البَلَد
Ал-Балад
-
90:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
90:2لَاۤ اُقۡسِمُ بِہٰذَا الۡبَلَدِ ۙ﴿۲﴾Кулак салгыла! Мен ушул шаарга касам ичемин!
-
90:3وَ اَنۡتَ حِلٌّۢ بِہٰذَا الۡبَلَدِ ۙ﴿۳﴾Сен болсо, (бир күнү) ушул шаарга түшүүчүсүӊ.
-
90:4وَ وَالِدٍ وَّ مَا وَلَدَ ۙ﴿۴﴾Жана атага да, ал жараткан тукумга да (касам!)
-
90:5لَقَدۡ خَلَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ فِیۡ کَبَدٍ ؕ﴿۵﴾Албетте, Биз адамзатты бир тынымсыз мээнет-машакатта (туруусу үчүн) жараттык.
-
90:6اَیَحۡسَبُ اَنۡ لَّنۡ یَّقۡدِرَ عَلَیۡہِ اَحَدٌ ۘ﴿۶﴾Ал: «Менин үстүмөн эч ким жеӊе албайт», - деп ойлойбу?
-
90:7یَقُوۡلُ اَہۡلَکۡتُ مَالًا لُّبَدًا ؕ﴿۷﴾Ал: «Мен сансыз мал-дүйнө сарптадым», - деп ойлойт.
-
90:8اَیَحۡسَبُ اَنۡ لَّمۡ یَرَہٗۤ اَحَدٌ ؕ﴿۸﴾Ал: «Мени эч ким көргөн эмес», - деп ойлойбу?
-
90:9اَلَمۡ نَجۡعَلۡ لَّہٗ عَیۡنَیۡنِ ۙ﴿۹﴾Биз ага эки көз тартуулабадыкпы?
-
90:10وَ لِسَانًا وَّ شَفَتَیۡنِ ۙ﴿۱۰﴾Ошондой эле тил жана эки эринди (дагы?)
-
90:11وَ ہَدَیۡنٰہُ النَّجۡدَیۡنِ ﴿ۚ۱۱﴾Жана Биз аны эки бийик жолго багыттадык.
-
90:12فَلَا اقۡتَحَمَ الۡعَقَبَۃَ ﴿۫ۖ۱۲﴾Ал «Акабага» чыкпады.
-
90:13وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا الۡعَقَبَۃُ ﴿ؕ۱۳﴾Жана «Акаба» эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
-
90:14فَکُّ رَقَبَۃٍ ﴿ۙ۱۴﴾(Ал) моюнду азат кылуу.
-
90:15اَوۡ اِطۡعٰمٌ فِیۡ یَوۡمٍ ذِیۡ مَسۡغَبَۃٍ ﴿ۙ۱۵﴾Же бир жөнөкөй каатчылык күнүндө тамактандыруу.
-
90:16یَّتِیۡمًا ذَا مَقۡرَبَۃٍ ﴿ۙ۱۶﴾Жакын тууган болгон жетимге.
-
90:17اَوۡ مِسۡکِیۡنًا ذَا مَتۡرَبَۃٍ ﴿ؕ۱۷﴾Же топуракка булганган кембагалга.
-
90:18ثُمَّ کَانَ مِنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ تَوَاصَوۡا بِالصَّبۡرِ وَ تَوَاصَوۡا بِالۡمَرۡحَمَۃِ ﴿ؕ۱۸﴾Анан ал ыйман келтирген жана сабыр-канааттуу болуп туруп, бири-бирин сабыр кылууга насаат кыла турган, ошондой эле боорукер болуп туруп, бири-бирин ырайым кылууга чакыргандардан болушу керек.
-
90:19اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡمَیۡمَنَۃِ ﴿ؕ۱۹﴾Мына ошолор оӊ тараптагылар.
-
90:20وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِنَا ہُمۡ اَصۡحٰبُ الۡمَشۡـَٔمَۃِ ﴿ؕ۲۰﴾Жана Биздин аяттарыбызды четке каккандар – алар сол тараптын ээлери.
-
90:21عَلَیۡہِمۡ نَارٌ مُّؤۡصَدَۃٌ ﴿٪۲۱﴾Аларга (жапырылуу үчүн) бир бекитилип коюлган от бар.
0:00
/
0:00