الواقِعَة
Ал-Ваакиъа
-
56:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
56:2اِذَا وَقَعَتِ الۡوَاقِعَۃُ ۙ﴿۲﴾Боло турган болгондо,
-
56:3لَیۡسَ لِوَقۡعَتِہَا کَاذِبَۃٌ ۘ﴿۳﴾Эч бир (жан) анын жүз берүүсүнө тоскоолдук кыла албайт.
-
56:4خَافِضَۃٌ رَّافِعَۃٌ ۙ﴿۴﴾Ал (айрымдарды) пас кылуучу, (айрымдарды) жогору кылуучу болот.
-
56:5اِذَا رُجَّتِ الۡاَرۡضُ رَجًّا ۙ﴿۵﴾Жер катуу титирөөгө салынганда,
-
56:6وَّ بُسَّتِ الۡجِبَالُ بَسًّا ۙ﴿۶﴾Жана тоолор майдалап жиберилгенде,
-
56:7فَکَانَتۡ ہَبَآءً مُّنۡۢبَثًّا ۙ﴿۷﴾Ошондо алар чачылган чаӊ-тозоӊго айланып кетет.
-
56:8وَّ کُنۡتُمۡ اَزۡوَاجًا ثَلٰثَۃً ؕ﴿۸﴾Жана силер болсо, үч тайпага бөлүнүп кеткен болосуӊар.
-
56:9فَاَصۡحٰبُ الۡمَیۡمَنَۃِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الۡمَیۡمَنَۃِ ؕ﴿۹﴾Оӊ тараптагылар. Оӊ тараптагылар эмне?
-
56:10وَ اَصۡحٰبُ الۡمَشۡـَٔمَۃِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الۡمَشۡـَٔمَۃِ ؕ﴿۱۰﴾Жана сол тараптагылар. Сол тараптагылар эмне?
-
56:11وَ السّٰبِقُوۡنَ السّٰبِقُوۡنَ ﴿ۚۙ۱۱﴾Жана алдыӊкылар, баарынан озуп кетүүчүлөр болушат.
-
56:12اُولٰٓئِکَ الۡمُقَرَّبُوۡنَ ﴿ۚ۱۲﴾Мына ошолор (Алланын) жакын (пенделери).
-
56:13فِیۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿۱۳﴾Нээматтуу бейиштерде.
-
56:14ثُلَّۃٌ مِّنَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۙ۱۴﴾Илгеркилерден бир чоӊ жамаат.
-
56:15وَ قَلِیۡلٌ مِّنَ الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ؕ۱۵﴾Жана кийинкилерден аз гана кишилер.
-
56:16عَلٰی سُرُرٍ مَّوۡضُوۡنَۃٍ ﴿ۙ۱۶﴾Жасалгаланган сөөрүлөрдө –
-
56:17مُّتَّکِـِٕیۡنَ عَلَیۡہَا مُتَقٰبِلِیۡنَ ﴿۱۷﴾Ошол (сөөрүлөр)дө бири-бирине бетме-бет сүйөнгөн бойдон.
-
56:18یَطُوۡفُ عَلَیۡہِمۡ وِلۡدَانٌ مُّخَلَّدُوۡنَ ﴿ۙ۱۸﴾Түбөлүктүүлүк тартууланган (кызмат кылуучу) жаш балдар аларды айланып турган болушат –
-
56:19بِاَکۡوَابٍ وَّ اَبَارِیۡقَ ۬ۙ وَ کَاۡسٍ مِّنۡ مَّعِیۡنٍ ﴿ۙ۱۹﴾Кеселер, кумара жана тунук суу менен толгон чыныларды көтөргөн бойдон.
-
56:20لَّا یُصَدَّعُوۡنَ عَنۡہَا وَ لَا یُنۡزِفُوۡنَ ﴿ۙ۲۰﴾Анын таасиринен аларга баш оору болбойт, алар куру кептерди да сүйлөшпөйт.
-
56:21وَ فَاکِہَۃٍ مِّمَّا یَتَخَیَّرُوۡنَ ﴿ۙ۲۱﴾Жана ар түрдүү мөмөлөрдү көтөрүп, алар андан каалаганча тандашат.
-
56:22وَ لَحۡمِ طَیۡرٍ مِّمَّا یَشۡتَہُوۡنَ ﴿ؕ۲۲﴾Жана куштардын эти – андан алар каалаганын (тандашат).
