الدّخان
Ад-Духаан
-
44:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
44:2حٰمٓ ﴿ۚۛ۲﴾Хамийдун Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
-
44:3وَ الۡکِتٰبِ الۡمُبِیۡنِ ۙ﴿ۛ۳﴾Ушул ачык-айкын Китепке касам!
-
44:4اِنَّاۤ اَنۡزَلۡنٰہُ فِیۡ لَیۡلَۃٍ مُّبٰرَکَۃٍ اِنَّا کُنَّا مُنۡذِرِیۡنَ ﴿۴﴾Албетте, Биз аны бир куттуу түндө түшүрдүк. Биз баары бир кулактандыруучу элек.
-
44:5فِیۡہَا یُفۡرَقُ کُلُّ اَمۡرٍ حَکِیۡمٍ ۙ﴿۵﴾Ошол (түнү) ар бир даанышман маселе жөнүндө өкүм чыгарылат –
-
44:6اَمۡرًا مِّنۡ عِنۡدِنَا ؕ اِنَّا کُنَّا مُرۡسِلِیۡنَ ۚ﴿۶﴾Биздин алдыбыздан бир өкүм катарында. Албетте, Биз Өзүбүз пайгамбарларды жөнөтүүчүбүз –
-
44:7رَحۡمَۃً مِّنۡ رَّبِّکَ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ۙ﴿۷﴾Раббиӊ тарабынан рахмат катары. Албетте, Ал абдан угуучу (жана) дайыма билүүчү.
-
44:8رَبِّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ۘ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّوۡقِنِیۡنَ ﴿۸﴾Асмандар жана жердин, ошондой эле ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин Раббиси тарабынан. Эгер силер ишенүүчү болсоӊор.
-
44:9لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ؕ رَبُّکُمۡ وَ رَبُّ اٰبَآئِکُمُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۹﴾Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Ал силердин дагы Раббиӊер, илгерки ата-бабаларыӊардын дагы Раббиси.
-
44:10بَلۡ ہُمۡ فِیۡ شَکٍّ یَّلۡعَبُوۡنَ ﴿۱۰﴾Чынында, алар бир шек-күмөнгө дуушар болуп, (бир) оюн ойношууда.
-
44:11فَارۡتَقِبۡ یَوۡمَ تَاۡتِی السَّمَآءُ بِدُخَانٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۙ۱۱﴾Ошентип, асман бир ачык-айкын түтүн келтире турган күндү күткүн.
-
44:12یَّغۡشَی النَّاسَ ؕ ہٰذَا عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۲﴾Ал адамдарды каптап алат. Ал бир аябай оор азап болот.
-
44:13رَبَّنَا اکۡشِفۡ عَنَّا الۡعَذَابَ اِنَّا مُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۳﴾«Эй, Раббибиз! Бизден ушул азапты узакташтырып койгун. Албетте, биз ыйман келтиребиз».
-
44:14اَنّٰی لَہُمُ الذِّکۡرٰی وَ قَدۡ جَآءَہُمۡ رَسُوۡلٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۙ۱۴﴾Алар үчүн эми кандай насаат болсун! Алардын алдына айкын далилдер ээси болгон бир Пайгамбар келген эле го.
-
44:15ثُمَّ تَوَلَّوۡا عَنۡہُ وَ قَالُوۡا مُعَلَّمٌ مَّجۡنُوۡنٌ ﴿ۘ۱۵﴾Ушуга карабастан, алар андан жүз бурушту жана айтышты: «Үйрөтүлгөн, (жок), кем акыл».
-
44:16اِنَّا کَاشِفُوا الۡعَذَابِ قَلِیۡلًا اِنَّکُمۡ عَآئِدُوۡنَ ﴿ۘ۱۶﴾Албетте, Биз азапты бир аз кийинкиге калтырабыз. (Бирок) силер албетте, (ошол нерселерди кайрадан) кайталоочусуӊар.
