Курани карим Ас-Сааффаат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الصَّافات

Ас-Сааффаат

  • 37:1
    بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • 37:2
    وَ الصّٰٓفّٰتِ صَفًّا ۙ﴿۲﴾
    Катар-катар сап тартуучу (аскерлер)ге касам!
  • 37:3
    فَالزّٰجِرٰتِ زَجۡرًا ۙ﴿۳﴾
    Дагы эскертип, сес берүүчүлөргө (касам)!
  • 37:4
    فَالتّٰلِیٰتِ ذِکۡرًا ۙ﴿۴﴾
    Дагы зикирди жогорулатуучуларга (касам)!
  • 37:5
    اِنَّ اِلٰـہَکُمۡ لَوَاحِدٌ ﴿ؕ۵﴾
    Албетте, силердин Кудайыӊар бирөө гана.
  • 37:6
    رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا وَ رَبُّ الۡمَشَارِقِ ؕ﴿۶﴾
    Ал асмандар менен жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагы бар нерселердин Раббиси жана баардык чыгыштардын дагы Раббиси.
  • 37:7
    اِنَّا زَیَّنَّا السَّمَآءَ الدُّنۡیَا بِزِیۡنَۃِ ۣالۡکَوَاکِبِ ۙ﴿۷﴾
    Албетте, Биз жакындагы асманды жылдыздардын жасалгасы менен кооздодук.
  • 37:8
    وَ حِفۡظًا مِّنۡ کُلِّ شَیۡطٰنٍ مَّارِدٍ ۚ﴿۸﴾
    (Бул) – ар бир куулган шайтандан коргонуу катарында.
  • 37:9
    لَا یَسَّمَّعُوۡنَ اِلَی الۡمَلَاِ الۡاَعۡلٰی وَ یُقۡذَفُوۡنَ مِنۡ کُلِّ جَانِبٍ ٭ۖ﴿۹﴾
    Алар жогоркулардын сөздөрүн уга алышпайт; аларга ар тараптан таштар жаадырылат –
  • 37:10
    دُحُوۡرًا وَّ لَہُمۡ عَذَابٌ وَّاصِبٌ ۙ﴿۱۰﴾
    Куулган бойдон. Алар үчүн жабышкак азап бар.
  • 37:11
    اِلَّا مَنۡ خَطِفَ الۡخَطۡفَۃَ فَاَتۡبَعَہٗ شِہَابٌ ثَاقِبٌ ﴿۱۱﴾
    Бир-эки сөздү жашыруун угуп алган бирөө болсо, анда бул башка кеп. Бирок анын изине дагы бир жарык шоола түшөт.
  • 37:12
    فَاسۡتَفۡتِہِمۡ اَہُمۡ اَشَدُّ خَلۡقًا اَمۡ مَّنۡ خَلَقۡنَا ؕ اِنَّا خَلَقۡنٰہُمۡ مِّنۡ طِیۡنٍ لَّازِبٍ ﴿۱۲﴾
    Демек, алардан сурачы, жаратуу жагынан алар күчтүүрөөкпү же Биз жараткандарбы? Албетте, аларды Биз бир жабышкак ылайдан жараттык.
  • 37:13
    بَلۡ عَجِبۡتَ وَ یَسۡخَرُوۡنَ ﴿۪۱۳﴾
    Чынында, сен (жаратылууга) мактоо айттыӊ, алар болсо, маскара кылышат.
  • 37:14
    وَ اِذَا ذُکِّرُوۡا لَا یَذۡکُرُوۡنَ ﴿۪۱۴﴾
    Аларга насаат кылынганда, алар ибарат алышпайт.
  • 37:15
    وَ اِذَا رَاَوۡا اٰیَۃً یَّسۡتَسۡخِرُوۡنَ ﴿۪۱۵﴾
    Ар качан алар кандайдыр бир аят-жышаанды көрүшсө, маскара кыла башташат.
  • 37:16
    وَ قَالُوۡۤا اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚۖ۱۶﴾
    Алар айтышат: «Бул – ачыктан-ачык бир сыйкыр гана».
  • 37:17
    ءَ اِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا وَّ عِظَامًا ءَاِنَّا لَمَبۡعُوۡثُوۡنَ ﴿ۙ۱۷﴾
    Эмне, биз өлүп кетип, топурак жана сөөктөргө айланып калганыбызда дагы, албетте, биз тургузулуучуларбызбы?
  • 37:18
    اَوَ اٰبَآؤُنَا الۡاَوَّلُوۡنَ ﴿ؕ۱۸﴾
    Жана илгери өтүп кеткен ата-бабаларыбыз дагыбы?»
  • 37:19
    قُلۡ نَعَمۡ وَ اَنۡتُمۡ دَاخِرُوۡنَ ﴿ۚ۱۹﴾
    Айткын: «Ооба! Кор болуп кеткениӊер бойдон».
  • 37:20
    فَاِنَّمَا ہِیَ زَجۡرَۃٌ وَّاحِدَۃٌ فَاِذَا ہُمۡ یَنۡظُرُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    Ошентип, албетте, бул бир сес көрсөтүү гана болот, ошондо кокустан алар караган бойдон калып калышат.
  • 37:21
    وَ قَالُوۡا یٰوَیۡلَنَا ہٰذَا یَوۡمُ الدِّیۡنِ ﴿۲۱﴾
    Алар айтышат: «Эх, шорубуз курусун! Бул жаза-сыйлык күнү го!»
