عَبَسَ
Абаса
-
80:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
80:2عَبَسَ وَ تَوَلّٰۤی ۙ﴿۲﴾Ал кабагын чытыды жана жүзүн буруп алды.
-
80:3اَنۡ جَآءَہُ الۡاَعۡمٰی ؕ﴿۳﴾Анткени, анын алдына көзү көр бир киши келген.
-
80:4وَ مَا یُدۡرِیۡکَ لَعَلَّہٗ یَزَّکّٰۤی ۙ﴿۴﴾Жана ал таза болуп чыгуу ыктымалын сен кайдан билесиӊ?
-
80:5اَوۡ یَذَّکَّرُ فَتَنۡفَعَہُ الذِّکۡرٰی ؕ﴿۵﴾Же ал акыл-насаатка көӊүл бөлгөндө, насаат ага пайда берерин дагы.
-
80:6اَمَّا مَنِ اسۡتَغۡنٰی ۙ﴿۶﴾Ал кайдыгер бирөө –
-
80:7فَاَنۡتَ لَہٗ تَصَدّٰی ؕ﴿۷﴾Сен ага көп көӊүл бурдуӊ.
-
80:8وَ مَا عَلَیۡکَ اَلَّا یَزَّکّٰی ؕ﴿۸﴾Жана акыйкатта болсо, эгер ал тазаланууну каалабаса, сен жоопкер эмессиӊ.
-
80:9وَ اَمَّا مَنۡ جَآءَکَ یَسۡعٰی ۙ﴿۹﴾Ал эми сенин жаныӊа чуркап келген киши –
-
80:10وَ ہُوَ یَخۡشٰی ۙ﴿۱۰﴾Жана ал коркуп жаткан эле.
-
80:11فَاَنۡتَ عَنۡہُ تَلَہّٰی ﴿ۚ۱۱﴾Сен болсо, ага көӊүл бурбай койдуӊ.
-
80:12کَلَّاۤ اِنَّہَا تَذۡکِرَۃٌ ﴿ۚ۱۲﴾Кулак салгыла! Албетте, бул – бир чоӊ насаат.
-
80:13فَمَنۡ شَآءَ ذَکَرَہٗ ﴿ۘ۱۳﴾Ошентип, каалаган киши аны эсте тутсун.
-
80:14فِیۡ صُحُفٍ مُّکَرَّمَۃٍ ﴿ۙ۱۴﴾Куттуу баракчаларда бар –
-
80:15مَّرۡفُوۡعَۃٍ مُّطَہَّرَۃٍۭ ﴿ۙ۱۵﴾Алар жогорулатылган, абдан тазаланган.
-
80:16بِاَیۡدِیۡ سَفَرَۃٍ ﴿ۙ۱۶﴾Жаза тургандардын колдорунда –
-
80:17کِرَامٍۭ بَرَرَۃٍ ﴿ؕ۱۷﴾(Алар) абдан абройлуу (жана) абдан такыба.
-
80:18قُتِلَ الۡاِنۡسَانُ مَاۤ اَکۡفَرَہٗ ﴿ؕ۱۸﴾Адамзатка өлүм болсун! Ал кандай шүкүрсүз!
-
80:19مِنۡ اَیِّ شَیۡءٍ خَلَقَہٗ ﴿ؕ۱۹﴾Ал аны эмнеден жараткан?
-
80:20مِنۡ نُّطۡفَۃٍ ؕ خَلَقَہٗ فَقَدَّرَہٗ ﴿ۙ۲۰﴾Бел суусунан. Ал аны жаратты, анан ага (өнүгүү) өлчөмүн белгиледи;
-
80:21ثُمَّ السَّبِیۡلَ یَسَّرَہٗ ﴿ۙ۲۱﴾Анан жолду ал үчүн жеӊил кылып койду.
-
80:22ثُمَّ اَمَاتَہٗ فَاَقۡبَرَہٗ ﴿ۙ۲۲﴾Анан аны өлтүрдү жана кабырга киргизди.
