المعَارج
Ал-Маъаариж
-
70:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
70:2سَاَلَ سَآئِلٌۢ بِعَذَابٍ وَّاقِعٍ ۙ﴿۲﴾Бир суроочу сөзсүз боло турган азап туурасында сурады.
-
70:3لِّلۡکٰفِرِیۡنَ لَیۡسَ لَہٗ دَافِعٌ ۙ﴿۳﴾Каапырларды андан куткара турган эч нерсе жок.
-
70:4مِّنَ اللّٰہِ ذِی الۡمَعَارِجِ ؕ﴿۴﴾Бардык бийиктиктердин ээси болгон Алла тарабынан.
-
70:5تَعۡرُجُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ وَ الرُّوۡحُ اِلَیۡہِ فِیۡ یَوۡمٍ کَانَ مِقۡدَارُہٗ خَمۡسِیۡنَ اَلۡفَ سَنَۃٍ ۚ﴿۵﴾Периштелер жана рух Ал тарапка өлчөмү элүү миӊ жыл болгон бир күндө көтөрүлүшөт.
-
70:6فَاصۡبِرۡ صَبۡرًا جَمِیۡلًا ﴿۶﴾Ошентип, эӊ сонун сабыр кыл.
-
70:7اِنَّہُمۡ یَرَوۡنَہٗ بَعِیۡدًا ۙ﴿۷﴾Алар албетте, аны абдан узак деп көрүшүүдө.
-
70:8وَّ نَرٰٮہُ قَرِیۡبًا ؕ﴿۸﴾Жана Биз болсо, анын жакын экенин көрөбүз.
-
70:9یَوۡمَ تَکُوۡنُ السَّمَآءُ کَالۡمُہۡلِ ۙ﴿۹﴾Ал күндө асман кудум эриген жез сыӊары болуп калат.
-
70:10وَ تَکُوۡنُ الۡجِبَالُ کَالۡعِہۡنِ ۙ﴿۱۰﴾Жана тоолор кудум тытылган жүндөй болуп кетет.
-
70:11وَ لَا یَسۡـَٔلُ حَمِیۡمٌ حَمِیۡمًا ﴿ۚۖ۱۱﴾Жана эч бир чыныгы дос башка бир чыныгы досу(нун ахвалы)н сурабайт.
-
70:12یُّبَصَّرُوۡنَہُمۡ ؕ یَوَدُّ الۡمُجۡرِمُ لَوۡ یَفۡتَدِیۡ مِنۡ عَذَابِ یَوۡمِئِذٍۭ بِبَنِیۡہِ ﴿ۙ۱۲﴾Алар өздөрүнө жакшылап көрсөтүлөт. Күнөөкөр ошол күн азабынан кутулуу үчүн өз уулдарын төлөм кылып берүүнү тилейт;
-
70:13وَ صَاحِبَتِہٖ وَ اَخِیۡہِ ﴿ۙ۱۳﴾Аялын жана ага-инисин;
-
70:14وَ فَصِیۡلَتِہِ الَّتِیۡ تُــٔۡوِیۡہِ ﴿ۙ۱۴﴾Жана ага башпаана берген уруусун дагы;
-
70:15وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا ۙ ثُمَّ یُنۡجِیۡہِ ﴿ۙ۱۵﴾Жана жердеги бар нерселерди дагы. Анан ал (төлөм) өзүн ал (азап)тан куткаруу(ну тилейт).
-
70:16کَلَّا ؕ اِنَّہَا لَظٰی ﴿ۙ۱۶﴾Кулак салгыла! Албетте, ал бир түтүнсүз шоола.
-
70:17نَزَّاعَۃً لِّلشَّوٰی ﴿ۚۖ۱۷﴾Терини шылып алуучу.
-
70:18تَدۡعُوۡا مَنۡ اَدۡبَرَ وَ تَوَلّٰی ﴿ۙ۱۸﴾Ал бурулуп кеткен жана жүз бурган ар кимди чакырат –
-
70:19وَ جَمَعَ فَاَوۡعٰی ﴿۱۹﴾Топтогон жана кийинкиге кам камдаган (бирөөнү).
-
70:20اِنَّ الۡاِنۡسَانَ خُلِقَ ہَلُوۡعًا ﴿ۙ۲۰﴾Албетте, адамзат өтө ачкөз болуп жаратылган.
-
70:21اِذَا مَسَّہُ الشَّرُّ جَزُوۡعًا ﴿ۙ۲۱﴾Ага кандайдыр бир жамандык жеткенде, катуу ый-зар салуучу болот.
-
70:22وَّ اِذَا مَسَّہُ الۡخَیۡرُ مَنُوۡعًا ﴿ۙ۲۲﴾Жана ага кандайдыр бир жакшылык жеткенде, катуу сараӊ болуп калат.
-
70:23اِلَّا الۡمُصَلِّیۡنَ ﴿ۙ۲۳﴾Ооба, намаз окуй турган кишилердин мамилеси башкача –
-
70:24الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَلٰی صَلَاتِہِمۡ دَآئِمُوۡنَ ﴿۪ۙ۲۴﴾Алар өз намаздарында дайыма туруучулар.
-
70:25وَ الَّذِیۡنَ فِیۡۤ اَمۡوَالِہِمۡ حَقٌّ مَّعۡلُوۡمٌ ﴿۪ۙ۲۵﴾Жана дүнүйө-мүлктөрүндө бир белгилүү акы барлар –
-
70:26لِّلسَّآئِلِ وَ الۡمَحۡرُوۡمِ ﴿۪ۙ۲۶﴾Суроочулар жана куру калуучулар үчүн.