  • 37:22
    ہٰذَا یَوۡمُ الۡفَصۡلِ الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿٪۲۲﴾
    Бул – (ошол) силер жалганга чыгарып жүргөн калыс-сот күнү.
  • 37:23
    اُحۡشُرُوا الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا وَ اَزۡوَاجَہُمۡ وَ مَا کَانُوۡا یَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۙ۲۳﴾
    Зулумдук кылгандарды да, алардын шериктерин да, алар ибадат кылып жүргөн нерселерин да топтогула –
  • 37:24
    مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ فَاہۡدُوۡہُمۡ اِلٰی صِرَاطِ الۡجَحِیۡمِ ﴿ٙ۲۴﴾
    Алланы коюп, (алар ибадат кылган нерселерин). Анан аларды тозоктун жолуна баштап койгула.
  • 37:25
    وَ قِفُوۡہُمۡ اِنَّہُمۡ مَّسۡئُوۡلُوۡنَ ﴿ۙ۲۵﴾
    Аларды аз гана токтотуп тургула. Албетте, алар суракка тартылуучулар.
  • 37:26
    مَا لَکُمۡ لَا تَنَاصَرُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    (Мына эми) силерге эмне болду, (бүгүн) бири-бириӊерге жардам бербейсиӊер?
  • 37:27
    بَلۡ ہُمُ الۡیَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    Жок, алар бүгүн (ар бир күнөөнү) мойнуна алуучулар.
  • 37:28
    وَ اَقۡبَلَ بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ یَّتَسَآءَلُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    Алардын айрымдары-айрымдарына суроо берген бойдон кайрылышат.
  • 37:29
    قَالُوۡۤا اِنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ تَاۡتُوۡنَنَا عَنِ الۡیَمِیۡنِ ﴿۲۹﴾
    Алар айтышат: «Албетте, силер оӊ жактан (дин тарабынан бизди жолдон чыгаруу максатында) алдыбызга келээр элеӊер».
  • 37:30
    قَالُوۡا بَلۡ لَّمۡ تَکُوۡنُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۚ۳۰﴾
    Алар жооп беришет: «Өзүӊөр дагы такыр ыйман келтирүүчүлөр эмес элеӊер го!
  • 37:31
    وَ مَا کَانَ لَنَا عَلَیۡکُمۡ مِّنۡ سُلۡطٰنٍ ۚ بَلۡ کُنۡتُمۡ قَوۡمًا طٰغِیۡنَ ﴿۳۱﴾
    Жана биз силердин үстүӊөрдөн эч бир күчтүү далилге ээ эмес элек. Жок, өзүӊөр гана чектен чыгуучулар элеӊер.
  • 37:32
    فَحَقَّ عَلَیۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَاۤ ٭ۖ اِنَّا لَذَآئِقُوۡنَ ﴿۳۲﴾
    Ошентип, Раббибиздин сөзү бизге акыйкат болуп чыкты. Биз албетте, (азаптын даамын) татып көрүүчүбүз.
  • 37:33
    فَاَغۡوَیۡنٰکُمۡ اِنَّا کُنَّا غٰوِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    Ошентип, биз силерди жолдон чыгардык. Албетте, биз өзүбүз дагы адашкан элек».
  • 37:34
    فَاِنَّہُمۡ یَوۡمَئِذٍ فِی الۡعَذَابِ مُشۡتَرِکُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    Ошентип, албетте, ошол күнү (алардын) баардыгы азапта теӊ шерик болушат.
  • 37:35
    اِنَّا کَذٰلِکَ نَفۡعَلُ بِالۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۳۵﴾
    Албетте, күнөөкөрлөргө Биз мына ушундай мамиле кылабыз.
  • 37:36
    اِنَّہُمۡ کَانُوۡۤا اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا اللّٰہُ ۙ یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿ۙ۳۶﴾
    Албетте, аларга: «Алладан башка кудай жок», - деп айтылганда, алар текеберлик кылышчу.
  • 37:37
    وَ یَقُوۡلُوۡنَ اَئِنَّا لَتَارِکُوۡۤا اٰلِہَتِنَا لِشَاعِرٍ مَّجۡنُوۡنٍ ﴿ؕ۳۷﴾
    Алар мындай дешчү: «Биз бир жинди ырчы үчүн өз кудайларыбыздан баш тартабызбы?»
  • 37:38
    بَلۡ جَآءَ بِالۡحَقِّ وَ صَدَّقَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۳۸﴾
    Чынында, ал акыйкатты келтирген болчу жана баардык пайгамбарларды тастыктаар эле.
  • 37:39
    اِنَّکُمۡ لَذَآئِقُوا الۡعَذَابِ الۡاَلِیۡمِ ﴿ۚ۳۹﴾
    Албетте, силер оор азапты сөзсүз татып көрүүчүлөрсүӊөр.
  • 37:40
    وَ مَا تُجۡزَوۡنَ اِلَّا مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾
    Жана силер тек өзүӊөр кылган амалдарыӊарга жараша «сыйлануудасыӊар».
  • 37:41
    اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۴۱﴾
    Алланын өзгөчө пенделеринин мамилеси башкача.
  • 37:42
    اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ رِزۡقٌ مَّعۡلُوۡمٌ ﴿ۙ۴۲﴾
    Мына ошолор үчүн белгилүү ырыскы бар;
  • 37:43
    فَوَاکِہُ ۚ وَ ہُمۡ مُّکۡرَمُوۡنَ ﴿ۙ۴۳﴾
    Ар түрдүү мөмөлөр; аларга чоӊ урмат-сый көрсөтүлгөн абалда.
