البُرُوج
Ал-Бурууж
-
85:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
85:2وَ السَّمَآءِ ذَاتِ الۡبُرُوۡجِ ۙ﴿۲﴾Топ жылдыз ээси болгон асманга касам!
-
85:3وَ الۡیَوۡمِ الۡمَوۡعُوۡدِ ۙ﴿۳﴾Жана убада кылынган күнгө.
-
85:4وَ شَاہِدٍ وَّ مَشۡہُوۡدٍ ؕ﴿۴﴾Ошондой эле бир күбөлүк берүүчү жана күбөлүк берилүүчүгө.
-
85:5قُتِلَ اَصۡحٰبُ الۡاُخۡدُوۡدِ ۙ﴿۵﴾Тереӊдик ээлери жок кылынып жиберилет.
-
85:6النَّارِ ذَاتِ الۡوَقُوۡدِ ۙ﴿۶﴾Отунга толгон от ээлери.
-
85:7اِذۡ ہُمۡ عَلَیۡہَا قُعُوۡدٌ ۙ﴿۷﴾Алар анын айланасында отургандарында,
-
85:8وَّ ہُمۡ عَلٰی مَا یَفۡعَلُوۡنَ بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ شُہُوۡدٌ ؕ﴿۸﴾Жана алар момундарга карата кыла турган амалдарына өздөрү күбө болушат.
-
85:9وَ مَا نَقَمُوۡا مِنۡہُمۡ اِلَّاۤ اَنۡ یُّؤۡمِنُوۡا بِاللّٰہِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَمِیۡدِ ۙ﴿۹﴾Жана алар эӊ жеӊүүчү мактоо ээси Аллага ыйман келтиргендиктери үчүн аларга душмандык кылышты –
-
85:10الَّذِیۡ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدٌ ؕ﴿۱۰﴾Асмандар жана жердин падышачылыгынын ээси болгон (Алла)га (ыйман келтиргендиктери үчүн). Алла ар бир нерсеге күбө.
-
85:11اِنَّ الَّذِیۡنَ فَتَنُوا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ ثُمَّ لَمۡ یَتُوۡبُوۡا فَلَہُمۡ عَذَابُ جَہَنَّمَ وَ لَہُمۡ عَذَابُ الۡحَرِیۡقِ ﴿ؕ۱۱﴾Албетте, момун эркектер жана момун аялдарды чагымчылдыкка салган, анан тобо кылбагандар – алар үчүн тозок азабы бар жана алар үчүн от азабы бар.
-
85:12اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَہُمۡ جَنّٰتٌ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۬ؕؑ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡکَبِیۡرُ ﴿ؕ۱۲﴾Албетте, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар – алар үчүн болсо, ортосунан дайралар агып өтүүчү бейиштер бар. Бул – абдан чоӊ ийгилик.
-
85:13اِنَّ بَطۡشَ رَبِّکَ لَشَدِیۡدٌ ﴿ؕ۱۳﴾Албетте, Раббиӊдин тутуусу абдан катуу.
-
85:14اِنَّہٗ ہُوَ یُبۡدِئُ وَ یُعِیۡدُ ﴿ۚ۱۴﴾Албетте, Ал (Алла) гана баштайт жана кайталайт.
-
85:15وَ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الۡوَدُوۡدُ ﴿ۙ۱۵﴾Жана Ал (Алла) өтө кечирүүчү (жана) абдан сүйүүчү.
-
85:16ذُو الۡعَرۡشِ الۡمَجِیۡدُ ﴿ۙ۱۶﴾Арш ээси (жана) бийик даӊктуу.
-
85:17فَعَّالٌ لِّمَا یُرِیۡدُ ﴿ؕ۱۷﴾Ал Өзү каалаган ишти сөзсүз ишке ашырат.
-
85:18ہَلۡ اَتٰٮکَ حَدِیۡثُ الۡجُنُوۡدِ ﴿ۙ۱۸﴾Эмне, сага кошуундардын кабары жетип келдиби?
-
85:19فِرۡعَوۡنَ وَ ثَمُوۡدَ ﴿ؕ۱۹﴾Фараон жана Самуддун (кабары?)
-
85:20بَلِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فِیۡ تَکۡذِیۡبٍ ﴿ۙ۲۰﴾Жок, каапырлар четке кагуу менен (убара болуп) турушат.
-
85:21وَّ اللّٰہُ مِنۡ وَّرَآئِہِمۡ مُّحِیۡطٌ ﴿ۚ۲۱﴾Жана Алла болсо, аларды алдыларынан дагы, арттарынан дагы курчап алган.
-
85:22بَلۡ ہُوَ قُرۡاٰنٌ مَّجِیۡدٌ ﴿ۙ۲۲﴾Жок! Ал бир улук Куран –
-
85:23فِیۡ لَوۡحٍ مَّحۡفُوۡظٍ ﴿٪۲۳﴾Бир «Лавхи Махфуузда».
0:00
/
0:00