Курани карим Ал-Лайл • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

اللیْل

Ал-Лайл

  • 92:1
    بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • 92:2
    وَ الَّیۡلِ اِذَا یَغۡشٰی ۙ﴿۲﴾
    Түнгө касам, ал ороп алганда.
  • 92:3
    وَ النَّہَارِ اِذَا تَجَلّٰی ۙ﴿۳﴾
    Жана күнгө (касам), ал жарышканда.
  • 92:4
    وَ مَا خَلَقَ الذَّکَرَ وَ الۡاُنۡثٰۤی ۙ﴿۴﴾
    Жана Ал (Алла) жараткан эркек жана ургаачыга (касам!)
  • 92:5
    اِنَّ سَعۡیَکُمۡ لَشَتّٰی ؕ﴿۵﴾
    Силердин умтулуу-аракетиӊер албетте, түрдүүчө.
  • 92:6
    فَاَمَّا مَنۡ اَعۡطٰی وَ اتَّقٰی ۙ﴿۶﴾
    Ошентип, ким (Алла жолунда) берсе жана такыба болсо,
  • 92:7
    وَ صَدَّقَ بِالۡحُسۡنٰی ۙ﴿۷﴾
    Жана эӊ сонун жакшылыкты тастыктаса,
  • 92:8
    فَسَنُیَسِّرُہٗ لِلۡیُسۡرٰی ؕ﴿۸﴾
    Биз ага албетте, кеӊчилик тартуулайбыз.
  • 92:9
    وَ اَمَّا مَنۡۢ بَخِلَ وَ اسۡتَغۡنٰی ۙ﴿۹﴾
    Ал эми ким сараӊдык кылса жана кайдыгер болсо,
  • 92:10
    وَ کَذَّبَ بِالۡحُسۡنٰی ۙ﴿۱۰﴾
    Жана эӊ сонун жакшылыкты жалган десе,
  • 92:11
    فَسَنُیَسِّرُہٗ لِلۡعُسۡرٰی ﴿ؕ۱۱﴾
    Биз аны албетте, тардыкка кирептер кылып коёбуз.
  • 92:12
    وَ مَا یُغۡنِیۡ عَنۡہُ مَا لُہٗۤ اِذَا تَرَدّٰی ﴿ؕ۱۲﴾
    Жана анын мал-мүлкү жок болуп кеткенде, ага эч болушпайт.
  • 92:13
    اِنَّ عَلَیۡنَا لَلۡہُدٰی ﴿۫ۖ۱۳﴾
    Албетте, туура жол көрсөтүү – баары бир бизге парыз.
  • 92:14
    وَ اِنَّ لَنَا لَلۡاٰخِرَۃَ وَ الۡاُوۡلٰی ﴿۱۴﴾
    Жана албетте, акыбет да, башталыш да сөзсүз Биздин ээлигибизде.
  • 92:15
    فَاَنۡذَرۡتُکُمۡ نَارًا تَلَظّٰی ﴿ۚ۱۵﴾
    Ошондуктан, Мен силерди жалындап турган оттон кулактандырамын.
  • 92:16
    لَا یَصۡلٰٮہَاۤ اِلَّا الۡاَشۡقَی ﴿ۙ۱۶﴾
    Ага абдан бактысыз бирөө гана кирет –
  • 92:17
    الَّذِیۡ کَذَّبَ وَ تَوَلّٰی ﴿ؕ۱۷﴾
    (Чындыкты) жалган деген жана жүз бурган бирөө гана.
  • 92:18
    وَ سَیُجَنَّبُہَا الۡاَتۡقَی ﴿ۙ۱۸﴾
    Эӊ такыба адам болсо, андан албетте, сакталат –
  • 92:19
    الَّذِیۡ یُؤۡتِیۡ مَالَہٗ یَتَزَکّٰی ﴿ۚ۱۹﴾
    Тазаланууну тилеген бойдон, өз мал-мүлкүн сарптаган бирөө.
  • 92:20
    وَ مَا لِاَحَدٍ عِنۡدَہٗ مِنۡ نِّعۡمَۃٍ تُجۡزٰۤی ﴿ۙ۲۰﴾
    Жана ага бирөө айкөлдүк көрсөткөн эмес: натыйжада ал (тарабынан) ошол (айкөлдүк)кө төлөм берилүүдө.
  • 92:21
    اِلَّا ابۡتِغَآءَ وَجۡہِ رَبِّہِ الۡاَعۡلٰی ﴿ۚ۲۱﴾
    (Ооба, ал) эӊ бийик болгон Раббисинин ыраазычылыгын тилеген бойдон гана (мал-мүлктү сарптайт).
  • 92:22
    وَ لَسَوۡفَ یَرۡضٰی ﴿٪۲۲﴾
    Жана Ал (Алла) албетте, (ага) ыраазы болуп калат.
0:00
/
0:00
 
Share via
Share via