  • 37:44
    فِیۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿ۙ۴۴﴾
    Нээмат-берекелүү бактарда;
  • 37:45
    عَلٰی سُرُرٍ مُّتَقٰبِلِیۡنَ ﴿۴۵﴾
    Тактарда бетме-бет отурушат;
  • 37:46
    یُطَافُ عَلَیۡہِمۡ بِکَاۡسٍ مِّنۡ مَّعِیۡنٍۭ ﴿ۙ۴۶﴾
    Булактардын агып турган суусунан толтурулган кеселер алардын ортосунда айландырылат;
  • 37:47
    بَیۡضَآءَ لَذَّۃٍ لِّلشّٰرِبِیۡنَ ﴿ۚۖ۴۷﴾
    Абдан тунук, ичүүчүлөргө өтө ширин;
  • 37:48
    لَا فِیۡہَا غَوۡلٌ وَّ لَا ہُمۡ عَنۡہَا یُنۡزَفُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    Ал (ичимдик)терде кандайдыр бир мас кылуучу нерсе болбойт жана алардын таасиринен акыл-эстен ажырашпайт;
  • 37:49
    وَ عِنۡدَہُمۡ قٰصِرٰتُ الطَّرۡفِ عِیۡنٌ ﴿ۙ۴۹﴾
    Жана алардын алдында тартынчаак бакыракай көздүү (кыздар) болот;
  • 37:50
    کَاَنَّہُنَّ بَیۡضٌ مَّکۡنُوۡنٌ ﴿۵۰﴾
    Алар тим эле бекитилип коюлган жумурткадай (жалтырап турат);
  • 37:51
    فَاَقۡبَلَ بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ یَّتَسَآءَلُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    Анан алардын айрымдары башкаларга суроо берип кайрылышат;
  • 37:52
    قَالَ قَآئِلٌ مِّنۡہُمۡ اِنِّیۡ کَانَ لِیۡ قَرِیۡنٌ ﴿ۙ۵۲﴾
    Алардын арасынан бир айтуучу: «Албетте, менин бир жолдошум бар эле», - дейт.
  • 37:53
    یَّقُوۡلُ اَئِنَّکَ لَمِنَ الۡمُصَدِّقِیۡنَ ﴿۵۳﴾
    Ал мындай айтчу: «Сен (бул нерсени) тастыктоочулардансыңбы?
  • 37:54
    ءَ اِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا وَّ عِظَامًا ءَ اِنَّا لَمَدِیۡنُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    Тактап айтканда, биз көз жумуп, топуракка айланып, сөөк болуп калганыбызда дагы, сыйлык-жаза көрүүчүлөрбүзбү?»
  • 37:55
    قَالَ ہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّطَّلِعُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    Ал айтат: «Силер шыкаалап көрө аласыӊарбы?»
  • 37:56
    فَاطَّلَعَ فَرَاٰہُ فِیۡ سَوَآءِ الۡجَحِیۡمِ ﴿۵۶﴾
    Анан ал шыкаалап карады, ошондо аны (жолдошун) тозоктун дал ортосунда көрдү.
  • 37:57
    قَالَ تَاللّٰہِ اِنۡ کِدۡتَّ لَتُرۡدِیۡنِ ﴿ۙ۵۷﴾
    Ал айтты: «Аллага касам! Мени дагы жок кылып коёруӊа аз калган эле.
  • 37:58
    وَ لَوۡ لَا نِعۡمَۃُ رَبِّیۡ لَکُنۡتُ مِنَ الۡمُحۡضَرِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    Эгер Раббимдин нээмат-берекеси болбогондо, мен албетте, келтирилүүчүлөрдөн болуп калаар элем.
  • 37:59
    اَفَمَا نَحۡنُ بِمَیِّتِیۡنَ ﴿ۙ۵۹﴾
    Демек, биз өлүүчүлөр эмес белек?
  • 37:60
    اِلَّا مَوۡتَتَنَا الۡاُوۡلٰی وَ مَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِیۡنَ ﴿۶۰﴾
    Биздин биринчи өлүмүбүздөн сырткары. Бизге эч азап берилбейт».
  • 37:61
    اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۶۱﴾
    Албетте, мына ушунун өзү ыйман (келтирүүчү үчүн) абдан чоӊ бир ийгилик.
  • 37:62
    لِمِثۡلِ ہٰذَا فَلۡیَعۡمَلِ الۡعٰمِلُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    Ошентип, баардык амал кылуучулар кудум ушул сыяктуу даражага (жетишүү) үчүн амал кылуулары керек.
  • 37:63
    اَذٰلِکَ خَیۡرٌ نُّزُلًا اَمۡ شَجَرَۃُ الزَّقُّوۡمِ ﴿۶۳﴾
    Меймандостук катары мына ушул жакшыраакпы же Заккум дарагыбы?
  • 37:64
    اِنَّا جَعَلۡنٰہَا فِتۡنَۃً لِّلظّٰلِمِیۡنَ ﴿۶۴﴾
    Албетте, Биз аны заалимдер үчүн сыноо кылып койдук.
  • 37:65
    اِنَّہَا شَجَرَۃٌ تَخۡرُجُ فِیۡۤ اَصۡلِ الۡجَحِیۡمِ ﴿ۙ۶۵﴾
    Албетте, ал тозоктун түбүнөн өсүп чыга турган бир дарак.
