المطفّفِین
Ал-Мутаффифийн
-
83:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
83:2وَیۡلٌ لِّلۡمُطَفِّفِیۡنَ ۙ﴿۲﴾Таразада ынсапсыздык кылуучуларга өлүм болсун!
-
83:3الَّذِیۡنَ اِذَا اکۡتَالُوۡا عَلَی النَّاسِ یَسۡتَوۡفُوۡنَ ۫﴿ۖ۳﴾Адамдарга бир нерсе тарттырганда, толук алына тургандарга:
-
83:4وَ اِذَا کَالُوۡہُمۡ اَوۡ وَّزَنُوۡہُمۡ یُخۡسِرُوۡنَ ﴿ؕ۴﴾Жана өздөрү аларга (бир нерсени) өлчөп же тартып бергенде, кемитип бере тургандарга.
-
83:5اَلَا یَظُنُّ اُولٰٓئِکَ اَنَّہُمۡ مَّبۡعُوۡثُوۡنَ ۙ﴿۵﴾Эмне, алар өздөрүнүн тургузулуштарына ишенишпейби?
-
83:6لِیَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ۙ﴿۶﴾Бир улук күн(дө бетме-бет болуу) үчүн;
-
83:7یَّوۡمَ یَقُوۡمُ النَّاسُ لِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ؕ﴿۷﴾Адамдар бардык ааламдардын Раббисинин алдында турган күнү.
-
83:8کَلَّاۤ اِنَّ کِتٰبَ الۡفُجَّارِ لَفِیۡ سِجِّیۡنٍ ؕ﴿۸﴾Кулак салгыла! Албетте, бузукулардын эсеп-кысабы «Сижжийнде».
-
83:9وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا سِجِّیۡنٌ ؕ﴿۹﴾Жана «Сижжийндин» эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
-
83:10کِتٰبٌ مَّرۡقُوۡمٌ ؕ﴿۱۰﴾(Ал) бир жазылган китеп.
-
83:11وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
-
83:12الَّذِیۡنَ یُکَذِّبُوۡنَ بِیَوۡمِ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۱۲﴾Жаза-сыйлык күнүн жалганга чыгаруучуларга.
-
83:13وَ مَا یُکَذِّبُ بِہٖۤ اِلَّا کُلُّ مُعۡتَدٍ اَثِیۡمٍ ﴿ۙ۱۳﴾Жана аны ар бир чектен ашкан кызылдай күнөөкөрдөн бөлөк эч ким жалганга чыгарбайт.
-
83:14اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِ اٰیٰتُنَا قَالَ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ؕ۱۴﴾Ага Биздин аяттарыбыз окулганда, ал: «Бул – эскилердин жомоктору!» - дейт.
-
83:15کَلَّا بَلۡ ٜ رَانَ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ مَّا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۱۵﴾Кулак салгыла! Чынында, алардын кылган амалдары жүрөктөрүнө дат бастырды.
-
83:16کَلَّاۤ اِنَّہُمۡ عَنۡ رَّبِّہِمۡ یَوۡمَئِذٍ لَّمَحۡجُوۡبُوۡنَ ﴿ؕ۱۶﴾Кулак салгыла! Ошол күнү алар албетте, өз Раббисинен четтетилип коюлушат, (тагыраак айтканда Анын зыяратынан куру калтырылат).
-
83:17ثُمَّ اِنَّہُمۡ لَصَالُوا الۡجَحِیۡمِ ﴿ؕ۱۷﴾Анан алар сөзсүз тозокко киришет.
-
83:18ثُمَّ یُقَالُ ہٰذَا الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿ؕ۱۸﴾Анан (аларга) мындай айтылат: «Силер жалганга чыгарган нерсе – мына ушул».
-
83:19کَلَّاۤ اِنَّ کِتٰبَ الۡاَبۡرَارِ لَفِیۡ عِلِّیِّیۡنَ ﴿ؕ۱۹﴾Кулак салгыла! Албетте, жакшы пенделердин эсеп-кысабы сөзсүз «Иллиййинде».
-
83:20وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا عِلِّیُّوۡنَ ﴿ؕ۲۰﴾Жана «Иллиййиндин» эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
-
83:21کِتٰبٌ مَّرۡقُوۡمٌ ﴿ۙ۲۱﴾(Ал) бир жазылган китеп.
