الطّارق
Ат-Таарик
-
86:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
86:2وَ السَّمَآءِ وَ الطَّارِقِ ۙ﴿۲﴾Асманга жана түн ичинде көрүнүүчүгө касам!
-
86:3وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا الطَّارِقُ ۙ﴿۳﴾Жана түн ичинде көрүнүүчү эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
-
86:4النَّجۡمُ الثَّاقِبُ ۙ﴿۴﴾(Ал) аябай жаркыраган жылдыз.
-
86:5اِنۡ کُلُّ نَفۡسٍ لَّمَّا عَلَیۡہَا حَافِظٌ ؕ﴿۵﴾Үстүнөн кандайдыр бир корукчусу болбогон бир да жан жок.
-
86:6فَلۡیَنۡظُرِ الۡاِنۡسَانُ مِمَّ خُلِقَ ؕ﴿۶﴾Ошентип, адам баласы өзүнүн эмнеден жаратылганына бир назар салсын!
-
86:7خُلِقَ مِنۡ مَّآءٍ دَافِقٍ ۙ﴿۷﴾(Ал) атылуучу суудан жаратылган.
-
86:8یَّخۡرُجُ مِنۡۢ بَیۡنِ الصُّلۡبِ وَ التَّرَآئِبِ ؕ﴿۸﴾Ал бел жана кабыргалардын арасынан чыгат.
-
86:9اِنَّہٗ عَلٰی رَجۡعِہٖ لَقَادِرٌ ؕ﴿۹﴾Албетте, Ал (Алла) аны кайтарууга сөзсүз кудуреттүү.
-
86:10یَوۡمَ تُبۡلَی السَّرَآئِرُ ۙ﴿۱۰﴾Жашыруун сырлар айкын кылына турган күнү.
-
86:11فَمَا لَہٗ مِنۡ قُوَّۃٍ وَّ لَا نَاصِرٍ ﴿ؕ۱۱﴾Ал кандайдыр бир күч-кубатка да ээ болбойт, кандайдыр бир жардамчыга да.
-
86:12وَ السَّمَآءِ ذَاتِ الرَّجۡعِ ﴿ۙ۱۲﴾Нөшөрлөнгөн жамгырдуу асманга касам!
-
86:13وَ الۡاَرۡضِ ذَاتِ الصَّدۡعِ ﴿ۙ۱۳﴾Жана чөп өстүрүүчү жерге да.
-
86:14اِنَّہٗ لَقَوۡلٌ فَصۡلٌ ﴿ۙ۱۴﴾Албетте, ал (Куран) чын эле бир чечкиндүү Сөз.
-
86:15وَّ مَا ہُوَ بِالۡہَزۡلِ ﴿ؕ۱۵﴾Жана ал эч курулай Сөз эмес.
-
86:16اِنَّہُمۡ یَکِیۡدُوۡنَ کَیۡدًا ﴿ۙ۱۶﴾Албетте, алар кандайдыр бир айла-амал кылышат.
-
86:17وَّ اَکِیۡدُ کَیۡدًا ﴿ۚۖ۱۷﴾Жана Мен дагы бир чара көрөмүн.
-
86:18فَمَہِّلِ الۡکٰفِرِیۡنَ اَمۡہِلۡہُمۡ رُوَیۡدًا ﴿٪۱۸﴾Ошентип, каапырларга бир аз мөөнөт бер. Аларга бир аз убакытка чейин мөөнөт бер.
0:00
/
0:00