  • 37:66
    طَلۡعُہَا کَاَنَّہٗ رُءُوۡسُ الشَّیٰطِیۡنِ ﴿۶۶﴾
    Анын бутактары кудум шайтандардын баштары сыяктуу.
  • 37:67
    فَاِنَّہُمۡ لَاٰکِلُوۡنَ مِنۡہَا فَمَالِـُٔوۡنَ مِنۡہَا الۡبُطُوۡنَ ﴿ؕ۶۷﴾
    Ошентип, албетте, алар анын өзүнөн жей тургандар; анан анын өзүнөн карынын толтуруучулар.
  • 37:68
    ثُمَّ اِنَّ لَہُمۡ عَلَیۡہَا لَشَوۡبًا مِّنۡ حَمِیۡمٍ ﴿ۚ۶۸﴾
    Анан албетте, алар үчүн ал (тамак)тан кийин катуу кайнап турган суу аралашкан ичимдик болот.
  • 37:69
    ثُمَّ اِنَّ مَرۡجِعَہُمۡ لَا۠ اِلَی الۡجَحِیۡمِ ﴿۶۹﴾
    Андан кийин, албетте, алар тозок тарапка кайтып баруулары зарыл.
  • 37:70
    اِنَّہُمۡ اَلۡفَوۡا اٰبَآءَہُمۡ ضَآلِّیۡنَ ﴿ۙ۷۰﴾
    Албетте, алар ата-бабаларын адашкан бойдон тапкан эле.
  • 37:71
    فَہُمۡ عَلٰۤی اٰثٰرِہِمۡ یُہۡرَعُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    Анан ошолордун таман издеринен алар дагы жүгүртүлүүдө.
  • 37:72
    وَ لَقَدۡ ضَلَّ قَبۡلَہُمۡ اَکۡثَرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۙ۷۲﴾
    Албетте, алардан мурун илгерки коомдордон дагы көпчүлүгү адашып кеткен эле.
  • 37:73
    وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا فِیۡہِمۡ مُّنۡذِرِیۡنَ ﴿۷۳﴾
    Чынында, Биз аларга албетте, кулактандыруучуларды жөнөтүп бүткөн элек.
  • 37:74
    فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿ۙ۷۴﴾
    Ошентип, кулактандырылуучулардын акыбети кандай болгонун көрүп кой!
  • 37:75
    اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿٪۷۵﴾
    Алланын тандалган пенделеринен башкалар.
  • 37:76
    وَ لَقَدۡ نَادٰٮنَا نُوۡحٌ فَلَنِعۡمَ الۡمُجِیۡبُوۡنَ ﴿۫ۖ۷۶﴾
    Албетте, Нух Бизге кайрылды. Ошентип, (карагыла), Биз кандай сонун жооп берүүчүбүз!
  • 37:77
    وَ نَجَّیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗ مِنَ الۡکَرۡبِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۫ۖ۷۷﴾
    Биз аны жана анын үй-бүлөсүн бир чоӊ сар-санаадан куткардык.
  • 37:78
    وَ جَعَلۡنَا ذُرِّیَّتَہٗ ہُمُ الۡبٰقِیۡنَ ﴿۫ۖ۷۸﴾
    Жана Биз анын тукумун түбөлүккө калуучу кылып койдук.
  • 37:79
    وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۫ۖ۷۹﴾
    Жана Биз ал тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • 37:80
    سَلٰمٌ عَلٰی نُوۡحٍ فِی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۰﴾
    Баардык ааламдарда Нухка салам болсун!
  • 37:81
    اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۸۱﴾
    Албетте, изги иш кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • 37:82
    اِنَّہٗ مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    Албетте, ал Биздин момун пенделерибизден болчу.
  • 37:83
    ثُمَّ اَغۡرَقۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿۸۳﴾
    Анан Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.
  • 37:84
    وَ اِنَّ مِنۡ شِیۡعَتِہٖ لَاِبۡرٰہِیۡمَ ﴿ۘ۸۴﴾
    Албетте, Ибраахийм дагы анын тайпасынан болчу.
  • 37:85
    اِذۡ جَآءَ رَبَّہٗ بِقَلۡبٍ سَلِیۡمٍ ﴿۸۵﴾
    Качан ал өз Раббисинин алдына таза жүрөк менен келген(ин эсте).
  • 37:86
    اِذۡ قَالَ لِاَبِیۡہِ وَ قَوۡمِہٖ مَاذَا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۚ۸۶﴾
    (Анан) ал өз атасына жана анын коомуна: «Силер ибадат кылып жаткан нерсеӊер эмне өзү?» - деген(ин дагы эсте).
  • 37:87
    اَئِفۡکًا اٰلِہَۃً دُوۡنَ اللّٰہِ تُرِیۡدُوۡنَ ﴿ؕ۸۷﴾
    «Силер Алладан башка бүтүндөй жалган кудайларды каалайсыӊарбы?
  • 37:88
    فَمَا ظَنُّکُمۡ بِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    Ошентип, бүтүн ааламдардын Раббисин эмне деп ойлодуӊар?»
  • 37:89
    فَنَظَرَ نَظۡرَۃً فِی النُّجُوۡمِ ﴿ۙ۸۹﴾
    Анан ал жылдыздарга бир назар таштады.
  • 37:90
    فَقَالَ اِنِّیۡ سَقِیۡمٌ ﴿۹۰﴾
    Ошондо айтты: «Албетте, мен безип кеткенмин».
