الغَاشِیَة
Ал-Гаашия
-
88:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
88:2ہَلۡ اَتٰٮکَ حَدِیۡثُ الۡغَاشِیَۃِ ؕ﴿۲﴾Эмне, сага эстен тандыруучу (Саат)тын кабары келдиби?
-
88:3وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ خَاشِعَۃٌ ۙ﴿۳﴾Айрым жүздөр ошол күнү катуу коркууда болот –
-
88:4عَامِلَۃٌ نَّاصِبَۃٌ ۙ﴿۴﴾(Мындан илгери дүйнөнү издөө максатында) катуу мээнет-машакат чегүүчү (жана) чарчап алсыз болуучу.
-
88:5تَصۡلٰی نَارًا حَامِیَۃً ۙ﴿۵﴾Алар жалындап турган отко киришет.
-
88:6تُسۡقٰی مِنۡ عَیۡنٍ اٰنِیَۃٍ ؕ﴿۶﴾Аларга бир кайнап турган булактан ичирилет.
-
88:7لَیۡسَ لَہُمۡ طَعَامٌ اِلَّا مِنۡ ضَرِیۡعٍ ۙ﴿۷﴾Алар үчүн ачуу бак-дарактан болгон тамактан бөлөк эч нерсе болбойт.
-
88:8لَّا یُسۡمِنُ وَ لَا یُغۡنِیۡ مِنۡ جُوۡعٍ ؕ﴿۸﴾Ал семиртпейт жана ачкалыкты да баспайт.
-
88:9وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ نَّاعِمَۃٌ ۙ﴿۹﴾Айрым жүздөр ошол күнү абдан шаттуу болушат.
-
88:10لِّسَعۡیِہَا رَاضِیَۃٌ ۙ﴿۱۰﴾Өздөрүнүн аракеттеринен абдан курсант.
-
88:11فِیۡ جَنَّۃٍ عَالِیَۃٍ ﴿ۙ۱۱﴾Бир бийик бейиште.
-
88:12لَّا تَسۡمَعُ فِیۡہَا لَاغِیَۃً ﴿ؕ۱۲﴾Анда сен кандайдыр бир куру сөздү укпайсыӊ.
-
88:13فِیۡہَا عَیۡنٌ جَارِیَۃٌ ﴿ۘ۱۳﴾Анда бир агып турган булак болот.
-
88:14فِیۡہَا سُرُرٌ مَّرۡفُوۡعَۃٌ ﴿ۙ۱۴﴾Анда бийик төшөлгөн тактылар болот.
-
88:15وَّ اَکۡوَابٌ مَّوۡضُوۡعَۃٌ ﴿ۙ۱۵﴾Жана (тыкан) терилген кеселер.
-
88:16وَّ نَمَارِقُ مَصۡفُوۡفَۃٌ ﴿ۙ۱۶﴾Жана катар-катар коюлган жаздыктар.
-
88:17وَّ زَرَابِیُّ مَبۡثُوۡثَۃٌ ﴿ؕ۱۷﴾Жана төшөлгөн килемдер дагы.
-
88:18اَفَلَا یَنۡظُرُوۡنَ اِلَی الۡاِبِلِ کَیۡفَ خُلِقَتۡ ﴿ٝ۱۸﴾Алар төөлөрдүн кандай жаратылып коюлганын көрүшпөйбү?
-
88:19وَ اِلَی السَّمَآءِ کَیۡفَ رُفِعَتۡ ﴿ٝ۱۹﴾Жана асмандын кандай көтөрүлүп коюлганын?
-
88:20وَ اِلَی الۡجِبَالِ کَیۡفَ نُصِبَتۡ ﴿ٝ۲۰﴾Жана тоолордун кандай бекем кадалып коюлганын?
-
88:21وَ اِلَی الۡاَرۡضِ کَیۡفَ سُطِحَتۡ ﴿ٝ۲۱﴾Жана жердин кандай тегизделип коюлганын?
-
88:22فَذَکِّرۡ ۟ؕ اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مُذَکِّرٌ ﴿ؕ۲۲﴾Ошентип, көп-көп насаат кыл. Сен бир гана кайра-кайра насаат кылуучусуӊ.
-
88:23لَسۡتَ عَلَیۡہِمۡ بِمُصَۜیۡطِرٍ ﴿ۙ۲۳﴾Сен алардын үстүнөн кароолчу эмессиӊ.
-
88:24اِلَّا مَنۡ تَوَلّٰی وَ کَفَرَ ﴿ۙ۲۴﴾Ооба, кимде-ким жүз бурса жана каапыр болсо,
-
88:25فَیُعَذِّبُہُ اللّٰہُ الۡعَذَابَ الۡاَکۡبَرَ ﴿ؕ۲۵﴾Ага Алла эӊ оор азапты берет.
-
88:26اِنَّ اِلَیۡنَاۤ اِیَابَہُمۡ ﴿ۙ۲۶﴾Албетте, Биз тарапка гана алардын кайтуусу бар.
-
88:27ثُمَّ اِنَّ عَلَیۡنَا حِسَابَہُمۡ ﴿٪۲۷﴾Анан албетте, аларды эсеп-кысап кылуу дагы Биздин милдетибизде.
0:00
/
0:00