النَّازعَات
Ан-Наазиъаат
-
79:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
79:2وَ النّٰزِعٰتِ غَرۡقًا ۙ﴿۲﴾Чумкуп тартуучуларга (же) чөктүрүү максатында тартуучуларга касам!
-
79:3وَّ النّٰشِطٰتِ نَشۡطًا ۙ﴿۳﴾Жана өтө шатман болуучуларга.
-
79:4وَّ السّٰبِحٰتِ سَبۡحًا ۙ﴿۴﴾Жана көп сүзүүчүлөргө.
-
79:5فَالسّٰبِقٰتِ سَبۡقًا ۙ﴿۵﴾Анан бири-биринен озгондорго.
-
79:6فَالۡمُدَبِّرٰتِ اَمۡرًا ۘ﴿۶﴾Анан кандайдыр бир маанилүү иш эрежесин түзүүчүлөргө.
-
79:7یَوۡمَ تَرۡجُفُ الرَّاجِفَۃُ ۙ﴿۷﴾Калтыра турган катуу титирөөгө түшө турган күнү –
-
79:8تَتۡبَعُہَا الرَّادِفَۃُ ؕ﴿۸﴾Бир ээрчий турган аны ээрчийт.
-
79:9قُلُوۡبٌ یَّوۡمَئِذٍ وَّاجِفَۃٌ ۙ﴿۹﴾Жүрөктөр ошол күнү катуу ойноп жаткан болот.
-
79:10اَبۡصَارُہَا خَاشِعَۃٌ ۘ﴿۱۰﴾Алардын көздөрү жерге кадалган болот.
-
79:11یَقُوۡلُوۡنَ ءَاِنَّا لَمَرۡدُوۡدُوۡنَ فِی الۡحَافِرَۃِ ﴿ؕ۱۱﴾Ал (адам)дар айтышат: «Чын эле биз абалкы ахвалыбызга кайтарылабызбы?
-
79:12ءَ اِذَا کُنَّا عِظَامًا نَّخِرَۃً ﴿ؕ۱۲﴾Биз чирип кеткен сөөктөргө айланып кеткенибиздеби ыя?»
-
79:13قَالُوۡا تِلۡکَ اِذًا کَرَّۃٌ خَاسِرَۃٌ ﴿ۘ۱۳﴾Алар айтышат: «Андай болсо, бул зыян келтире турган кайтуу болот го!»
-
79:14فَاِنَّمَا ہِیَ زَجۡرَۃٌ وَّاحِدَۃٌ ﴿ۙ۱۴﴾(Кулак салгыла): «Бул албетте, бир чоӊ эскертүү (үнү) болот».
-
79:15فَاِذَا ہُمۡ بِالسَّاہِرَۃِ ﴿ؕ۱۵﴾Ошондо алар кокустан бир ачык майданда болушат.
-
79:16ہَلۡ اَتٰٮکَ حَدِیۡثُ مُوۡسٰی ﴿ۘ۱۶﴾Сага Мусанын кабары келген жокпу?
-
79:17اِذۡ نَادٰٮہُ رَبُّہٗ بِالۡوَادِ الۡمُقَدَّسِ طُوًی ﴿ۚ۱۷﴾Качан анын Раббиси ыйык Туваа өрөөнүндө ага үн салды:
-
79:18اِذۡہَبۡ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ اِنَّہٗ طَغٰی ﴿۫ۖ۱۸﴾«Фараондун алдына бар. Албетте, ал баш ийбестик кылды.
-
79:19فَقُلۡ ہَلۡ لَّکَ اِلٰۤی اَنۡ تَزَکّٰی ﴿ۙ۱۹﴾Ошентип, сурагын: «Тазаланууну каалайсыӊбы?
-
79:20وَ اَہۡدِیَکَ اِلٰی رَبِّکَ فَتَخۡشٰی ﴿ۚ۲۰﴾Жана сен коркушуӊ үчүн мен сени Раббиӊ тарапка хидаят кылайынбы?»
-
79:21فَاَرٰٮہُ الۡاٰیَۃَ الۡکُبۡرٰی ﴿۫ۖ۲۱﴾Анан ал ага бир абдан чоӊ аят-жышаан көрсөттү.
-
79:22فَکَذَّبَ وَ عَصٰی ﴿۫ۖ۲۲﴾Ошондо ал (аны) жалганчыга чыгарды жана баш ийбестик кылды.
-
79:23ثُمَّ اَدۡبَرَ یَسۡعٰی ﴿۫ۖ۲۳﴾Анан шашылып артына кайрылып кетти.
-
79:24فَحَشَرَ فَنَادٰی ﴿۫ۖ۲۴﴾Анан ал (адам)дарды топтоду жана кыйкырды.
-
79:25فَقَالَ اَنَا رَبُّکُمُ الۡاَعۡلٰی ﴿۫ۖ۲۵﴾Анан айтты: «Мен өзүм силердин эӊ бийик раббиӊермин».