  • 37:91
    فَتَوَلَّوۡا عَنۡہُ مُدۡبِرِیۡنَ ﴿۹۱﴾
    Ошондо алар андан жүз буруп, жөнөп кетишти.
  • 37:92
    فَرَاغَ اِلٰۤی اٰلِہَتِہِمۡ فَقَالَ اَلَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿ۚ۹۲﴾
    Анан ал көздөргө көрүнбөстөн алардын кудайларына жүздөндү. Ошондо, ал сурады: «Силер жебейсиӊерби?
  • 37:93
    مَا لَکُمۡ لَا تَنۡطِقُوۡنَ ﴿۹۳﴾
    Силерге эмне болгон, сүйлөбөйсүӊөр?»
  • 37:94
    فَرَاغَ عَلَیۡہِمۡ ضَرۡبًۢا بِالۡیَمِیۡنِ ﴿۹۴﴾
    Анан оӊ кол менен бир катуу уруп, аларга каршы жашыруун иш жасады.
  • 37:95
    فَاَقۡبَلُوۡۤا اِلَیۡہِ یَزِفُّوۡنَ ﴿۹۵﴾
    Анан алар (адамдар) анын жанына жүгүрүп келишти.
  • 37:96
    قَالَ اَتَعۡبُدُوۡنَ مَا تَنۡحِتُوۡنَ ﴿ۙ۹۶﴾
    Ал (аларга) айтты: «(Өзүӊөр) жонуп даярдаган нерселериӊерге ибадат кыласыӊарбы?
  • 37:97
    وَ اللّٰہُ خَلَقَکُمۡ وَ مَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    Чынында, Алла силерди дагы, силер жасап жаткан нерселериӊерди дагы жараткан».
  • 37:98
    قَالُوا ابۡنُوۡا لَہٗ بُنۡیَانًا فَاَلۡقُوۡہُ فِی الۡجَحِیۡمِ ﴿۹۸﴾
    Алар айтышты: «Ал үчүн бир төрт дубал кургула, анан аны жалындап турган отко таштагыла!»
  • 37:99
    فَاَرَادُوۡا بِہٖ کَیۡدًا فَجَعَلۡنٰہُمُ الۡاَسۡفَلِیۡنَ ﴿۹۹﴾
    Ошентип, алар ага каршы бир (ырайымсыз) чараны көрүштү, ошондо Биз аларды өтө кор кылып койдук.
  • 37:100
    وَ قَالَ اِنِّیۡ ذَاہِبٌ اِلٰی رَبِّیۡ سَیَہۡدِیۡنِ ﴿۱۰۰﴾
    Ал айтты: «Албетте, мен өз Раббим тарапка баруучумун, Ал албетте, мени хидаят кылат».
  • 37:101
    رَبِّ ہَبۡ لِیۡ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    «Эй, Раббим! Мага саалих-жакшылардан (мураскер) тартуулагын!»
  • 37:102
    فَبَشَّرۡنٰہُ بِغُلٰمٍ حَلِیۡمٍ ﴿۱۰۲﴾
    Ошондо Биз ага бир көӊүлү жумшак уулдун куш кабарын бердик.
  • 37:103
    فَلَمَّا بَلَغَ مَعَہُ السَّعۡیَ قَالَ یٰبُنَیَّ اِنِّیۡۤ اَرٰی فِی الۡمَنَامِ اَنِّیۡۤ اَذۡبَحُکَ فَانۡظُرۡ مَاذَا تَرٰی ؕ قَالَ یٰۤاَبَتِ افۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُ ۫ سَتَجِدُنِیۡۤ اِنۡ شَآءَ اللّٰہُ مِنَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    Анан ал (бала) аны менен чуркап-жүгүрүү жашына жеткенде, (Ибраахийм) айтты: «Эй, сүйүктүү уулум! Албетте, мен уктаганда сени союп жатканымды көп көрөмүн. Ошондуктан, ойлоп көр, сенин оюӊ эмне?» Ал жооп берди: «Эй, атам! Сен өзүӊө буюрула турган нерсени кылгын. Кудай кааласа, мени сабыр кылуучулардан табаарсыӊ».
  • 37:104
    فَلَمَّاۤ اَسۡلَمَا وَ تَلَّہٗ لِلۡجَبِیۡنِ ﴿۱۰۴﴾ۚ
    Ошентип, качан ал экөөсү теӊ өз ара ыраазы болушканда, аны пешенеси менен жаткырып койду.
  • 37:105
    وَ نَادَیۡنٰہُ اَنۡ یّٰۤاِبۡرٰہِیۡمُ ﴿۱۰۵﴾ۙ
    Ошондо Биз ага кайрылдык: «Эй, Ибраахийм!
  • 37:106
    قَدۡ صَدَّقۡتَ الرُّءۡیَا ۚ اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    Албетте, сен түшүӊдү ишке ашырдыӊ. Албетте, изги иштер кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз».
  • 37:107
    اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ الۡبَلٰٓـؤُا الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۰۷﴾
    Албетте, бул ачыктан-ачык бир сыноо эле.
  • 37:108
    وَ فَدَیۡنٰہُ بِذِبۡحٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۰۸﴾
    Биз бир улуу курмандыктын ордуна аны сактадык.
  • 37:109
    وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۱۰۹﴾ۖ
    Жана Биз ал тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • 37:110
    سَلٰمٌ عَلٰۤی اِبۡرٰہِیۡمَ ﴿۱۱۰﴾
    Ибраахиймге салам болсун!