-
44:17یَوۡمَ نَبۡطِشُ الۡبَطۡشَۃَ الۡکُبۡرٰی ۚ اِنَّا مُنۡتَقِمُوۡنَ ﴿۱۷﴾Биз (силерди) катуу тута турган күнү, албетте, Биз өч алуучубуз».
-
44:18وَ لَقَدۡ فَتَنَّا قَبۡلَہُمۡ قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ وَ جَآءَہُمۡ رَسُوۡلٌ کَرِیۡمٌ ﴿ۙ۱۸﴾Жана албетте, Биз алардан мурун Фараон коомун дагы сыноодон өткөргөнбүз. Качан аларга бир урматтуу пайгамбар келген эле.
-
44:19اَنۡ اَدُّوۡۤا اِلَیَّ عِبَادَ اللّٰہِ ؕ اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿ۙ۱۹﴾(Ал айтты): «Алланын пенделерин мага тапшырып койгула. Албетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
-
44:20وَّ اَنۡ لَّا تَعۡلُوۡا عَلَی اللّٰہِ ۚ اِنِّیۡۤ اٰتِیۡکُمۡ بِسُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۚ۲۰﴾Жана Аллага каршы баш ийбестик кылбагыла. Албетте, мен силерге бир ачык-айкын, жеӊүүчү далил келтирүүчүмүн.
-
44:21وَ اِنِّیۡ عُذۡتُ بِرَبِّیۡ وَ رَبِّکُمۡ اَنۡ تَرۡجُمُوۡنِ ﴿۫۲۱﴾Жана албетте, силер мени таш бараӊга алууӊардан мен өз Раббим жана силердин Раббиӊерден паана тилеймин.
-
44:22وَ اِنۡ لَّمۡ تُؤۡمِنُوۡا لِیۡ فَاعۡتَزِلُوۡنِ ﴿۲۲﴾Жана эгер силер мага ыйман келтирбесеӊер, анда мени жалгыз калтыргыла».
-
44:23فَدَعَا رَبَّہٗۤ اَنَّ ہٰۤؤُلَآءِ قَوۡمٌ مُّجۡرِمُوۡنَ ﴿ؓ۲۳﴾Ошондо ал өз Раббисине: «Бул бир күнөөгө баткан коом», - деп кайрылды.
-
44:24فَاَسۡرِ بِعِبَادِیۡ لَیۡلًا اِنَّکُمۡ مُّتَّبَعُوۡنَ ﴿ۙ۲۴﴾(Алла айтты): «Пенделеримди алып, түнкүсүн жолго чык. Албетте, силер куугунтукталасыӊар.
-
44:25وَ اتۡرُکِ الۡبَحۡرَ رَہۡوًا ؕ اِنَّہُمۡ جُنۡدٌ مُّغۡرَقُوۡنَ ﴿۲۵﴾Жана деӊизди, ал али тынч болгонунда таштап кой! Албетте, алар бир чөктүрүлө турган кошуун».
-
44:26کَمۡ تَرَکُوۡا مِنۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۙ۲۶﴾Алар (артта) калтырган канчалаган бактар жана булактар бар!
-
44:27وَّ زُرُوۡعٍ وَّ مَقَامٍ کَرِیۡمٍ ﴿ۙ۲۷﴾Эгин талаалар жана урматтуу жайлар дагы.
-
44:28وَّ نَعۡمَۃٍ کَانُوۡا فِیۡہَا فٰکِہِیۡنَ ﴿ۙ۲۸﴾Жана өздөрү канааттанган жашоо ырахаттануулары (дагы).
-
44:29کَذٰلِکَ ۟ وَ اَوۡرَثۡنٰہَا قَوۡمًا اٰخَرِیۡنَ ﴿۲۹﴾Ушундай болду. Биз бир башка коомду ал (нээмат)ка мураскер кылып койдук.
-
44:30فَمَا بَکَتۡ عَلَیۡہِمُ السَّمَآءُ وَ الۡاَرۡضُ وَ مَا کَانُوۡا مُنۡظَرِیۡنَ ﴿٪۳۰﴾Ошондо асман менен жер аларга ыйлабады жана аларга мөөнөт (дагы) берилбеди.