-
56:23وَ حُوۡرٌ عِیۡنٌ ﴿ۙ۲۳﴾Жана кара көздүү кыздар.
-
56:24کَاَمۡثَالِ اللُّؤۡلُوَٴ الۡمَکۡنُوۡنِ ﴿ۚ۲۴﴾Тим эле жашырылган берметтердей.
-
56:25جَزَآءًۢ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۵﴾Алар жасап жүргөн амалдар үчүн сыйлык катарында.
-
56:26لَا یَسۡمَعُوۡنَ فِیۡہَا لَغۡوًا وَّ لَا تَاۡثِیۡمًا ﴿ۙ۲۶﴾Алар анда кандайдыр бир курулай же күнөө сөздү эшитишпейт.
-
56:27اِلَّا قِیۡلًا سَلٰمًا سَلٰمًا ﴿۲۷﴾Жалаӊ: «Салам! Салам! » - деген сөздү (угушат).
-
56:28وَ اَصۡحٰبُ الۡیَمِیۡنِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الۡیَمِیۡنِ ﴿ؕ۲۸﴾Жана оӊ тараптагылар. Оӊ тараптагылар кимдер?
-
56:29فِیۡ سِدۡرٍ مَّخۡضُوۡدٍ ﴿ۙ۲۹﴾Тикенсиз «Сидр» заарларда.
-
56:30وَّ طَلۡحٍ مَّنۡضُوۡدٍ ﴿ۙ۳۰﴾Жана кат-кат (мөмөлүү) банан бактарынын ортосунда.
-
56:31وَّ ظِلٍّ مَّمۡدُوۡدٍ ﴿ۙ۳۱﴾Жана алыс-алыска жайылган көлөкөлөрдө.
-
56:32وَّ مَآءٍ مَّسۡکُوۡبٍ ﴿ۙ۳۲﴾Жана жаадырыла турган сууда.
-
56:33وَّ فَاکِہَۃٍ کَثِیۡرَۃٍ ﴿ۙ۳۳﴾Жана мол мөмөлөрдө –
-
56:34لَّا مَقۡطُوۡعَۃٍ وَّ لَا مَمۡنُوۡعَۃٍ ﴿ۙ۳۴﴾Алар токтотулбайт жана аларга тыюу салынбайт.
-
56:35وَّ فُرُشٍ مَّرۡفُوۡعَۃٍ ﴿ؕ۳۵﴾Жана бийик төшөлгөн жайларда.
-
56:36اِنَّاۤ اَنۡشَاۡنٰہُنَّ اِنۡشَآءً ﴿ۙ۳۶﴾Албетте, Биз алар(дын жуптары)н абдан улук ыкмада жараттык.
-
56:37فَجَعَلۡنٰہُنَّ اَبۡکَارًا ﴿ۙ۳۷﴾Ошентип, Биз аларды теӊдешсиз кылдык.
-
56:38عُرُبًا اَتۡرَابًا ﴿ۙ۳۸﴾Сүйкүмдүү (жана) курбу.
-
56:39لِّاَصۡحٰبِ الۡیَمِیۡنِ ﴿ؕ٪۳۹﴾Оӊ тараптагылар үчүн.
-
56:40ثُلَّۃٌ مِّنَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾Илгеркилерден бир чоӊ жамаат.
-
56:41وَ ثُلَّۃٌ مِّنَ الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ؕ۴۱﴾Жана кийинкилерден дагы бир чоӊ жамаат.
-
56:42وَ اَصۡحٰبُ الشِّمَالِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الشِّمَالِ ﴿ؕ۴۲﴾Жана сол тараптагылар. Сол тараптагылар кимдер?
-
56:43فِیۡ سَمُوۡمٍ وَّ حَمِیۡمٍ ﴿ۙ۴۳﴾Күйдүрө турган ысык шамал жана кайнак сууда.
-
56:44وَّ ظِلٍّ مِّنۡ یَّحۡمُوۡمٍ ﴿ۙ۴۴﴾Жана кара түтүндүн натыйжасында пайда боло турган көлөкөдө:
-
56:45لَّا بَارِدٍ وَّ لَا کَرِیۡمٍ ﴿۴۵﴾Салкын да эмес, мээримдүү да эмес.