  • 37:111
    کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۱۱﴾
    Жакшылык кыла тургандарды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • 37:112
    اِنَّہٗ مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    Албетте, ал Биздин момун пенделерибизден эле.
  • 37:113
    وَ بَشَّرۡنٰہُ بِاِسۡحٰقَ نَبِیًّا مِّنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۱۳﴾
    Биз ага пайгамбар катары Исхаактын куш кабарын бердик, ал саалих-жакшылардан эле.
  • 37:114
    وَ بٰرَکۡنَا عَلَیۡہِ وَ عَلٰۤی اِسۡحٰقَ ؕ وَ مِنۡ ذُرِّیَّتِہِمَا مُحۡسِنٌ وَّ ظَالِمٌ لِّنَفۡسِہٖ مُبِیۡنٌ ﴿۱۱۴﴾٪
    Биз ал жана Исхаактын үстүнө береке жөнөттүк. Ал экөөсүнүн тукумунда изги иш кылуучулар да, өздөрүнө ачыктан-ачык зулумдук кылуучулар да бар болчу.
  • 37:115
    وَ لَقَدۡ مَنَنَّا عَلٰی مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ﴿۱۱۵﴾ۚ
    Албетте, Биз Муса жана Хаарунга дагы мээрбандык кылган элек.
  • 37:116
    وَ نَجَّیۡنٰہُمَا وَ قَوۡمَہُمَا مِنَ الۡکَرۡبِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۱۱۶﴾ۚ
    Биз ал экөөсүн жана алардын коомун абдан чоӊ кайгыдан куткарган элек.
  • 37:117
    وَ نَصَرۡنٰہُمۡ فَکَانُوۡا ہُمُ الۡغٰلِبِیۡنَ ﴿۱۱۷﴾ۚ
    Жана Биз аларга жардам көрсөттүк. Анан, ошолор гана жеӊүүчүлөр болушту.
  • 37:118
    وَ اٰتَیۡنٰہُمَا الۡکِتٰبَ الۡمُسۡتَبِیۡنَ ﴿۱۱۸﴾ۚ
    Биз ал экөөсүнө бир нур берүүчү Китеп тартууладык.
  • 37:119
    وَ ہَدَیۡنٰہُمَا الصِّرَاطَ الۡمُسۡتَقِیۡمَ ﴿۱۱۹﴾ۚ
    Жана Биз ал экөөсүн туура жолго багыт берген элек.
  • 37:120
    وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِمَا فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۱۲۰﴾ۙ
    Жана Биз ал экөөсү тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • 37:121
    سَلٰمٌ عَلٰی مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ﴿۱۲۱﴾
    Муса жана Хаарунга тынчтык болсун!
  • 37:122
    اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۲۲﴾
    Албетте, изги иштер кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • 37:123
    اِنَّہُمَا مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۲۳﴾
    Албетте, алардын экөөсү теӊ Биздин момун пенделерибизден эле.
  • 37:124
    وَ اِنَّ اِلۡیَاسَ لَمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۲۴﴾ؕ
    Иляс дагы албетте, пайгамбарлардан эле.
  • 37:125
    اِذۡ قَالَ لِقَوۡمِہٖۤ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾
    (Эстегиле), качан ал өз коомуна айткан: «Силер такыба болбойсуӊарбы?
  • 37:126
    اَتَدۡعُوۡنَ بَعۡلًا وَّ تَذَرُوۡنَ اَحۡسَنَ الۡخَالِقِیۡنَ ﴿۱۲۶﴾ۙ
    Силер Баълга кайрыласыӊар да, жаратуучулардын эӊ жакшысын четке кагасыӊарбы?
  • 37:127
    اللّٰہَ رَبَّکُمۡ وَ رَبَّ اٰبَآئِکُمُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۲۷﴾
    Өзүӊөрдүн жана силердин мурунку ата-бабаларыӊардын Раббиси болгон Алланы (четке кагасыӊарбы?)»
  • 37:128
    فَکَذَّبُوۡہُ فَاِنَّہُمۡ لَمُحۡضَرُوۡنَ ﴿۱۲۸﴾ۙ
    Ошентип, алар аны жалганчыга чыгарышты. Албетте, алар келтирилүүчүлөр –
  • 37:129
    اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۱۲۹﴾
    Алланын тандалган пенделеринен башкалар.
  • 37:130
    وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۱۳۰﴾ۙ
    Биз ал тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • 37:131
    سَلٰمٌ عَلٰۤی اِلۡ یَاسِیۡنَ ﴿۱۳۱﴾
    Илясийнге тынчтык болсун!
  • 37:132
    اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۳۲﴾
    Албетте, изги иштер кыла тургандарды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • 37:133
    اِنَّہٗ مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۳۳﴾
    Албетте, ал Биздин момун пенделерибизден эле.
  • 37:134
    وَ اِنَّ لُوۡطًا لَّمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۳۴﴾ؕ
    Лут дагы албетте, пайгамбарлардан эле.
  • 37:135
    اِذۡ نَجَّیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗۤ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۳۵﴾ۙ
    Качан Биз аны жана үй-бүлөсүнүн баарын куткарганыбызда –
  • 37:136
    اِلَّا عَجُوۡزًا فِی الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۱۳۶﴾
    Аркада калып калгандарга (кошулуп кеткен) бир кемпирден башкаларын.
  • 37:137
    ثُمَّ دَمَّرۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿۱۳۷﴾
    Анан Биз башкаларды жок кылып койдук.