-
79:26فَاَخَذَہُ اللّٰہُ نَکَالَ الۡاٰخِرَۃِ وَ الۡاُوۡلٰی ﴿ؕ۲۶﴾Ошондо Алла аны акырет жана дүйнөнүн бир ибараттуу жазасы менен тутуп алды.
-
79:27اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَعِبۡرَۃً لِّمَنۡ یَّخۡشٰی ﴿ؕ٪۲۷﴾Албетте, мында корко турган киши үчүн сөзсүз бир чоӊ ибарат бар.
-
79:28ءَاَنۡتُمۡ اَشَدُّ خَلۡقًا اَمِ السَّمَآءُ ؕ بَنٰہَا ﴿ٝ۲۸﴾Жаратууда силер кыйынырааксыӊарбы же Ал (Алла) жараткан асманбы?
-
79:29رَفَعَ سَمۡکَہَا فَسَوّٰٮہَا ﴿ۙ۲۹﴾Ал анын бийиктигин абдан бийик кылды; анан аны оӊдоп койду.
-
79:30وَ اَغۡطَشَ لَیۡلَہَا وَ اَخۡرَجَ ضُحٰہَا ﴿۪۳۰﴾Анын түнүн каптап койду жана анын таӊын чыгарды.
-
79:31وَ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ ذٰلِکَ دَحٰٮہَا ﴿ؕ۳۱﴾Жана ушундан кийин жерди тегиз кылып койду.
-
79:32اَخۡرَجَ مِنۡہَا مَآءَہَا وَ مَرۡعٰہَا ﴿۪۳۲﴾Анын ичинен анын суусун жана анда өсө турган чөп-чарларды чыгарды.
-
79:33وَ الۡجِبَالَ اَرۡسٰہَا ﴿ۙ۳۳﴾Жана тоолорду Ал тереӊ кадап койду –
-
79:34مَتَاعًا لَّکُمۡ وَ لِاَنۡعَامِکُمۡ ﴿ؕ۳۴﴾Силер жана чарба малдарыӊардын тиричилик каражаттары катары.
-
79:35فَاِذَا جَآءَتِ الطَّآمَّۃُ الۡکُبۡرٰی ﴿۫ۖ۳۵﴾Ошентип, эӊ чоӊ балээ келгенде –
-
79:36یَوۡمَ یَتَذَکَّرُ الۡاِنۡسَانُ مَا سَعٰی ﴿ۙ۳۶﴾Ошол күнү адамзат бардык кылган аракеттерин эске алат.
-
79:37وَ بُرِّزَتِ الۡجَحِیۡمُ لِمَنۡ یَّرٰی ﴿۳۷﴾Жана (ал азыркыга чейин бир гана элестүү көзү менен) көрүп жаткан тозок ага ачык кылынып коюлат.
-
79:38فَاَمَّا مَنۡ طَغٰی ﴿ۙ۳۸﴾Демек, ким бейбаштык кылган болсо –
-
79:39وَ اٰثَرَ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا ﴿ۙ۳۹﴾Жана дүнүйө жашоосун жогору кылып койгон болсо –
-
79:40فَاِنَّ الۡجَحِیۡمَ ہِیَ الۡمَاۡوٰی ﴿ؕ۴۰﴾Албетте, тозоктун өзү (анын) турак жайы болот.
-
79:41وَ اَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّہٖ وَ نَہَی النَّفۡسَ عَنِ الۡہَوٰی ﴿ۙ۴۱﴾Ал эми өз Раббисинин мартабасынан корккон жана өз напсисин жеӊил ойлорунан ажырата алган бирөө –
-
79:42فَاِنَّ الۡجَنَّۃَ ہِیَ الۡمَاۡوٰی ﴿ؕ۴۲﴾Албетте, (анын) турак жайы бейиштин өзү болот.
-
79:43یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ السَّاعَۃِ اَیَّانَ مُرۡسٰہَا ﴿ؕ۴۳﴾Алар сенден кыямат Сааты жөнүндө: «Ал качан болот?» - деп сурашат.
-
79:44فِیۡمَ اَنۡتَ مِنۡ ذِکۡرٰٮہَا ﴿ؕ۴۴﴾Анын баянынан сен кандай ойдосуӊ?
-
79:45اِلٰی رَبِّکَ مُنۡتَہٰٮہَا ﴿ؕ۴۵﴾Анын чеги Раббиӊдин тарабында гана.
-
79:46اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مُنۡذِرُ مَنۡ یَّخۡشٰہَا ﴿ؕ۴۶﴾Сен андан корко турган бирөөнү гана кулактандыра аласыӊ.
-
79:47کَاَنَّہُمۡ یَوۡمَ یَرَوۡنَہَا لَمۡ یَلۡبَثُوۡۤا اِلَّا عَشِیَّۃً اَوۡ ضُحٰہَا ﴿٪۴۷﴾Алар аны көргөндөрүндө, (минтип ойлошот): «Тим эле (бул дүйнөдө) бир кече же анын таӊынчалык гана жашадык».
0:00
/
0:00