الشّمس
Аш-Шамс
-
91:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
91:2وَ الشَّمۡسِ وَ ضُحٰہَا ۪ۙ﴿۲﴾Күн жана анын нуруна касам!
-
91:3وَ الۡقَمَرِ اِذَا تَلٰٮہَا ۪ۙ﴿۳﴾Жана айга (касам), ал анын артына келгенде.
-
91:4وَ النَّہَارِ اِذَا جَلّٰٮہَا ۪ۙ﴿۴﴾Жана күндүзгө (касам), ал аны (күндү) жакшылап жаркыратканда.
-
91:5وَ الَّیۡلِ اِذَا یَغۡشٰٮہَا ۪ۙ﴿۵﴾Жана түнгө (касам), ал аны ороп алганда.
-
91:6وَ السَّمَآءِ وَ مَا بَنٰہَا ۪ۙ﴿۶﴾Асманга жана Ал (Алла)нын аны жаратканына (касам!)
-
91:7وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا طَحٰہَا ۪ۙ﴿۷﴾Жерге жана Ал (Алла)нын аны төшөгөнүнө (касам!)
-
91:8وَ نَفۡسٍ وَّ مَا سَوّٰٮہَا ۪ۙ﴿۸﴾Ар бир жанга жана Ал (Алла)нын аны оӊдогонуна (касам!)
-
91:9فَاَلۡہَمَہَا فُجُوۡرَہَا وَ تَقۡوٰٮہَا ۪ۙ﴿۹﴾Ошентип, Ал (Алла) анын жамандыктарын жана такыбалыгын (айырмалоочу жөндөмдүүлүктү) табиятына киргизди.
-
91:10قَدۡ اَفۡلَحَ مَنۡ زَکّٰٮہَا ۪ۙ﴿۱۰﴾Албетте, аны (такыбаны) көбөйткөн киши ийгиликке жетти.
-
91:11وَ قَدۡ خَابَ مَنۡ دَسّٰٮہَا ﴿ؕ۱۱﴾Жана аны топуракка жуткуруп жиберген киши ийгиликсиз болуп калды.
-
91:12کَذَّبَتۡ ثَمُوۡدُ بِطَغۡوٰٮہَاۤ ﴿۪ۙ۱۲﴾Самуд өзүнүн кежирлиги себептүү (өз пайгамбарын) жалганчыга чыгарды.
-
91:13اِذِ انۡۢبَعَثَ اَشۡقٰہَا ﴿۪ۙ۱۳﴾Алардын эӊ бактысыз кишиси ордунан турганда,
-
91:14فَقَالَ لَہُمۡ رَسُوۡلُ اللّٰہِ نَاقَۃَ اللّٰہِ وَ سُقۡیٰہَا ﴿ؕ۱۴﴾Ошондо Алланын пайгамбары аларга айтты: «Алланын ургаачы төөсүн жана анын суу ичүү укугун (унутпагыла!)»
-
91:15فَکَذَّبُوۡہُ فَعَقَرُوۡہَا ۪۬ۙ فَدَمۡدَمَ عَلَیۡہِمۡ رَبُّہُمۡ بِذَنۡۢبِہِمۡ فَسَوّٰٮہَا ﴿۪ۙ۱۵﴾Ошого карабастан, алар аны жалганчыга чыгарышты жана ал (ургаачы төө)нүн тарамыштарын кесишти. Ошондо алардын Раббиси күнөөлөрү себептүү аларга удаа-удаа сокку берди жана ал (кыштак)ты тептегиз кылып койду.
-
91:16وَ لَا یَخَافُ عُقۡبٰہَا ﴿٪۱۶﴾Ал (Алла) анын акыбетинен коркпойт эле.
0:00
/
0:00