-
83:22یَّشۡہَدُہُ الۡمُقَرَّبُوۡنَ ﴿ؕ۲۲﴾(Алланын) жакын пенделери аны (өз көздөрү менен) көрүп алышат.
-
83:23اِنَّ الۡاَبۡرَارَ لَفِیۡ نَعِیۡمٍ ﴿ۙ۲۳﴾Албетте, жакшы пенделер сөзсүз нээматтарда болушат;
-
83:24عَلَی الۡاَرَآئِکِ یَنۡظُرُوۡنَ ﴿ۙ۲۴﴾Кооздолгон тактыларда отурган бойдон карап турган болушат.
-
83:25تَعۡرِفُ فِیۡ وُجُوۡہِہِمۡ نَضۡرَۃَ النَّعِیۡمِ ﴿ۚ۲۵﴾Сен алардын жүздөрүнөн нээмат-берекелердин ажарын көрөсүӊ.
-
83:26یُسۡقَوۡنَ مِنۡ رَّحِیۡقٍ مَّخۡتُوۡمٍ ﴿ۙ۲۶﴾Аларга бир мөөрлөнгөн суусундуктан ичирилет.
-
83:27خِتٰمُہٗ مِسۡکٌ ؕ وَ فِیۡ ذٰلِکَ فَلۡیَتَنَافَسِ الۡمُتَنَافِسُوۡنَ ﴿ؕ۲۷﴾Анын мөөрү жыпар жыт болот. Ошентип, бул (маселе)де мелдешүүгө каалоосу барлар бири-биринен озушсун.
-
83:28وَ مِزَاجُہٗ مِنۡ تَسۡنِیۡمٍ ﴿ۙ۲۸﴾Жана ага «Таснийм» аралашкан болот.
-
83:29عَیۡنًا یَّشۡرَبُ بِہَا الۡمُقَرَّبُوۡنَ ﴿ؕ۲۹﴾(Ал) бир булак болуп, андан (Алланын) жакын пенделери ичишет.
-
83:30اِنَّ الَّذِیۡنَ اَجۡرَمُوۡا کَانُوۡا مِنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا یَضۡحَکُوۡنَ ﴿۫ۖ۳۰﴾Албетте, күнөө кылгандар ыйман келтиргендердин үстүнөн күлүшөөр эле.
-
83:31وَ اِذَا مَرُّوۡا بِہِمۡ یَتَغَامَزُوۡنَ ﴿۫ۖ۳۱﴾Жана алардын жанынан өткөн учурларда, өз ара бири-бирине ишаараттар кылышаар эле.
-
83:32وَ اِذَا انۡقَلَبُوۡۤا اِلٰۤی اَہۡلِہِمُ انۡقَلَبُوۡا فَکِہِیۡنَ ﴿۫ۖ۳۲﴾Жана өз үй-бүлөсү тарапка кайтышканда, курулай кептерди ойлоп чыгарган бойдон кайтышаар эле.
-
83:33وَ اِذَا رَاَوۡہُمۡ قَالُوۡۤا اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ لَضَآلُّوۡنَ ﴿ۙ۳۳﴾Жана ар сапар аларды көргөндөрүндө: «Албетте, булар чын эле адашкандар», - деп айтышаар эле.
-
83:34وَ مَاۤ اُرۡسِلُوۡا عَلَیۡہِمۡ حٰفِظِیۡنَ ﴿ؕ۳۴﴾Жана акыйкатта болсо, алар алардын үстүнөн күзөтүүчү кылып жиберилбеген эле.
-
83:35فَالۡیَوۡمَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنَ الۡکُفَّارِ یَضۡحَکُوۡنَ ﴿ۙ۳۵﴾Бүгүн ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.
-
83:36عَلَی الۡاَرَآئِکِ ۙ یَنۡظُرُوۡنَ ﴿ؕ۳۶﴾Кооздолгон тактыларда отурган бойдон карап турган болушат.
-
83:37ہَلۡ ثُوِّبَ الۡکُفَّارُ مَا کَانُوۡا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿٪۳۷﴾Каапырларга өздөрү кылган амалдарына жараша толук «сыйлык» берилдиби?
0:00
/
0:00