الانفِطار
Ал-Инфитаар
-
82:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
82:2اِذَا السَّمَآءُ انۡفَطَرَتۡ ۙ﴿۲﴾Асман жарылып кеткенде;
-
82:3وَ اِذَا الۡکَوَاکِبُ انۡتَثَرَتۡ ۙ﴿۳﴾Жана жылдыздар чачылып кеткенде;
-
82:4وَ اِذَا الۡبِحَارُ فُجِّرَتۡ ﴿ۙ۴﴾Жана деӊиздер жарылып жиберилгенде;
-
82:5وَ اِذَا الۡقُبُوۡرُ بُعۡثِرَتۡ ۙ﴿۵﴾Жана мүрзөлөр ачылып ташталганда;
-
82:6عَلِمَتۡ نَفۡسٌ مَّا قَدَّمَتۡ وَ اَخَّرَتۡ ؕ﴿۶﴾Ар бир жан эмнелерди кылганын, эмнелерди калтырганын билип алат.
-
82:7یٰۤاَیُّہَا الۡاِنۡسَانُ مَا غَرَّکَ بِرَبِّکَ الۡکَرِیۡمِ ۙ﴿۷﴾Эй, адам! Даӊкы бийик Раббиӊ жөнүндө сени эмне алдап койду?
-
82:8الَّذِیۡ خَلَقَکَ فَسَوّٰٮکَ فَعَدَلَکَ ۙ﴿۸﴾Ал сени жоктон бар кылды, анан сени оӊдоду, кийин сени тегиздеди.
-
82:9فِیۡۤ اَیِّ صُوۡرَۃٍ مَّا شَآءَ رَکَّبَکَ ؕ﴿۹﴾Сени Өзү жактырган түспөлдө чогултту.
-
82:10کَلَّا بَلۡ تُکَذِّبُوۡنَ بِالدِّیۡنِ ۙ﴿۱۰﴾Кулак салгыла! Жок, силер жаза-сыйлыктын өзүн жокко чыгаруудасыӊар.
-
82:11وَ اِنَّ عَلَیۡکُمۡ لَحٰفِظِیۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾Жана силердин үстүӊөрдө сөзсүз күзөтүүчүлөр дайындалган –
-
82:12کِرَامًا کَاتِبِیۡنَ ﴿ۙ۱۲﴾Урматтуу катчылар-жаза тургандар.
-
82:13یَعۡلَمُوۡنَ مَا تَفۡعَلُوۡنَ ﴿۱۳﴾Алар силердин кылып жаткан амалдарыӊарды билишет.
-
82:14اِنَّ الۡاَبۡرَارَ لَفِیۡ نَعِیۡمٍ ﴿ۚ۱۴﴾Албетте, жакшы пенделер сөзсүз ырахатта болушат.
-
82:15وَ اِنَّ الۡفُجَّارَ لَفِیۡ جَحِیۡمٍ ﴿ۚۖ۱۵﴾Жана албетте, бузукулар сөзсүз тозокто болушат.
-
82:16یَّصۡلَوۡنَہَا یَوۡمَ الدِّیۡنِ ﴿۱۶﴾Жаза-сыйлык күнү алар ага киришет.
-
82:17وَ مَا ہُمۡ عَنۡہَا بِغَآئِبِیۡنَ ﴿ؕ۱۷﴾Жана алар андан кайып болуу мүмкүнчүлүгүнө эч качан ээ болушпайт.
-
82:18وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا یَوۡمُ الدِّیۡنِ ﴿ۙ۱۸﴾Жана жаза-сыйлык күнүнүн эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
-
82:19ثُمَّ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا یَوۡمُ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۱۹﴾Дагы бир ирет жаза-сыйлык күнүнүн эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
-
82:20یَوۡمَ لَا تَمۡلِکُ نَفۡسٌ لِّنَفۡسٍ شَیۡئًا ؕ وَ الۡاَمۡرُ یَوۡمَئِذٍ لِّلّٰہِ ﴿٪۲۰﴾Ал эч бир жан башка бир жан үчүн бир нерсе кылууга кудуретсиз боло турган күн! Ошол күнү өкүм (кылуу) бүтүндөй Алланын ыктыярында болот.
0:00
/
0:00