الشُّعَرَاء
Аш-Шуъараа
-
26:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
26:2طٰسٓمّٓ ﴿۲﴾Таййибун, Самийъун, Алиймун: таза, эӊ угуучу, өтө билүүчү.
-
26:3تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ الۡمُبِیۡنِ ﴿۳﴾Булар – жарык кылуучу Китептин аяттары.
-
26:4لَعَلَّکَ بَاخِعٌ نَّفۡسَکَ اَلَّا یَکُوۡنُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۴﴾Сен алар момун болушпайт деп өз жаныӊды ойрон кылып коёсуӊбу?
-
26:5اِنۡ نَّشَاۡ نُنَزِّلۡ عَلَیۡہِمۡ مِّنَ السَّمَآءِ اٰیَۃً فَظَلَّتۡ اَعۡنَاقُہُمۡ لَہَا خٰضِعِیۡنَ ﴿۵﴾Эгер Биз кааласак, аларга асмандан ушундай бир белги-жышаан түшүрөбүз: анын алдында алардын моюндары ийилип калат.
-
26:6وَ مَا یَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ ذِکۡرٍ مِّنَ الرَّحۡمٰنِ مُحۡدَثٍ اِلَّا کَانُوۡا عَنۡہُ مُعۡرِضِیۡنَ ﴿۶﴾Аларга Рахмаандан кандай гана жаӊы насыйкат келбесин, алар андан жүз бурушат.
-
26:7فَقَدۡ کَذَّبُوۡا فَسَیَاۡتِیۡہِمۡ اَنۡۢبٰٓؤُا مَا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۷﴾Ошентип, албетте, алар (ар бир жаӊы аят-жышаанды) жалганга чыгарышты. Анан, албетте, аларга өздөрү маскара кылып жүргөн (нерселердин жүзөгө ашкандыгы) жөнүндө кабарлар келет.
-
26:8اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اِلَی الۡاَرۡضِ کَمۡ اَنۡۢبَتۡنَا فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ زَوۡجٍ کَرِیۡمٍ ﴿۸﴾Алар жерге назар ташташкан эмеспи? Анда Биз канчалаган (өсүмдүктөрдүн) бийик даражалуу жуптарын өстүрдүк.
-
26:9اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕوَ مَا کَانَ اَکۡثَرُ ہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹﴾Албетте, мында бир улуу аят-белги бар, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес.
-
26:10وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿٪۱۰﴾Албетте, Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:11وَ اِذۡ نَادٰی رَبُّکَ مُوۡسٰۤی اَنِ ائۡتِ الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾Раббиӊ Мусага мындай кайрылган(ын эсте): «Сен заалим коомго бар –
-
26:12قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ ؕ اَلَا یَتَّقُوۡنَ ﴿۱۲﴾(Тактап айтканда) Фараон коомуна. Алар такыба болушпайбы?»
-
26:13قَالَ رَبِّ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اَنۡ یُّکَذِّبُوۡنِ ﴿ؕ۱۳﴾Ал айтты: «Эй, Раббим! Алар мени жалганчыга чыгарууларынан мен коркомун.
-
26:14وَ یَضِیۡقُ صَدۡرِیۡ وَ لَا یَنۡطَلِقُ لِسَانِیۡ فَاَرۡسِلۡ اِلٰی ہٰرُوۡنَ ﴿۱۴﴾Көөдөнүм кысылды жана тилим өткүр эмес. Ошондуктан, өз пайгамбарлыгыӊды Хаарунга жибер.
-
26:15وَ لَہُمۡ عَلَیَّ ذَنۡۢبٌ فَاَخَافُ اَنۡ یَّقۡتُلُوۡنِ ﴿ۚ۱۵﴾Мындан тышкары, менин моюнумда аларга болгон бир кылмышым да бар. Ошондуктан, алар мени өлтүрүп коюуларынан коркомун».
-
26:16قَالَ کَلَّا ۚ فَاذۡہَبَا بِاٰیٰتِنَاۤ اِنَّا مَعَکُمۡ مُّسۡتَمِعُوۡنَ ﴿۱۶﴾Ал (Алла) айтты: «Жок! Экөөӊөр Биздин аят-жышаандарыбыз менен баргыла. Албетте, Биз силер менен эӊ угуучубуз.