-
44:31وَ لَقَدۡ نَجَّیۡنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ مِنَ الۡعَذَابِ الۡمُہِیۡنِ ﴿ۙ۳۱﴾Жана албетте, Биз Исрааийл балдарын бир кордоочу азаптан куткарып калдык –
-
44:32مِنۡ فِرۡعَوۡنَ ؕ اِنَّہٗ کَانَ عَالِیًا مِّنَ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۳۲﴾Фараон тарабынан болгон (азап)тан. Албетте, ал чектен ашуучулардан болгон бир зөөкүр болчу.
-
44:33وَ لَقَدِ اخۡتَرۡنٰہُمۡ عَلٰی عِلۡمٍ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۚ۳۳﴾Жана албетте, Биз кандайдыр бир билимдин негизинде аларды бүткүл ааламдардан жогору кылып койгон элек.
-
44:34وَ اٰتَیۡنٰہُمۡ مِّنَ الۡاٰیٰتِ مَا فِیۡہِ بَلٰٓـؤٌا مُّبِیۡنٌ ﴿۳۴﴾Жана Биз аларга айрым аят-жышаандарды тартууладык. Аларда ачыктан-ачык сыноо бар болчу.
-
44:35اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ لَیَقُوۡلُوۡنَ ﴿ۙ۳۵﴾Албетте, булар сөзсүз айтышат:
-
44:36اِنۡ ہِیَ اِلَّا مَوۡتَتُنَا الۡاُوۡلٰی وَ مَا نَحۡنُ بِمُنۡشَرِیۡنَ ﴿۳۶﴾«Биздин мына ушул биринчи өлүмүбүздөн башка эч кандай өлүм жок жана биз тургузулуучулар дагы эмеспиз.
-
44:37فَاۡتُوۡا بِاٰبَآئِنَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۳۷﴾Ошентип, эгер чынчыл болсоӊор, биздин ата-бабаларыбызды кайтарып алып келгилечи?»
-
44:38اَہُمۡ خَیۡرٌ اَمۡ قَوۡمُ تُبَّعٍ ۙ وَّ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ اَہۡلَکۡنٰہُمۡ ۫ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا مُجۡرِمِیۡنَ ﴿۳۸﴾Булар жакшыраакпы же Тубба коому жана алардан илгерирээк өткөндөрбү? Биз аларды жок кылып жибердик. Албетте, алар(дын бардыгы) күнөөкөр эле.
-
44:39وَ مَا خَلَقۡنَا السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَا لٰعِبِیۡنَ ﴿۳۹﴾Биз асмандар жана жерди, ошондой эле ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселерди бир оюн ойноп жатып жараткан эмеспиз.
-
44:40مَا خَلَقۡنٰہُمَاۤ اِلَّا بِالۡحَقِّ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۰﴾Биз аларды жалаӊ чындык менен жаратканбыз, бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
-
44:41اِنَّ یَوۡمَ الۡفَصۡلِ مِیۡقَاتُہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۴۱﴾Албетте, соттоо күнү – алардын бардыгы үчүн бир белгиленип коюлган убакыт.
-
44:42یَوۡمَ لَا یُغۡنِیۡ مَوۡلًی عَنۡ مَّوۡلًی شَیۡئًا وَّ لَا ہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿ۙ۴۲﴾Ошол күнү эч бир дос башка доско кандайдыр бир пайда келтире албайт жана аларга жардам дагы берилбейт.
-
44:43اِلَّا مَنۡ رَّحِمَ اللّٰہُ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿٪۴۳﴾Алла ырайым кылган киши болсо, анда башка кеп. Албетте, Ал (Алла) гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
44:44اِنَّ شَجَرَتَ الزَّقُّوۡمِ ﴿ۙ۴۴﴾Албетте, заккум дарагы –
-
44:45طَعَامُ الۡاَثِیۡمِ ﴿ۖۛۚ۴۵﴾Күнөөкөрдүн тамагы.
