الَّذِیۡ یَنۡہٰی ۙ﴿۱۰﴾
    Сен тыюу сала турган бирөөнү көрдүӊбү?
  • 96:11
    عَبۡدًا اِذَا صَلّٰی ﴿ؕ۱۱﴾
    Бир улук пендени, ал намаз окуганда.
  • 96:12
    اَرَءَیۡتَ اِنۡ کَانَ عَلَی الۡہُدٰۤی ﴿ۙ۱۲﴾
    Бир ойлоп көрдүӊбү, эгер ал (улук пенде) хидаятта болгон болсо?
  • 96:13
    اَوۡ اَمَرَ بِالتَّقۡوٰی ﴿ؕ۱۳﴾
    Же такыбага үгүттөсө?
  • 96:14
    اَرَءَیۡتَ اِنۡ کَذَّبَ وَ تَوَلّٰی ﴿ؕ۱۴﴾
    Көӊүл буруп көрдүӊбү, эгер ал (намаздан тосо турган киши) жалганга чыгарса жана (чындыктан) жүз бурса.
  • 96:15
    اَلَمۡ یَعۡلَمۡ بِاَنَّ اللّٰہَ یَرٰی ﴿ؕ۱۵﴾
    (Акыры), Алла албетте, (баардык нерсени) көрүп турганын ал билбейби?
  • 96:16
    کَلَّا لَئِنۡ لَّمۡ یَنۡتَہِ ۬ۙ لَنَسۡفَعًۢا بِالنَّاصِیَۃِ ﴿ۙ۱۶﴾
    Кулак салгыла! Эгер ал өзүн тыйбаса, анда Биз албетте, аны көкүлүнөн тутуп тартабыз –
  • 96:17
    نَاصِیَۃٍ کَاذِبَۃٍ خَاطِئَۃٍ ﴿ۚ۱۷﴾
    Жалганчы, күнөөкөр көкүлдөн.
  • 96:18
    فَلۡیَدۡعُ نَادِیَہٗ ﴿ۙ۱۸﴾
    Ошондо ал өз жыйынындагыларды чакырсын.
  • 96:19
    سَنَدۡعُ الزَّبَانِیَۃَ ﴿ۙ۱۹﴾
    Биз сөзсүз тозок периштелерин чакырабыз.
  • 96:20
    کَلَّا ؕ لَا تُطِعۡہُ وَ اسۡجُدۡ وَ اقۡتَرِبۡ ﴿٪ٛ۲۰﴾
    Кулак сал! Сен ага баш ийбе! Сажда кыл жана Ага жакындашууга умтул!
0:00
/
0:00
 
Share via
Share via