-
26:17فَاۡتِیَا فِرۡعَوۡنَ فَقُوۡلَاۤ اِنَّا رَسُوۡلُ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۱۷﴾Ошентип, экөөӊөр Фараондун алдына барып, (ага) айткыла: «Албетте, Биз баардык ааламдардын Раббиси тарабынан пайгамбарбыз.
-
26:18اَنۡ اَرۡسِلۡ مَعَنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ؕ۱۸﴾Исрааийл балдарын биз менен бирге жөнөт», - (деген кабарды жеткирүү үчүн).
-
26:19قَالَ اَلَمۡ نُرَبِّکَ فِیۡنَا وَلِیۡدًا وَّ لَبِثۡتَ فِیۡنَا مِنۡ عُمُرِکَ سِنِیۡنَ ﴿ۙ۱۹﴾Ал (Фараон) айтты: «Биз сени балалык чагыӊдан арабызда чоӊойтподукпу жана сен өз өмүрүӊдүн бир канча жылын биздин арабызда өткөрбөдүӊбү?
-
26:20وَ فَعَلۡتَ فَعۡلَتَکَ الَّتِیۡ فَعَلۡتَ وَ اَنۡتَ مِنَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۰﴾Жана сен кылган кылгылыгыӊды кылдыӊ, сен шүкүрсүздөрдөн экенсиӊ».
-
26:21قَالَ فَعَلۡتُہَاۤ اِذًا وَّ اَنَا مِنَ الضَّآلِّیۡنَ ﴿ؕ۲۱﴾Ал (Муса) айтты: «Мен ал ишти акыйкатты билбегенимде кылган элем.
-
26:22فَفَرَرۡتُ مِنۡکُمۡ لَمَّا خِفۡتُکُمۡ فَوَہَبَ لِیۡ رَبِّیۡ حُکۡمًا وَّ جَعَلَنِیۡ مِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۲۲﴾Ошондуктан, мен силерден коркконумда, силерден качып кеттим. Ошондо Раббим мага хикмат-акылмандык тартуулады жана мени пайгамбарлардан кылды.
-
26:23وَ تِلۡکَ نِعۡمَۃٌ تَمُنُّہَا عَلَیَّ اَنۡ عَبَّدۡتَّ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ؕ۲۳﴾Ошол сен мага милдет кылып жаткан ихсан-жакшылыгыӊ – Исрааийл балдарын кул кылып алганыӊбы?»
-
26:24قَالَ فِرۡعَوۡنُ وَ مَا رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ؕ۲۴﴾Фараон айтты: «Ал – баардык ааламдардын Раббиси эмне Өзү?»
-
26:25قَالَ رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ؕ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّوۡقِنِیۡنَ ﴿۲۵﴾Ал (Муса) айтты: «Асмандар менен жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы баардык нерселердин Раббиси. Эгер силер ишенүүчү болгонуӊарда, (жакшы болоор эле)».
-
26:26قَالَ لِمَنۡ حَوۡلَہٗۤ اَلَا تَسۡتَمِعُوۡنَ ﴿۲۶﴾Ал (Фараон) өзүнүн айланасындагыларга айтты: «Силер укпай жатасыӊарбы?»
-
26:27قَالَ رَبُّکُمۡ وَ رَبُّ اٰبَآئِکُمُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۲۷﴾Ал (Муса) айтты: «Ал силердин дагы, илгери өткөн ата-бабаларыӊардын дагы Раббиси».
-
26:28قَالَ اِنَّ رَسُوۡلَکُمُ الَّذِیۡۤ اُرۡسِلَ اِلَیۡکُمۡ لَمَجۡنُوۡنٌ ﴿۲۸﴾Ал (Фараон) айтты: «Албетте, силерге жөнөтүлгөн бул пайгамбарыӊар чын эле жинди».
-
26:29قَالَ رَبُّ الۡمَشۡرِقِ وَ الۡمَغۡرِبِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ؕ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۲۹﴾Ал (Муса) айтты: «(Ал) Чыгыш менен Батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагы баардык нерселердин дагы Раббиси. Эгер силер ой жүгүрткөнүӊөрдө, (жакшы болоор эле)».