  • 37:138
    وَ اِنَّکُمۡ لَتَمُرُّوۡنَ عَلَیۡہِمۡ مُّصۡبِحِیۡنَ ﴿۱۳۸﴾
    Албетте, силер таӊ маалында алар(дын көмүлгөн жайы)нан өтөсүӊөр.
  • 37:139
    وَ بِالَّیۡلِ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۳۹﴾٪
    Кечкурун дагы. Демек, силер ой жүгүртпөйсүӊөрбү?
  • 37:140
    وَ اِنَّ یُوۡنُسَ لَمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۴۰﴾ؕ
    Албетте, Юнус (дагы) пайгамбарлардан эле.
  • 37:141
    اِذۡ اَبَقَ اِلَی الۡفُلۡکِ الۡمَشۡحُوۡنِ ﴿۱۴۱﴾ۙ
    Ал толо кемеге карай качканда,
  • 37:142
    فَسَاہَمَ فَکَانَ مِنَ الۡمُدۡحَضِیۡنَ ﴿۱۴۲﴾ۚ
    Анан ал чүчү кулак кармады, ошондо ал ыргытылуучулардан болуп калды.
  • 37:143
    فَالۡتَقَمَہُ الۡحُوۡتُ وَ ہُوَ مُلِیۡمٌ ﴿۱۴۳﴾
    Ошентип, балык аны жутуп алды. Ошондо, ал (өзүн) жемелээр эле.
  • 37:144
    فَلَوۡ لَاۤ اَنَّہٗ کَانَ مِنَ الۡمُسَبِّحِیۡنَ ﴿۱۴۴﴾ۙ
    Анан, эгер ал тасбийх айтуучулардан болбогондо,
  • 37:145
    لَلَبِثَ فِیۡ بَطۡنِہٖۤ اِلٰی یَوۡمِ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿۱۴۵﴾ۚؒ
    Анда, албетте, алар (адамдар) тургузула турган күнгө чейин анын карынында калып калмак.
  • 37:146
    فَنَبَذۡنٰہُ بِالۡعَرَآءِ وَ ہُوَ سَقِیۡمٌ ﴿۱۴۶﴾ۚ
    Ошентип, Биз аны бир ачык майданга ыргытып жибердик. Ошондо ал катуу кесел болчу.
  • 37:147
    وَ اَنۡۢبَتۡنَا عَلَیۡہِ شَجَرَۃً مِّنۡ یَّقۡطِیۡنٍ ﴿۱۴۷﴾ۚ
    Биз аны тосуу максатында бир ашкабактын сабагын өстүрүп койдук.
  • 37:148
    وَ اَرۡسَلۡنٰہُ اِلٰی مِائَۃِ اَلۡفٍ اَوۡ یَزِیۡدُوۡنَ ﴿۱۴۸﴾ۚ
    Биз аны жүз миӊ тарапка жөнөттүк, жок, алар (сан жагынан) көбөйүп жатышкан эле.
  • 37:149
    فَاٰمَنُوۡا فَمَتَّعۡنٰہُمۡ اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۱۴۹﴾ؕ
    Анан алар ыйман келтиришти. Биз аларга бир мөөнөткө чейин бир аз пайда келтирдик.
  • 37:150
    فَاسۡتَفۡتِہِمۡ اَلِرَبِّکَ الۡبَنَاتُ وَ لَہُمُ الۡبَنُوۡنَ ﴿۱۵۰﴾ۙ
    Демек, алардан сурачы, Раббиӊ үчүн кыздар болсо, алар үчүн уулдар барбы?
  • 37:151
    اَمۡ خَلَقۡنَا الۡمَلٰٓئِکَۃَ اِنَاثًا وَّ ہُمۡ شٰہِدُوۡنَ ﴿۱۵۱﴾
    Же Биз периштелерди аял кылып койгонбузбу, алар болсо буга күбө болушканбы?
  • 37:152
    اَلَاۤ اِنَّہُمۡ مِّنۡ اِفۡکِہِمۡ لَیَقُوۡلُوۡنَ ﴿۱۵۲﴾ۙ
    Кулак салгыла! Алар албетте, өз тарабынан жалганды ойлоп чыгарган бойдон (мындай) айтышат:
  • 37:153
    وَلَدَ اللّٰہُ ۙ وَ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۵۳﴾
    «Алла уул көрдү». Шексиз, алар албетте, жалганчылар.
  • 37:154
    اَصۡطَفَی الۡبَنَاتِ عَلَی الۡبَنِیۡنَ ﴿۱۵۴﴾ؕ
    Ал уулдардан көрө кыздарды жакшы көргөнбү?
  • 37:155
    مَا لَکُمۡ ۟ کَیۡفَ تَحۡکُمُوۡنَ ﴿۱۵۵﴾
    Силерге эмне болгон өзү, кандай өкүм чыгарасыӊар?!
  • 37:156
    اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۱۵۶﴾ۚ
    Демек, силер ибарат-насаат албайсыӊарбы?
  • 37:157
    اَمۡ لَکُمۡ سُلۡطٰنٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۵۷﴾ۙ
    Же силерде кандайдыр бир жеӊүүчү (жана) ачык-айкын далил барбы?
  • 37:158
    فَاۡتُوۡا بِکِتٰبِکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۵۸﴾
    Ошентип, чынчыл болсоӊор, китебиӊерди келтиргилечи?