-
56:46اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَبۡلَ ذٰلِکَ مُتۡرَفِیۡنَ ﴿ۚۖ۴۶﴾Мындан илгери албетте, алар абдан молчулукта болушчу.
-
56:47وَ کَانُوۡا یُصِرُّوۡنَ عَلَی الۡحِنۡثِ الۡعَظِیۡمِ ﴿ۚ۴۷﴾Жана чоӊ күнөө үстүнө өжөрлүк кылышчу.
-
56:48وَ کَانُوۡا یَقُوۡلُوۡنَ ۬ۙ اَئِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا وَّ عِظَامًا ءَاِنَّا لَمَبۡعُوۡثُوۡنَ ﴿ۙ۴۸﴾Жана алар (мындай) айтышчу: «Биз өлүп, топуракка жана сөөктөргө айланганыбыздан кийин да албетте, тургузулабызбы?
-
56:49اَوَ اٰبَآؤُنَا الۡاَوَّلُوۡنَ ﴿۴۹﴾Биздин ата-бабаларыбыз дагыбы?»
-
56:50قُلۡ اِنَّ الۡاَوَّلِیۡنَ وَ الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ۙ۵۰﴾Айткын: «Абалкылар дагы, акыркылар дагы.
-
56:51لَمَجۡمُوۡعُوۡنَ ۬ۙ اِلٰی مِیۡقَاتِ یَوۡمٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿۵۱﴾Бир анык доордун белгиленген убакытына карай албетте, топтолуштурулат».
-
56:52ثُمَّ اِنَّکُمۡ اَیُّہَا الضَّآلُّوۡنَ الۡمُکَذِّبُوۡنَ ﴿ۙ۵۲﴾Анан албетте, силер – эй, катуу адашкандар! Аябай көп жалганга чыгаруучулар!
-
56:53لَاٰکِلُوۡنَ مِنۡ شَجَرٍ مِّنۡ زَقُّوۡمٍ ﴿ۙ۵۳﴾Албетте, (силер) «Заккуум» дарагынан жей туруучулар.
-
56:54فَمَالِـُٔوۡنَ مِنۡہَا الۡبُطُوۡنَ ﴿ۚ۵۴﴾Анан ошондон карындарды толтуруучусуӊар.
-
56:55فَشٰرِبُوۡنَ عَلَیۡہِ مِنَ الۡحَمِیۡمِ ﴿ۚ۵۵﴾Анын үстүнө кайнап турган суу ичүүчүсүӊөр.
-
56:56فَشٰرِبُوۡنَ شُرۡبَ الۡہِیۡمِ ﴿ؕ۵۶﴾Ошондо кудум чаӊкаган төөлөр (суу) ичкен сыӊары ичүүчүсүӊөр.
-
56:57ہٰذَا نُزُلُہُمۡ یَوۡمَ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۵۷﴾Жаза жана сыйлык күнүндөгү алардын «зыяпаты» – мына ушул болот.
-
56:58نَحۡنُ خَلَقۡنٰکُمۡ فَلَوۡ لَا تُصَدِّقُوۡنَ ﴿۵۸﴾Биз гана силерди жаратканбыз. Анда эмнеге тастыктабайсыӊар?
-
56:59اَفَرَءَیۡتُمۡ مَّا تُمۡنُوۡنَ ﴿ؕ۵۹﴾Айткылачы, силер (жатынга) түшүрө турган бел суусу(н) –
-
56:60ءَاَنۡتُمۡ تَخۡلُقُوۡنَہٗۤ اَمۡ نَحۡنُ الۡخٰلِقُوۡنَ ﴿۶۰﴾Аны силер жаратасыӊарбы же Биз жаратуучубузбу?
-
56:61نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَیۡنَکُمُ الۡمَوۡتَ وَ مَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوۡقِیۡنَ ﴿ۙ۶۱﴾Биз гана силердин араӊарда өлүмдү белгиледик. Бизге эч ким тоскоолдук кыла албайт:
-
56:62عَلٰۤی اَنۡ نُّبَدِّلَ اَمۡثَالَکُمۡ وَ نُنۡشِئَکُمۡ فِیۡ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۲﴾Силердин кебетелериӊерди өзгөртүп жиберишибизге жана силерди өзүӊөр билбеген көрүнүштө тургузушубузга.