-
26:30قَالَ لَئِنِ اتَّخَذۡتَ اِلٰـہًا غَیۡرِیۡ لَاَجۡعَلَنَّکَ مِنَ الۡمَسۡجُوۡنِیۡنَ ﴿۳۰﴾Ал (Фараон) айтты: «Эгер сен менден башканы кудай тутсаӊ, анда мен албетте, сени камакка аламын».
-
26:31قَالَ اَوَ لَوۡ جِئۡتُکَ بِشَیۡءٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۚ۳۱﴾Ал (Муса) айтты: «Эгер мен сага кандайдыр бир ачык-айкын нерсе алып келсем дагыбы?»
-
26:32قَالَ فَاۡتِ بِہٖۤ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۳۲﴾Ал (Фараон) айтты: «Аны алып кел, эгер сен чынчылдардан болсоӊ!»
-
26:33فَاَلۡقٰی عَصَاہُ فَاِذَا ہِیَ ثُعۡبَانٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚۖ۳۳﴾Ошондо ал өз таягын таштады, ал кокустан анык көрүнө турган ажыдаар болуп калды.
-
26:34وَّ نَزَعَ یَدَہٗ فَاِذَا ہِیَ بَیۡضَآءُ لِلنّٰظِرِیۡنَ ﴿٪۳۴﴾Анан ал колун чыгарды, ошондо ал кокустан карап тургандарга ак болуп көрүнө баштады.
-
26:35قَالَ لِلۡمَلَاِ حَوۡلَہٗۤ اِنَّ ہٰذَا لَسٰحِرٌ عَلِیۡمٌ ﴿ۙ۳۵﴾Ал (Фараон) өзүнүн айланасындагы башчыларга айтты: «Албетте, бул абдан чебер сыйкырчы экен.
-
26:36یُّرِیۡدُ اَنۡ یُّخۡرِجَکُمۡ مِّنۡ اَرۡضِکُمۡ بِسِحۡرِہٖ ٭ۖ فَمَا ذَا تَاۡمُرُوۡنَ ﴿۳۶﴾Ал өз сыйкырынын күчү менен силерди (туулган) жериӊерден кууп чыгармакчы. Демек, кандай кеӊеш бересиӊер?»
-
26:37قَالُوۡۤا اَرۡجِہۡ وَ اَخَاہُ وَ ابۡعَثۡ فِی الۡمَدَآئِنِ حٰشِرِیۡنَ ﴿ۙ۳۷﴾Алар айтышты: «Ага жана тууганына бир аз мөөнөт бер жана шаарларга топтоочуларды жибер.
-
26:38یَاۡتُوۡکَ بِکُلِّ سَحَّارٍ عَلِیۡمٍ ﴿۳۸﴾Алар сага ар кандай мыкты сыйкырчыларды алып келишет».
-
26:39فَجُمِعَ السَّحَرَۃُ لِمِیۡقَاتِ یَوۡمٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿ۙ۳۹﴾Ошентип, атайын бир күндүн белгилүү убактында сыйкырчылар жыйналышты.
-
26:40وَّ قِیۡلَ لِلنَّاسِ ہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّجۡتَمِعُوۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾Адамдарга айтылды: «Силер чогула аласыӊарбы?
-
26:41لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ السَّحَرَۃَ اِنۡ کَانُوۡا ہُمُ الۡغٰلِبِیۡنَ ﴿۴۱﴾Эгер сыйкырчылар жеӊсе, биз аларды ээрчүүбүз үчүн».
-
26:42فَلَمَّا جَآءَ السَّحَرَۃُ قَالُوۡا لِفِرۡعَوۡنَ اَئِنَّ لَنَا لَاَجۡرًا اِنۡ کُنَّا نَحۡنُ الۡغٰلِبِیۡنَ ﴿۴۲﴾Анан сыйкырчылар келгендеринде, алар Фараонга: «Эгер биз гана жеӊип чыксак, анда биз үчүн кандайдыр бир сыйлык барбы?» - дешти.
-
26:43قَالَ نَعَمۡ وَ اِنَّکُمۡ اِذًا لَّمِنَ الۡمُقَرَّبِیۡنَ ﴿۴۳﴾Ал айтты: «Ооба! Албетте, анда силер жакын кишилерден болуп каласыӊар».
-
26:44قَالَ لَہُمۡ مُّوۡسٰۤی اَلۡقُوۡا مَاۤ اَنۡتُمۡ مُّلۡقُوۡنَ ﴿۴۴﴾Муса аларга айтты: «Кана, таштамакчы болгон (сыйкыр)ыӊарды таштагыла!»