  • 37:159
    وَ جَعَلُوۡا بَیۡنَہٗ وَ بَیۡنَ الۡجِنَّۃِ نَسَبًا ؕ وَ لَقَدۡ عَلِمَتِ الۡجِنَّۃُ اِنَّہُمۡ لَمُحۡضَرُوۡنَ ﴿۱۵۹﴾ۙ
    Алар Ал (Алла) менен жиндердин ортосунда кандайдыр бир тууганчылыкты жаратышты. Чынында, жиндер албетте: «Биз дагы сөзсүз алып келинүүчүлөрбүз», - деп билишет.
  • 37:160
    سُبۡحٰنَ اللّٰہِ عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿۱۶۰﴾ۙ
    Алла алар баян кылып жаткан баардык нерселерден таза.
  • 37:161
    اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۱۶۱﴾
    Алланын тандалган пенделери (мындай кептерден) оолак.
  • 37:162
    فَاِنَّکُمۡ وَ مَا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۱۶۲﴾ۙ
    Ошентип, албетте, силер жана силер ибадат кылып жаткан нерселериӊер –
  • 37:163
    مَاۤ اَنۡتُمۡ عَلَیۡہِ بِفٰتِنِیۡنَ ﴿۱۶۳﴾ۙ
    Ага каршы (эч кимди) азгыра албайсыӊар.
  • 37:164
    اِلَّا مَنۡ ہُوَ صَالِ الۡجَحِیۡمِ ﴿۱۶۴﴾
    Тозокко кирүүчү бирөөнөн башкасын.
  • 37:165
    وَ مَا مِنَّاۤ اِلَّا لَہٗ مَقَامٌ مَّعۡلُوۡمٌ ﴿۱۶۵﴾ۙ
    (Периштелер айтышат): «Арабыздагы ар бирибиз үчүн бир маалым даража бар.
  • 37:166
    وَّ اِنَّا لَنَحۡنُ الصَّآفُّوۡنَ ﴿۱۶۶﴾ۚ
    Биз албетте, сапма-сап турганбыз.
  • 37:167
    وَ اِنَّا لَنَحۡنُ الۡمُسَبِّحُوۡنَ ﴿۱۶۷﴾
    Албетте, биз тасбийх айтуудабыз».
  • 37:168
    وَ اِنۡ کَانُوۡا لَیَقُوۡلُوۡنَ ﴿۱۶۸﴾ۙ
    Алар (каапырлар) айтышчу:
  • 37:169
    لَوۡ اَنَّ عِنۡدَنَا ذِکۡرًا مِّنَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۶۹﴾ۙ
    «Эгер бизге мурункулардын кандайдыр бир эскерилүүсү келгенде,
  • 37:170
    لَکُنَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۱۷۰﴾
    Анда, албетте, биз Алланын тандалган пенделери болоор элек».
  • 37:171
    فَکَفَرُوۡا بِہٖ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۷۱﴾
    Демек, алар Аны (Алланы) четке кагып коюшту. (Эми), алар албетте, (мунун натыйжасын) билип алышат.
  • 37:172
    وَ لَقَدۡ سَبَقَتۡ کَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۷۲﴾ۚۖ
    Албетте, Биздин жиберилген пенделерибиз тууралуу Биздин (ушул) буйругубуз өтүп кеткен:
  • 37:173
    اِنَّہُمۡ لَہُمُ الۡمَنۡصُوۡرُوۡنَ ﴿۱۷۳﴾۪
    «Албетте, жардам бериле тургандар – ошолор».
  • 37:174
    وَ اِنَّ جُنۡدَنَا لَہُمُ الۡغٰلِبُوۡنَ ﴿۱۷۴﴾
    Албетте, Биздин кошуунубуз гана сөзсүз жеӊүүчү.
  • 37:175
    فَتَوَلَّ عَنۡہُمۡ حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿۱۷۵﴾ۙ
    Ошентип, бир аз мөөнөткө алардан жүзүңдү буруп ал!
  • 37:176
    وَّ اَبۡصِرۡہُمۡ فَسَوۡفَ یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۱۷۶﴾
    Жана аларды күзөтүп тур! Ошентип, алар дагы тез арада көрүп алышат.
  • 37:177
    اَفَبِعَذَابِنَا یَسۡتَعۡجِلُوۡنَ ﴿۱۷۷﴾
    Алар Биздин азабыбызды талап кылууда шашылуудабы?
  • 37:178
    فَاِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِہِمۡ فَسَآءَ صَبَاحُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿۱۷۸﴾
    Анан ал алардын короосуна түшкөндө, кулактандырыла тургандардын таӊы абдан жаман болот.
  • 37:179
    وَ تَوَلَّ عَنۡہُمۡ حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿۱۷۹﴾ۙ
    Жана бир аз мөөнөткө алардан жүзүңдү буруп ал!
  • 37:180
    وَّ اَبۡصِرۡ فَسَوۡفَ یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۱۸۰﴾
    Жана карап тур! Ошентип, алар дагы албетте, көрүп алышат.
  • 37:181
    سُبۡحٰنَ رَبِّکَ رَبِّ الۡعِزَّۃِ عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿۱۸۱﴾ۚ
    Урмат-сый Кожосу болгон Раббиӊ алар баян кылып жаткан баардык нерселерден таза!
  • 37:182
    وَ سَلٰمٌ عَلَی الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۸۲﴾ۚ
    Жана баардык пайгамбарларга тынчтык болсун!
  • 37:183
    وَ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۸۳﴾٪
    Жана баардык мактоо бүтүн ааламдардын Раабиси болгон Аллага гана таандык.
0:00
/
0:00
 
Share via
Share via