-
80:23ثُمَّ اِذَا شَآءَ اَنۡشَرَہٗ ﴿ؕ۲۳﴾Анан Ал каалаганда, аны тургузат.
-
80:24کَلَّا لَمَّا یَقۡضِ مَاۤ اَمَرَہٗ ﴿ؕ۲۴﴾Кулак салгыла! Ал (Алла) ага буюрган нерселерди азыркыга чейин ал аткара албады.
-
80:25فَلۡیَنۡظُرِ الۡاِنۡسَانُ اِلٰی طَعَامِہٖۤ ﴿ۙ۲۵﴾Ошентип, адам өзүнүн азык-түлүгүнө бир назар салсын –
-
80:26اَنَّا صَبَبۡنَا الۡمَآءَ صَبًّا ﴿ۙ۲۶﴾Биз мол суу жаадырдык.
-
80:27ثُمَّ شَقَقۡنَا الۡاَرۡضَ شَقًّا ﴿ۙ۲۷﴾Анан жерди жакшылап жардык.
-
80:28فَاَنۡۢبَتۡنَا فِیۡہَا حَبًّا ﴿ۙ۲۸﴾Анан анда дандарды өстүрдүк –
-
80:29وَّ عِنَبًا وَّ قَضۡبًا ﴿ۙ۲۹﴾Жүзүмдөр жана жашылчаларды;
-
80:30وَّ زَیۡتُوۡنًا وَّ نَخۡلًا ﴿ۙ۳۰﴾Зайтун жана курмаларды;
-
80:31وَّ حَدَآئِقَ غُلۡبًا ﴿ۙ۳۱﴾Жана калыӊ бактарды;
-
80:32وَّ فَاکِہَۃً وَّ اَبًّا ﴿ۙ۳۲﴾Ошондой эле ар кыл мөмөлөр жана чөп-чарларды дагы –
-
80:33مَّتَاعًا لَّکُمۡ وَ لِاَنۡعَامِکُمۡ ﴿ؕ۳۳﴾Алар силер жана чарба малдарыӊардын пайдасы үчүн!
-
80:34فَاِذَا جَآءَتِ الصَّآخَّۃُ ﴿۫۳۴﴾Ошентип, кулак жара турган бир кыйкырык келгенде,
-
80:35یَوۡمَ یَفِرُّ الۡمَرۡءُ مِنۡ اَخِیۡہِ ﴿ۙ۳۵﴾Адам өзүнүн бир тууганынан да кача турган күнү –
-
80:36وَ اُمِّہٖ وَ اَبِیۡہِ ﴿ۙ۳۶﴾Жана өзүнүн энесинен дагы, атасынан дагы;
-
80:37وَ صَاحِبَتِہٖ وَ بَنِیۡہِ ﴿ؕ۳۷﴾Жана аялынан дагы, балдарынан дагы.
-
80:38لِکُلِّ امۡرِیًٴ مِّنۡہُمۡ یَوۡمَئِذٍ شَاۡنٌ یُّغۡنِیۡہِ ﴿ؕ۳۸﴾Ошол күнү ар бир киши мындай ахвалга туш келет: ал аны (башкалардан) кайдыгер кылып коёт.
-
80:39وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ مُّسۡفِرَۃٌ ﴿ۙ۳۹﴾Жана ошол күнү айрым жүздөр жарык болот –
-
80:40ضَاحِکَۃٌ مُّسۡتَبۡشِرَۃٌ ﴿ۚ۴۰﴾Жылмайган, шаттуу.
-
80:41وَ وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ عَلَیۡہَا غَبَرَۃٌ ﴿ۙ۴۱﴾Жана ошол күнү айрым жүздөрдү чаӊ баскан болот.
-
80:42تَرۡہَقُہَا قَتَرَۃٌ ﴿ؕ۴۲﴾Аларды каралык каптап турган болот.
-
80:43اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡکَفَرَۃُ الۡفَجَرَۃُ ﴿٪۴۳﴾Мына ошолор шүкүрсүз, бузукулар.
0:00
/
0:00