-
26:45فَاَلۡقَوۡا حِبَالَہُمۡ وَ عِصِیَّہُمۡ وَ قَالُوۡا بِعِزَّۃِ فِرۡعَوۡنَ اِنَّا لَنَحۡنُ الۡغٰلِبُوۡنَ ﴿۴۵﴾Ошондо алар аркандарын жана таяктарын (жерге) таштап, мындай айтышты: «Фараондун урматына касам! Албетте, биз гана жеӊип чыгабыз».
-
26:46فَاَلۡقٰی مُوۡسٰی عَصَاہُ فَاِذَا ہِیَ تَلۡقَفُ مَا یَاۡفِکُوۡنَ ﴿ۚۖ۴۶﴾Ошондо Муса өзүнүн таягын таштады, кокустан ал алар ойлоп чыгарган жалганды жута баштады.
-
26:47فَاُلۡقِیَ السَّحَرَۃُ سٰجِدِیۡنَ ﴿ۙ۴۷﴾Ошентип, сыйкырчылар сажда кылган бойдон (жерге) жыгылтылды.
-
26:48قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۴۸﴾Алар айтышты: «Биз бүткүл ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик –
-
26:49رَبِّ مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ﴿۴۹﴾Муса жана Хаарундун Раббисине».
-
26:50قَالَ اٰمَنۡتُمۡ لَہٗ قَبۡلَ اَنۡ اٰذَنَ لَکُمۡ ۚ اِنَّہٗ لَکَبِیۡرُکُمُ الَّذِیۡ عَلَّمَکُمُ السِّحۡرَ ۚ فَلَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ۬ؕ لَاُقَطِّعَنَّ اَیۡدِیَکُمۡ وَ اَرۡجُلَکُمۡ مِّنۡ خِلَافٍ وَّ لَاُوصَلِّبَنَّکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۚ۵۰﴾Ал (Фараон) айтты: «Мен силерге уруксат берүүмдөн мурунураак ага ыйман келтирдиӊерби? Албетте, ал силерге сыйкыр үйрөткөн чоӊуӊар. Силер тез арада (мунун натыйжасын) билип аласыӊар. Мен албетте, силердин колдоруӊар жана буттарыӊарды карама-каршы жагынан кесип таштаймын жана албетте, мен баарыӊарды дарга асамын».
-
26:51قَالُوۡا لَا ضَیۡرَ ۫ اِنَّاۤ اِلٰی رَبِّنَا مُنۡقَلِبُوۡنَ ﴿ۚ۵۱﴾Алар айтышты: «Зыяны жок. Биз албетте, өз Раббибизге гана кайтуучубуз.
-
26:52اِنَّا نَطۡمَعُ اَنۡ یَّغۡفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطٰیٰنَاۤ اَنۡ کُنَّاۤ اَوَّلَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿ؕ٪۵۲﴾Албетте, биздин Раббибиз каталарыбызды кечирүүсүн биз үмүт кылабыз, анткени биз биринчи ыйман келтиргендерден болдук».
-
26:53وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰۤی اَنۡ اَسۡرِ بِعِبَادِیۡۤ اِنَّکُمۡ مُّتَّبَعُوۡنَ ﴿۵۳﴾Биз Мусага: «Менин пенделеримди түнкүсүн кандайдыр бир убакта бул жерден алып чыгып кет. Албетте, силер куугунтукталасыӊар», - деп вахий-аян жөнөттүк.
-
26:54فَاَرۡسَلَ فِرۡعَوۡنُ فِی الۡمَدَآئِنِ حٰشِرِیۡنَ ﴿ۚ۵۴﴾Ошондо Фараон ар кайсы шаарларга топтоочуларды жиберди:
-
26:55اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ لَشِرۡ ذِمَۃٌ قَلِیۡلُوۡنَ ﴿ۙ۵۵﴾«Албетте, бул адамдар бир ууч басмырланган жамаат», - (деген жарыя менен).
-
26:56وَ اِنَّہُمۡ لَنَا لَغَآئِظُوۡنَ ﴿ۙ۵۶﴾Буга карабастан, алар албетте, биздин каарыбызды келтирип жатышат.