-
56:63وَ لَقَدۡ عَلِمۡتُمُ النَّشۡاَۃَ الۡاُوۡلٰی فَلَوۡ لَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۶۳﴾Жана албетте, биринчи жаратылышты силер билип алдыӊар. Эмнеге насаат албайсыӊар?
-
56:64اَفَرَءَیۡتُمۡ مَّا تَحۡرُثُوۡنَ ﴿ؕ۶۴﴾Айткылачы, силер эге турган нерсе(ни) –
-
56:65ءَاَنۡتُمۡ تَزۡرَعُوۡنَہٗۤ اَمۡ نَحۡنُ الزّٰرِعُوۡنَ ﴿۶۵﴾Аны силер өстүрөсүӊөрбү же Биз өстүрүүчүбүзбү?
-
56:66لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنٰہُ حُطَامًا فَظَلۡتُمۡ تَفَکَّہُوۡنَ ﴿۶۶﴾Эгер Биз каалаганыбызда, албетте, аны майдалап таштайт элек. Анан силер кургак кеп-сөз менен убара болуп кеткен болоор элеӊер:
-
56:67اِنَّا لَمُغۡرَمُوۡنَ ﴿ۙ۶۷﴾«Биз ойрон болдук!
-
56:68بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُوۡمُوۡنَ ﴿۶۸﴾Жок! Тескерисинче, биз бүтүндөй куру калдык».
-
56:69اَفَرَءَیۡتُمُ الۡمَآءَ الَّذِیۡ تَشۡرَبُوۡنَ ﴿ؕ۶۹﴾Силер өзүӊөр иче турган суу туурасында ойлоп көрдүӊөрбү?
-
56:70ءَاَنۡتُمۡ اَنۡزَلۡتُمُوۡہُ مِنَ الۡمُزۡنِ اَمۡ نَحۡنُ الۡمُنۡزِلُوۡنَ ﴿۷۰﴾Аны силер булуттардан түшүргөнсүӊөрбү же Биз түшүрүүчүбүзбү?
-
56:71لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنٰہُ اُجَاجًا فَلَوۡ لَا تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷۱﴾Эгер Биз каалаганыбызда, аны ачуу кылып койгон болоор элек. Демек, силер эмнеге шүкүр кылбайсыӊар?
-
56:72اَفَرَءَیۡتُمُ النَّارَ الَّتِیۡ تُوۡرُوۡنَ ﴿ؕ۷۲﴾Силер өзүӊөр жага турган отко көӊүл бурдуӊарбы?
-
56:73ءَاَنۡتُمۡ اَنۡشَاۡتُمۡ شَجَرَتَہَاۤ اَمۡ نَحۡنُ الۡمُنۡشِـُٔوۡنَ ﴿۷۳﴾Анын дарак(тай шооласы)н силер көтөрөсүӊөрбү же Биз (аны) көтөрүүчүбүзбү?
-
56:74نَحۡنُ جَعَلۡنٰہَا تَذۡکِرَۃً وَّ مَتَاعًا لِّلۡمُقۡوِیۡنَ ﴿ۚ۷۴﴾Биз аны бир насаат жана мусапырлар үчүн пайда алуу куралы кылып койдук.
-
56:75فَسَبِّحۡ بِاسۡمِ رَبِّکَ الۡعَظِیۡمِ ﴿٪ؓ۷۵﴾Ошентип, улук Раббиӊдин наамы менен тасбийх айт.
-
56:76فَلَاۤ اُقۡسِمُ بِمَوٰقِعِ النُّجُوۡمِ ﴿ۙ۷۶﴾Албетте, Мен топ-топ жылдыздарды күбө катары келтиремин.
-
56:77وَ اِنَّہٗ لَقَسَمٌ لَّوۡ تَعۡلَمُوۡنَ عَظِیۡمٌ ﴿ۙ۷۷﴾Жана албетте, бул – бир үлкөн күбөлүк. Атаганат, силер билсеӊер кана!
-
56:78اِنَّہٗ لَقُرۡاٰنٌ کَرِیۡمٌ ﴿ۙ۷۸﴾Албетте, бул – бир урматтуу Куран –
-
56:79فِیۡ کِتٰبٍ مَّکۡنُوۡنٍ ﴿ۙ۷۹﴾Бир жашыруун китепте (сакталган).
-
56:80لَّا یَمَسُّہٗۤ اِلَّا الۡمُطَہَّرُوۡنَ ﴿ؕ۸۰﴾Пакиза кылынгандардан башка эч ким ага кол тийгизе албайт.