-
70:27وَ الَّذِیۡنَ یُصَدِّقُوۡنَ بِیَوۡمِ الدِّیۡنِ ﴿۪ۙ۲۷﴾Сыйлык жана жаза күнүн тастыктоочулар.
-
70:28وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ مِّنۡ عَذَابِ رَبِّہِمۡ مُّشۡفِقُوۡنَ ﴿ۚ۲۸﴾Жана Раббисинин азабынан корко тургандар.
-
70:29اِنَّ عَذَابَ رَبِّہِمۡ غَیۡرُ مَاۡمُوۡنٍ ﴿۲۹﴾Албетте, алардын Раббисинин азабы ушундай: андан кутулуп болбойт.
-
70:30وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِفُرُوۡجِہِمۡ حٰفِظُوۡنَ ﴿ۙ۳۰﴾Жана өз уяттуу жерлерин сактоочулар.
-
70:31اِلَّا عَلٰۤی اَزۡوَاجِہِمۡ اَوۡ مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُہُمۡ فَاِنَّہُمۡ غَیۡرُ مَلُوۡمِیۡنَ ﴿ۚ۳۱﴾Өз аялдары жана кол астындагы (аял)дарынан башкасына. Албетте, алар жемеленбес.
-
70:32فَمَنِ ابۡتَغٰی وَرَآءَ ذٰلِکَ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡعٰدُوۡنَ ﴿ۚ۳۲﴾Эми ким мындан өзгө (кандайдыр бир нерсени) тилесе, мына ошолор чектен ашуучулар.
-
70:33وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِاَمٰنٰتِہِمۡ وَ عَہۡدِہِمۡ رٰعُوۡنَ ﴿۪ۙ۳۳﴾Ошондой эле өз аманаттарына жана убадаларына бекем туруучулар.
-
70:34وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ بِشَہٰدٰتِہِمۡ قَآئِمُوۡنَ ﴿۪ۙ۳۴﴾Жана өз күбөлүктөрүндө бекем туруучулар.
-
70:35وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَلٰی صَلَاتِہِمۡ یُحَافِظُوۡنَ ﴿ؕ۳۵﴾Жана өз намаздарына күзөтүүчү болгондор.
-
70:36اُولٰٓئِکَ فِیۡ جَنّٰتٍ مُّکۡرَمُوۡنَ ﴿ؕ٪۳۶﴾Мына ошолор бейиштерде урматталышат.
-
70:37فَمَالِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا قِبَلَکَ مُہۡطِعِیۡنَ ﴿ۙ۳۷﴾Ошентип, каапырларга эмне болгон эле? Алар сен тарапка чуркап келишчү эле –
-
70:38عَنِ الۡیَمِیۡنِ وَ عَنِ الشِّمَالِ عِزِیۡنَ ﴿۳۸﴾Топ-топ болуп, оӊ тараптан дагы, сол тараптан дагы.
-
70:39اَیَطۡمَعُ کُلُّ امۡرِیًٴ مِّنۡہُمۡ اَنۡ یُّدۡخَلَ جَنَّۃَ نَعِیۡمٍ ﴿ۙ۳۹﴾Алардын ар бири нээмат-берекелүү бейишке киргизилемин деп үмүттөнүүдөбү?
-
70:40کَلَّا ؕ اِنَّا خَلَقۡنٰہُمۡ مِّمَّا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۰﴾Эч качан! Албетте, Биз аларды өздөрү билген нерседен жаратканбыз.
-
70:41فَلَاۤ اُقۡسِمُ بِرَبِّ الۡمَشٰرِقِ وَ الۡمَغٰرِبِ اِنَّا لَقٰدِرُوۡنَ ﴿ۙ۴۱﴾Кулак салгыла! Мен чыгыштар жана батыштардын Раббисине касам ичемин: Биз албетте, кудуреттүүбүз –
-
70:42عَلٰۤی اَنۡ نُّبَدِّلَ خَیۡرًا مِّنۡہُمۡ ۙ وَ مَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوۡقِیۡنَ ﴿۴۲﴾Алардын ордуна алардан жакшыраактарын келтирүүгө. Эч ким Бизден озуп кете албайт.
-
70:43فَذَرۡہُمۡ یَخُوۡضُوۡا وَ یَلۡعَبُوۡا حَتّٰی یُلٰقُوۡا یَوۡمَہُمُ الَّذِیۡ یُوۡعَدُوۡنَ ﴿ۙ۴۳﴾Ошентип, сен аларды өз абалына коюп кой. Алар өздөрүнө убада кылынып жаткан күнүнө бетме-бет болгондоруна чейин курулай кепке сүӊгүп, ойноп жүрө беришсин.
-
70:44یَوۡمَ یَخۡرُجُوۡنَ مِنَ الۡاَجۡدَاثِ سِرَاعًا کَاَنَّہُمۡ اِلٰی نُصُبٍ یُّوۡفِضُوۡنَ ﴿ۙ۴۴﴾Алар тим эле курбандыкка чалына турган жайлар тарапка чаап бара жаткандай шашылып өз мүрзөлөрүнөн чыга турган күнү –
-
70:45خَاشِعَۃً اَبۡصَارُہُمۡ تَرۡہَقُہُمۡ ذِلَّۃٌ ؕ ذٰلِکَ الۡیَوۡمُ الَّذِیۡ کَانُوۡا یُوۡعَدُوۡنَ ﴿٪۴۵﴾Назарлары жерге кадалган бойдон. Шерменделик аларды каптап алып жаткан болот. Аларга убада кылынган күн – мына ушул.
0:00
/
0:00