التّکویر
Ат-Таквийр
-
81:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
81:2اِذَا الشَّمۡسُ کُوِّرَتۡ ۪ۙ﴿۲﴾Күн ороп коюлганда;
-
81:3وَ اِذَا النُّجُوۡمُ انۡکَدَرَتۡ ۪ۙ﴿۳﴾Жана жылдыздар үлбүлдөп калганда;
-
81:4وَ اِذَا الۡجِبَالُ سُیِّرَتۡ ۪ۙ﴿۴﴾Жана тоолор (ордунан) жылдырылып жиберилгенде;
-
81:5وَ اِذَا الۡعِشَارُ عُطِّلَتۡ ۪ۙ﴿۵﴾Жана карындагы баласы он айлык болгон бооз төөлөр кароосуз бош жиберилгенде;
-
81:6وَ اِذَا الۡوُحُوۡشُ حُشِرَتۡ ۪ۙ﴿۶﴾Жана жырткычтар топтоштурулганда;
-
81:7وَ اِذَا الۡبِحَارُ سُجِّرَتۡ ۪ۙ﴿۷﴾Жана деӊиздер жарылып жиберилгенде;
-
81:8وَ اِذَا النُّفُوۡسُ زُوِّجَتۡ ۪ۙ﴿۸﴾Жана адамдар биргелештирилгенде;
-
81:9وَ اِذَا الۡمَوۡءٗدَۃُ سُئِلَتۡ ۪ۙ﴿۹﴾Жана тирүүлөй көмүлүп жиберилген (кыз өзү туурасында) суралганда:
-
81:10بِاَیِّ ذَنۡۢبٍ قُتِلَتۡ ۚ﴿۱۰﴾«Ко-ош, кайсы күнөө үчүн өлтүрүлдү?»
-
81:11وَ اِذَا الصُّحُفُ نُشِرَتۡ ﴿۪ۙ۱۱﴾Жана баракчалар таркатылганда;
-
81:12وَ اِذَا السَّمَآءُ کُشِطَتۡ ﴿۪ۙ۱۲﴾Жана асмандын териси шылынылганда;
-
81:13وَ اِذَا الۡجَحِیۡمُ سُعِّرَتۡ ﴿۪ۙ۱۳﴾Жана тозок жалындатылганында;
-
81:14وَ اِذَا الۡجَنَّۃُ اُزۡلِفَتۡ ﴿۪ۙ۱۴﴾Жана бейиш жакын келтирилип коюлганда –
-
81:15عَلِمَتۡ نَفۡسٌ مَّاۤ اَحۡضَرَتۡ ﴿ؕ۱۵﴾Ар бир жан эмне келтиргенин билип алат.
-
81:16فَلَاۤ اُقۡسِمُ بِالۡخُنَّسِ ﴿ۙ۱۶﴾Кулак салгыла! Мен жашыруун иштерди кылып, изине кайта тургандарга касам ичемин –
-
81:17الۡجَوَارِ الۡکُنَّسِ ﴿ۙ۱۷﴾Жашырынуу учурунда (же жашырына турган жайларда) бекинип алуучу кемелерге.
-
81:18وَ الَّیۡلِ اِذَا عَسۡعَسَ ﴿ۙ۱۸﴾Түнгө, качан ал келет жана артына кайтат.
-
81:19وَ الصُّبۡحِ اِذَا تَنَفَّسَ ﴿ۙ۱۹﴾Жана таӊга, качан ал дем ала баштайт.
-
81:20اِنَّہٗ لَقَوۡلُ رَسُوۡلٍ کَرِیۡمٍ ﴿ۙ۲۰﴾Албетте, бул – бир урматтуу Пайгамбардын сөзү.
-
81:21ذِیۡ قُوَّۃٍ عِنۡدَ ذِی الۡعَرۡشِ مَکِیۡنٍ ﴿ۙ۲۱﴾(Ал) күч-кубаттуу; Арш ээсинин алдында мартабалуу.
-
81:22مُّطَاعٍ ثَمَّ اَمِیۡنٍ ﴿ؕ۲۲﴾Бой сунууга ылайыктуу, ал жерде (Арш ээсинин алдында) ишеничтүү.
-
81:23وَ مَا صَاحِبُکُمۡ بِمَجۡنُوۡنٍ ﴿ۚ۲۳﴾Жана (албетте), силердин жолдошуӊар жинди эмес.
-
81:24وَ لَقَدۡ رَاٰہُ بِالۡاُفُقِ الۡمُبِیۡنِ ﴿ۚ۲۴﴾Жана ал албетте, Аны жарык мейкиндикте көрүп алган.
-
81:25وَ مَا ہُوَ عَلَی الۡغَیۡبِ بِضَنِیۡنٍ ﴿ۚ۲۵﴾Жана ал кайып(ты баяндоо)го сараӊ эмес.
-
81:26وَ مَا ہُوَ بِقَوۡلِ شَیۡطٰنٍ رَّجِیۡمٍ ﴿ۙ۲۶﴾Жана ал кандайдыр бир куулган шайтандын сөзү эмес.
-
81:27فَاَیۡنَ تَذۡہَبُوۡنَ ﴿ؕ۲۷﴾Демек, каякка жол тутуудасыӊар?
-
81:28اِنۡ ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٌ لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۲۸﴾Ал бүт ааламдар үчүн бир улуу насаат гана –
-
81:29لِمَنۡ شَآءَ مِنۡکُمۡ اَنۡ یَّسۡتَقِیۡمَ ﴿ؕ۲۹﴾Араӊардагы туруктуулук көрсөтмөкчү болгон киши үчүн.
-
81:30وَ مَا تَشَآءُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿٪۳۰﴾Жана силер бүт ааламдардын Раббиси болгон Алла каалагандан бөлөкчө эч нерсени каалай албайсыӊар.
0:00
/
0:00