Курани карим Ал-Кыяма • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

القِیَامَة

Ал-Кыяма

  • 75:1
    بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • 75:2
    لَاۤ اُقۡسِمُ بِیَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ ۙ﴿۲﴾
    Кулак салгыла! Мен кыямат күнүнө касам ичемин.
  • 75:3
    وَ لَاۤ اُقۡسِمُ بِالنَّفۡسِ اللَّوَّامَۃِ ؕ﴿۳﴾
    Жана кулак салгыла! Мен катуу жемелөөчү напси-жанга да касам ичемин.
  • 75:4
    اَیَحۡسَبُ الۡاِنۡسَانُ اَلَّنۡ نَّجۡمَعَ عِظَامَہٗ ؕ﴿۴﴾
    Эмне, адам баласы: «Биз анын сөөктөрүн чогултпайбыз», - деп ойлойбу?
  • 75:5
    بَلٰی قٰدِرِیۡنَ عَلٰۤی اَنۡ نُّسَوِّیَ بَنَانَہٗ ﴿۵﴾
    Жок, андай эмес! Биз бармак учтарын да түздөп, оӊдоого кудуреттүүбүз.
  • 75:6
    بَلۡ یُرِیۡدُ الۡاِنۡسَانُ لِیَفۡجُرَ اَمَامَہٗ ۚ﴿۶﴾
    Чынында, адамзат Анын алдында дагы күнөө иштерди кылып жүрүүнү каалайт.
  • 75:7
    یَسۡـَٔلُ اَیَّانَ یَوۡمُ الۡقِیٰمَۃِ ؕ﴿۷﴾
    Ал: «Кыямат күнү качан келет?» - деп сурайт.
  • 75:8
    فَاِذَا بَرِقَ الۡبَصَرُ ۙ﴿۸﴾
    Сен (жооп бер): «Көз камалып калганда;
  • 75:9
    وَ خَسَفَ الۡقَمَرُ ۙ﴿۹﴾
    Жана ай тутулганда;
  • 75:10
    وَ جُمِعَ الشَّمۡسُ وَ الۡقَمَرُ ۙ﴿۱۰﴾
    Жана күн менен ай бириктирилгенде».
  • 75:11
    یَقُوۡلُ الۡاِنۡسَانُ یَوۡمَئِذٍ اَیۡنَ الۡمَفَرُّ ﴿ۚ۱۱﴾
    Ошол күнү адамзат айтат: «Кайда качсам болот?»
  • 75:12
    کَلَّا لَا وَزَرَ ﴿ؕ۱۲﴾
    Кулак салгыла! Эч кандай башпаанек жок.
  • 75:13
    اِلٰی رَبِّکَ یَوۡمَئِذِ ۣ الۡمُسۡتَقَرُّ ﴿ؕ۱۳﴾
    Ошол күнү башпаанек бир гана Раббиӊдин алдында болот.
  • 75:14
    یُنَبَّؤُا الۡاِنۡسَانُ یَوۡمَئِذٍۭ بِمَا قَدَّمَ وَ اَخَّرَ ﴿ؕ۱۴﴾
    Ошол күнү адамга анын эмнелерин мурун жөнөткөнү жана эмнелерди артта калтырганы туурасында кабар берилет.
  • 75:15
    بَلِ الۡاِنۡسَانُ عَلٰی نَفۡسِہٖ بَصِیۡرَۃٌ ﴿ۙ۱۵﴾
    Чынында, адамзат өзүнө карата абдан акыл-парасат ээси –
  • 75:16
    وَّ لَوۡ اَلۡقٰی مَعَاذِیۡرَہٗ ﴿ؕ۱۶﴾
    Жана эгер ал кечирим сураса да.
  • 75:17
    لَا تُحَرِّکۡ بِہٖ لِسَانَکَ لِتَعۡجَلَ بِہٖ ﴿ؕ۱۷﴾
    Сен муну окуп жатканыӊда, аны тез-тез жаттап алуу максатында тилиӊди тез-тез кыймылдатпа.
  • 75:18
    اِنَّ عَلَیۡنَا جَمۡعَہٗ وَ قُرۡاٰنَہٗ ﴿ۚۖ۱۸﴾
    Албетте, аны топтоо жана аны окуу Биздин милдетибизде.
  • 75:19
    فَاِذَا قَرَاۡنٰہُ فَاتَّبِعۡ قُرۡاٰنَہٗ ﴿ۚ۱۹﴾
    Ошондуктан, Биз аны окуп болгондон кийин, анын окуусун ээрчи.
  • 75:20
    ثُمَّ اِنَّ عَلَیۡنَا بَیَانَہٗ ﴿ؕ۲۰﴾
    Анан албетте, аны ачык-айкын баян кылуу да Биздин милдетибизде.