-
26:57وَ اِنَّا لَجَمِیۡعٌ حٰذِرُوۡنَ ﴿ؕ۵۷﴾Ал эми биз баарыбыз сергек туруучубуз».
-
26:58فَاَخۡرَجۡنٰہُمۡ مِّنۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۙ۵۸﴾Ошентип, Биз аларды бактар жана булактар (жай)ынан чыгарып жибердик.
-
26:59وَّ کُنُوۡزٍ وَّ مَقَامٍ کَرِیۡمٍ ﴿ۙ۵۹﴾Ошондой эле казыналуу жана азиз жерден дагы.
-
26:60کَذٰلِکَ ؕ وَ اَوۡرَثۡنٰہَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ؕ۶۰﴾Ушундай (болду). Биз ал (жай)га Исрааийл балдарын мураскер кылдык.
-
26:61فَاَتۡبَعُوۡہُمۡ مُّشۡرِقِیۡنَ ﴿۶۱﴾Ошентип, алар таӊга маал алардын артынан түшүштү.
-
26:62فَلَمَّا تَرَآءَ الۡجَمۡعٰنِ قَالَ اَصۡحٰبُ مُوۡسٰۤی اِنَّا لَمُدۡرَکُوۡنَ ﴿ۚ۶۲﴾Анан эки тайпа бири-бирин көргөндө, Мусанын жолдоштору айтышты: «Албетте, биз тутулдук».
-
26:63قَالَ کَلَّا ۚ اِنَّ مَعِیَ رَبِّیۡ سَیَہۡدِیۡنِ ﴿۶۳﴾Ал (Муса) айтты: «Эч качан! Албетте, Раббим мени менен бирге (жана) Ал албетте, мага жол көрсөтөт».
-
26:64فَاَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰۤی اَنِ اضۡرِبۡ بِّعَصَاکَ الۡبَحۡرَ ؕ فَانۡفَلَقَ فَکَانَ کُلُّ فِرۡقٍ کَالطَّوۡدِ الۡعَظِیۡمِ ﴿ۚ۶۴﴾Анан Биз Мусага: «Деӊизди таягыӊ менен ур!» - деп вахий-аян кылдык; ошондо (деӊиз) жарылып кетти жана ар бир бөлүк дөбөчө сыяктуу болду.
-
26:65وَ اَزۡلَفۡنَا ثَمَّ الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿ۚ۶۵﴾Ошол жерде Биз кийинкилерди (алдыӊкыларга) жакыныраак кылып койдук.
-
26:66وَ اَنۡجَیۡنَا مُوۡسٰی وَ مَنۡ مَّعَہٗۤ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۚ۶۶﴾Биз Мусаны жана аны менен бирге болгондордун баарын куткардык.
-
26:67ثُمَّ اَغۡرَقۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿ؕ۶۷﴾Анан башкаларды чөктүрүп жибердик.
-
26:68اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۶۸﴾Албетте, мында чоӊ аят-белги бар эле. (Ушундай болсо дагы), алардын көпчүлүгү момун болбоду.
-
26:69وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿٪۶۹﴾Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:70وَ اتۡلُ عَلَیۡہِمۡ نَبَاَ اِبۡرٰہِیۡمَ ﴿ۘ۷۰﴾Аларга Ибраахиймдин кабарын оку.
-
26:71اِذۡ قَالَ لِاَبِیۡہِ وَ قَوۡمِہٖ مَا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۷۱﴾Качан ал өз атасына жана анын коомуна айтты: «Силер эмнеге ибадат кыласыӊар?»
-
26:72قَالُوۡا نَعۡبُدُ اَصۡنَامًا فَنَظَلُّ لَہَا عٰکِفِیۡنَ ﴿۷۲﴾Алар айтышты: «Биз буттарга ибадат кылабыз жана аларга (ибадат кылуу үчүн) отура беребиз».
-
26:73قَالَ ہَلۡ یَسۡمَعُوۡنَکُمۡ اِذۡ تَدۡعُوۡنَ ﴿ۙ۷۳﴾Ал айтты: «Силер (аларга) кайрылганыӊарда, силерди угабы?
-
26:74اَوۡ یَنۡفَعُوۡنَکُمۡ اَوۡ یَضُرُّوۡنَ ﴿۷۴﴾Же силерге кандайдыр бир пайда же зыян келтиреби?»