-
44:46کَالۡمُہۡلِ ۚۛ یَغۡلِیۡ فِی الۡبُطُوۡنِ ﴿ۙ۴۶﴾(Ал) кудум эриген жез сыяктуу. Карындарда кайнайт –
-
44:47کَغَلۡیِ الۡحَمِیۡمِ ﴿۴۷﴾Кайнак суунун кайноосуна окшоп.
-
44:48خُذُوۡہُ فَاعۡتِلُوۡہُ اِلٰی سَوَآءِ الۡجَحِیۡمِ ﴿٭ۖ۴۸﴾«Аны кармагыла, анан аны сүйрөгөн бойдон тозоктун ортосуна алып баргыла.
-
44:49ثُمَّ صُبُّوۡا فَوۡقَ رَاۡسِہٖ مِنۡ عَذَابِ الۡحَمِیۡمِ ﴿ؕ۴۹﴾Анан анын башынын үстүнөн бир аз кайнак суу азабынан куйгула.
-
44:50ذُقۡ ۚۙ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡکَرِیۡمُ ﴿۵۰﴾Татып көр! Албетте, сен (өзүӊдү) улук (жана) урматтуу (деп эсептечү) элеӊ.
-
44:51اِنَّ ہٰذَا مَا کُنۡتُمۡ بِہٖ تَمۡتَرُوۡنَ ﴿۵۱﴾Албетте, мына ушул – силер шектенип жүргөн нерсе».
-
44:52اِنَّ الۡمُتَّقِیۡنَ فِیۡ مَقَامٍ اَمِیۡنٍ ﴿ۙ۵۲﴾Албетте, такыбалар бейпил жайда болушат –
-
44:53فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۚۙ۵۳﴾Бактар жана булактарда.
-
44:54یَّلۡبَسُوۡنَ مِنۡ سُنۡدُسٍ وَّ اِسۡتَبۡرَقٍ مُّتَقٰبِلِیۡنَ ﴿ۚۙ۵۴﴾Жука жана калыӊ жибектен кийимдер кийишип, бири-биринин маӊдайларында отурган болушат.
-
44:55کَذٰلِکَ ۟ وَ زَوَّجۡنٰہُمۡ بِحُوۡرٍ عِیۡنٍ ﴿ؕ۵۵﴾Ушундай болот. Биз аларды бото көздүү кыздарга курбу кылып коёбуз.
-
44:56یَدۡعُوۡنَ فِیۡہَا بِکُلِّ فَاکِہَۃٍ اٰمِنِیۡنَ ﴿ۙ۵۶﴾Алар анда тынчтык менен ар түрдүү мөмөлөрдү талап кылып турган болушат.
-
44:57لَا یَذُوۡقُوۡنَ فِیۡہَا الۡمَوۡتَ اِلَّا الۡمَوۡتَۃَ الۡاُوۡلٰی ۚ وَ وَقٰہُمۡ عَذَابَ الۡجَحِیۡمِ ﴿ۙ۵۷﴾Алар анда биринчи өлүмдөн башка эч бир өлүм даамын татышпайт. Ал (Алла) аларды тозок азабынан сактайт.
-
44:58فَضۡلًا مِّنۡ رَّبِّکَ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۵۸﴾Бул Раббиӊ тарабынан берешендик катары болот. Мына ушул үлкөн ийгилик.
-
44:59فَاِنَّمَا یَسَّرۡنٰہُ بِلِسَانِکَ لَعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۵۹﴾Ошентип, албетте, Биз бул (Куран)ды алар ибарат алуулары үчүн сенин тилиӊде оӊойлоштуруп койдук.
-
44:60فَارۡتَقِبۡ اِنَّہُمۡ مُّرۡتَقِبُوۡنَ ﴿٪۶۰﴾Демек, күткүн. Албетте, алар дагы күтүүчүлөр.
0:00
/
0:00