الانشقاق
Ал-Иншикаак
-
84:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
84:2اِذَا السَّمَآءُ انۡشَقَّتۡ ۙ﴿۲﴾Асман жарылып кеткенде;
-
84:3وَ اَذِنَتۡ لِرَبِّہَا وَ حُقَّتۡ ۙ﴿۳﴾Жана өз Раббисине кулак салганда. Мына ушул нерсе ага парыз кылынган.
-
84:4وَ اِذَا الۡاَرۡضُ مُدَّتۡ ۙ﴿۴﴾Жана жер кеӊейтилип коюлганда;
-
84:5وَ اَلۡقَتۡ مَا فِیۡہَا وَ تَخَلَّتۡ ۙ﴿۵﴾Жана өз ичиндеги бардык нерселерди чыгарып, бошоп калганда;
-
84:6وَ اَذِنَتۡ لِرَبِّہَا وَ حُقَّتۡ ؕ﴿۶﴾Жана өз Раббисине кулак салганда. Мына ушул нерсе ага парыз кылынган.
-
84:7یٰۤاَیُّہَا الۡاِنۡسَانُ اِنَّکَ کَادِحٌ اِلٰی رَبِّکَ کَدۡحًا فَمُلٰقِیۡہِ ۚ﴿۷﴾Эй, адам! Сен албетте, Раббиӊе катуу машакат чегүүчү болушуӊ керек. (Баары бир) сен ага туш келүүчүсүӊ.
-
84:8فَاَمَّا مَنۡ اُوۡتِیَ کِتٰبَہٗ بِیَمِیۡنِہٖ ۙ﴿۸﴾Ошондо кимге анын амал дептери оӊ колуна берилсе,
-
84:9فَسَوۡفَ یُحَاسَبُ حِسَابًا یَّسِیۡرًا ۙ﴿۹﴾Албетте, анын эсеп-кысабы жеӊил кылынат.
-
84:10وَّ یَنۡقَلِبُ اِلٰۤی اَہۡلِہٖ مَسۡرُوۡرًا ؕ﴿۱۰﴾Жана ал өз үй-бүлөсүнө шаӊдуу кайтат.
-
84:11وَ اَمَّا مَنۡ اُوۡتِیَ کِتٰبَہٗ وَرَآءَ ظَہۡرِہٖ ﴿ۙ۱۱﴾Жана кимдин амал дептери анын арка тарабынан берилсе,
-
84:12فَسَوۡفَ یَدۡعُوۡا ثُبُوۡرًا ﴿ۙ۱۲﴾Ал албетте, (өзүнө) өлүм (келиши)н тилеп калат.
-
84:13وَّ یَصۡلٰی سَعِیۡرًا ﴿ؕ۱۳﴾Жана жалындап турган отко кирет.
-
84:14اِنَّہٗ کَانَ فِیۡۤ اَہۡلِہٖ مَسۡرُوۡرًا ﴿ؕ۱۴﴾Албетте, ал (мындан илгери) өз үй-бүлөсүндө шат болчу.
-
84:15اِنَّہٗ ظَنَّ اَنۡ لَّنۡ یَّحُوۡرَ ﴿ۚۛ۱۵﴾Ал албетте: «Мен эч качан тургузулбаймын», - деп ойлоп отурган эле.
-
84:16بَلٰۤی ۚۛ اِنَّ رَبَّہٗ کَانَ بِہٖ بَصِیۡرًا ﴿ؕ۱۶﴾Ооба! Албетте, анын Раббиси аны дайыма күзөтүп туруучу эле.
-
84:17فَلَاۤ اُقۡسِمُ بِالشَّفَقِ ﴿ۙ۱۷﴾Сак болгула! Мен «шапакты» күбө кыламын.
-
84:18وَ الَّیۡلِ وَ مَا وَسَقَ ﴿ۙ۱۸﴾Жана түндү да, ал ороп алган нерсени да.
-
84:19وَ الۡقَمَرِ اِذَا اتَّسَقَ ﴿ۙ۱۹﴾Жана айды (дагы), ал нурга толуп кеткенде.
-
84:20لَتَرۡکَبُنَّ طَبَقًا عَنۡ طَبَقٍ ﴿ؕ۲۰﴾Албетте, силер сөзсүз баскычтан-баскычка өнүгөсүӊөр.
-
84:21فَمَا لَہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿ۙ۲۱﴾Ошентип, аларга эмне болгон өзү, эмнеге ыйман келтиришпейт?
-
84:22وَ اِذَا قُرِئَ عَلَیۡہِمُ الۡقُرۡاٰنُ لَا یَسۡجُدُوۡنَ ﴿ؕٛ۲۲﴾Жана аларга Куран окулганда, эмнеге сажда кылышпайт?
-
84:23بَلِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یُکَذِّبُوۡنَ ﴿۫ۖ۲۳﴾Жок, каапырлар (аны) жалганга чыгарышат.
-
84:24وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا یُوۡعُوۡنَ ﴿۫ۖ۲۴﴾Жана Алла алар топтоп жаткан нерселерди эӊ жакшы билет.
-
84:25فَبَشِّرۡہُمۡ بِعَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿ۙ۲۵﴾Ошентип, аларга оор азап «куш кабарын» бер.
-
84:26اِلَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَہُمۡ اَجۡرٌ غَیۡرُ مَمۡنُوۡنٍ ﴿٪۲۶﴾Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандардан башкаларга. Алар үчүн бир кыркылбай турган сыйлык бар.
0:00
/
0:00