  • 75:21
    کَلَّا بَلۡ تُحِبُّوۡنَ الۡعَاجِلَۃَ ﴿ۙ۲۱﴾
    Кулак салгыла! Жок, силер дүйнөнү жакшы көрөсүӊөр.
  • 75:22
    وَ تَذَرُوۡنَ الۡاٰخِرَۃَ ﴿ؕ۲۲﴾
    Жана акыретке көӊүл кош карайсыӊар.
  • 75:23
    وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ نَّاضِرَۃٌ ﴿ۙ۲۳﴾
    Жана айрым жүздөр ошол күнү албырап турат –
  • 75:24
    اِلٰی رَبِّہَا نَاظِرَۃٌ ﴿ۚ۲۴﴾
    Өз Раббисине карап турган абалда.
  • 75:25
    وَ وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍۭ بَاسِرَۃٌ ﴿ۙ۲۵﴾
    Жана айрым жүздөр болсо, ошол күнү катуу бырышкан болот.
  • 75:26
    تَظُنُّ اَنۡ یُّفۡعَلَ بِہَا فَاقِرَۃٌ ﴿ؕ۲۶﴾
    Алар өздөрүнө белди сындыруучу мамиле кылынышын сезишет.
  • 75:27
    کَلَّاۤ اِذَا بَلَغَتِ التَّرَاقِیَ ﴿ۙ۲۷﴾
    Кулак салгыла! Жан алкымга чейин жетип барганда,
  • 75:28
    وَ قِیۡلَ مَنۡ ٜ رَاقٍ ﴿ۙ۲۸﴾
    «Жана дем салуучу ким?» - деп айтылат.
  • 75:29
    وَّ ظَنَّ اَنَّہُ الۡفِرَاقُ ﴿ۙ۲۹﴾
    Жана ал ажыроо (убак) экендигин байкап алат.
  • 75:30
    وَ الۡتَفَّتِ السَّاقُ بِالسَّاقِ ﴿ۙ۳۰﴾
    Жана шыйрак шыйракка урулуп турган болот.
  • 75:31
    اِلٰی رَبِّکَ یَوۡمَئِذِ ۣالۡمَسَاقُ ﴿ؕ٪۳۱﴾
    Ошол күнү Раббиӊдин алдына гана айдалуу бар.
  • 75:32
    فَلَا صَدَّقَ وَ لَا صَلّٰی ﴿ۙ۳۲﴾
    Ошентип, ал тастыктабады, намаз да окубады.
  • 75:33
    وَ لٰکِنۡ کَذَّبَ وَ تَوَلّٰی ﴿ۙ۳۳﴾
    Жалганга чыгарды жана жүз буруп алды.
  • 75:34
    ثُمَّ ذَہَبَ اِلٰۤی اَہۡلِہٖ یَتَمَطّٰی ﴿ؕ۳۴﴾
    Анан ал өз үй-бүлөсү тарапка дердейип кетти.
  • 75:35
    اَوۡلٰی لَکَ فَاَوۡلٰی ﴿ۙ۳۵﴾
    «Сага өлүм болсун! Дагы бир ирет өлүм болсун!
  • 75:36
    ثُمَّ اَوۡلٰی لَکَ فَاَوۡلٰی ﴿ؕ۳۶﴾
    Дагы бир жолу сага өлүм болсун! Дагы бир ирет өлүм болсун!»
  • 75:37
    اَیَحۡسَبُ الۡاِنۡسَانُ اَنۡ یُّتۡرَکَ سُدًی ﴿ؕ۳۷﴾
    Эмне, адамзат: «Мен тизгинсиз калтырыламын», - деп ойлойбу.
  • 75:38
    اَلَمۡ یَکُ نُطۡفَۃً مِّنۡ مَّنِیٍّ یُّمۡنٰی ﴿ۙ۳۸﴾
    Деги ал куюлган бел суусунун бир тамчысы эмес беле?
  • 75:39
    ثُمَّ کَانَ عَلَقَۃً فَخَلَقَ فَسَوّٰی ﴿ۙ۳۹﴾
    Анан ал бир уюган канга айланды. Ошентип, Ал (Алла) аны жаратты, анан аны толуктады.
  • 75:40
    فَجَعَلَ مِنۡہُ الزَّوۡجَیۡنِ الذَّکَرَ وَ الۡاُنۡثٰی ﴿ؕ۴۰﴾
    Анан андан эркек жана ургаачы катары жуп-жуп кылып жаратты.
  • 75:41
    اَلَیۡسَ ذٰلِکَ بِقٰدِرٍ عَلٰۤی اَنۡ یُّحۡیِۦَ الۡمَوۡتٰی ﴿٪۴۱﴾
    Эмне, Ал (Алла) өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?
0:00
/
0:00
 
Share via
Share via