-
56:81تَنۡزِیۡلٌ مِّنۡ رَّبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۱﴾(Анын) түшүрүлүшү баардык ааламдардын Раббиси тарабынан.
-
56:82اَفَبِہٰذَا الۡحَدِیۡثِ اَنۡتُمۡ مُّدۡہِنُوۡنَ ﴿ۙ۸۲﴾Ушинтип, силер ушул баянга карата кошамат сөздөрдү сүйлөйсүӊөрбү?
-
56:83وَ تَجۡعَلُوۡنَ رِزۡقَکُمۡ اَنَّکُمۡ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿۸۳﴾Жана силер четке кагуу менен ырыскыӊарды табасыӊарбы?
-
56:84فَلَوۡ لَاۤ اِذَا بَلَغَتِ الۡحُلۡقُوۡمَ ﴿ۙ۸۴﴾Эмнеге (жан) алкымга келип тыгылганда,
-
56:85وَ اَنۡتُمۡ حِیۡنَئِذٍ تَنۡظُرُوۡنَ ﴿ۙ۸۵﴾Жана ошол мүнөттө (өзүӊөр үчүн кандайдыр бир нерсе кылуу максатында) ар тарапка жоодурап карар элеӊер.
-
56:86وَ نَحۡنُ اَقۡرَبُ اِلَیۡہِ مِنۡکُمۡ وَ لٰکِنۡ لَّا تُبۡصِرُوۡنَ ﴿۸۶﴾Жана (ошол убакытта) Биз ал (жан бере турган)га силерден көрө жакыныраак элек. Бирок силер акыл-парасат менен иш тутпайт элеӊер.
-
56:87فَلَوۡ لَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ غَیۡرَ مَدِیۡنِیۡنَ ﴿ۙ۸۷﴾Эгер силер карыз төлөөчүлөрдөн эмес экенсиӊер, анда эмнеге –
-
56:88تَرۡجِعُوۡنَہَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۸۸﴾Силер ал (жан)ды кайтара албадыӊар, эгер чынчыл болсоӊор?
-
56:89فَاَمَّاۤ اِنۡ کَانَ مِنَ الۡمُقَرَّبِیۡنَ ﴿ۙ۸۹﴾Ооба! Эгер ал (жан бере турган Алланын) жакын пенделеринен болсо,
-
56:90فَرَوۡحٌ وَّ رَیۡحَانٌ ۬ۙ وَّ جَنَّتُ نَعِیۡمٍ ﴿۹۰﴾Анда (ал үчүн) бейпилдик, жыпар жыттуу мейкиндиктер жана үлкөн нээматтуу бейиш (бар).
-
56:91وَ اَمَّاۤ اِنۡ کَانَ مِنۡ اَصۡحٰبِ الۡیَمِیۡنِ ﴿ۙ۹۱﴾Жана эгер ал оӊ тараптагылардан болсо,
-
56:92فَسَلٰمٌ لَّکَ مِنۡ اَصۡحٰبِ الۡیَمِیۡنِ ﴿ؕ۹۲﴾Анда (ага): «Сага тынчтык! Эй, оӊ тараптагылардан болгон бирөө», - (деп айтылат).
-
56:93وَ اَمَّاۤ اِنۡ کَانَ مِنَ الۡمُکَذِّبِیۡنَ الضَّآلِّیۡنَ ﴿ۙ۹۳﴾Эгер ал жалганчыга чыгаруучулар (жана) адашкандардан болсо,
-
56:94فَنُزُلٌ مِّنۡ حَمِیۡمٍ ﴿ۙ۹۴﴾Анда (анын) түшө турган жайы – бир өзгөчө кайнап турган суу болот.
-
56:95وَّ تَصۡلِیَۃُ جَحِیۡمٍ ﴿۹۵﴾Жана тозоктун отунда куйкалануу бар.
-
56:96اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ حَقُّ الۡیَقِیۡنِ ﴿ۚ۹۶﴾Албетте, бекем даражадагы ишенич – мына ошол.
-
56:97فَسَبِّحۡ بِاسۡمِ رَبِّکَ الۡعَظِیۡمِ ﴿٪۹۷﴾Ошондуктан, улук Раббиӊдин наамы менен тасбийх айт.
0:00
/
0:00