-
26:75قَالُوۡا بَلۡ وَجَدۡنَاۤ اٰبَآءَنَا کَذٰلِکَ یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۷۵﴾Алар айтышты: «Жок! Биз ата-бабаларыбыздын ушундай кылганын көргөнбүз».
-
26:76قَالَ اَفَرَءَیۡتُمۡ مَّا کُنۡتُمۡ تَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۙ۷۶﴾Ал айтты: «Силер эмнеге ибадат кылып жатканыӊарды ойлоп көрдүӊөрбү?
-
26:77اَنۡتُمۡ وَ اٰبَآؤُکُمُ الۡاَقۡدَمُوۡنَ ﴿۫ۖ۷۷﴾(Тактап айтканда) силер же мурунку ата-бабаларыӊар?
-
26:78فَاِنَّہُمۡ عَدُوٌّ لِّیۡۤ اِلَّا رَبَّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۷۸﴾Ошентип, бүтүн ааламдардын Раббисинен башка булар(дын баары) албетте, мага душман.
-
26:79الَّذِیۡ خَلَقَنِیۡ فَہُوَ یَہۡدِیۡنِ ﴿ۙ۷۹﴾Ал мени жараткан. Демек, Ал гана мага жетекчилик кылат.
-
26:80وَ الَّذِیۡ ہُوَ یُطۡعِمُنِیۡ وَ یَسۡقِیۡنِ ﴿ۙ۸۰﴾Ал (Алла) гана мага жедирет жана ичирет.
-
26:81وَ اِذَا مَرِضۡتُ فَہُوَ یَشۡفِیۡنِ ﴿۪ۙ۸۱﴾Мен ооруганымда, ошол эле (Алла) мага шыпаа берет.
-
26:82وَ الَّذِیۡ یُمِیۡتُنِیۡ ثُمَّ یُحۡیِیۡنِ ﴿ۙ۸۲﴾Ал (Алла) гана мени өлтүрөт, анан тирилтет.
-
26:83وَ الَّذِیۡۤ اَطۡمَعُ اَنۡ یَّغۡفِرَ لِیۡ خَطِیۡٓئَتِیۡ یَوۡمَ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۸۳﴾Ал (Алла)дан жаза жана сыйлык күнү каталарымды кечирип жиберүүсүн үмүт кыламын.
-
26:84رَبِّ ہَبۡ لِیۡ حُکۡمًا وَّ اَلۡحِقۡنِیۡ بِالصّٰلِحِیۡنَ ﴿ۙ۸۴﴾Эй, Раббим! Мага хикмат-акылмандык тартуулагын жана мени жакшы пенделер сабына кошкун!
-
26:85وَ اجۡعَلۡ لِّیۡ لِسَانَ صِدۡقٍ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ۙ۸۵﴾Жана мен үчүн кийинкилерде туура сүйлөй турган тил насип кылгын!
-
26:86وَ اجۡعَلۡنِیۡ مِنۡ وَّرَثَۃِ جَنَّۃِ النَّعِیۡمِ ﴿ۙ۸۶﴾Жана мени нээматтуу бейиштердин мураскерлеринен кылгын!
-
26:87وَ اغۡفِرۡ لِاَبِیۡۤ اِنَّہٗ کَانَ مِنَ الضَّآلِّیۡنَ ﴿ۙ۸۷﴾Менин атамды дагы кечиргин! Албетте, ал адашкандардан эле.
-
26:88وَ لَا تُخۡزِنِیۡ یَوۡمَ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿ۙ۸۸﴾Жана алар(дын баары) тургузула турган күнү мени шерменде кылбагын».
-
26:89یَوۡمَ لَا یَنۡفَعُ مَالٌ وَّ لَا بَنُوۡنَ ﴿ۙ۸۹﴾Ал күнү дүнүйө-мүлк дагы, уулдар дагы пайда бербейт.
-
26:90اِلَّا مَنۡ اَتَی اللّٰہَ بِقَلۡبٍ سَلِیۡمٍ ﴿ؕ۹۰﴾Бирок Алланын алдына баш ийген жүрөк менен келе турган киши гана (пайда көрөт).
-
26:91وَ اُزۡلِفَتِ الۡجَنَّۃُ لِلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ۙ۹۱﴾Бейиш такыбаларга жакын келтирилет.
-
26:92وَ بُرِّزَتِ الۡجَحِیۡمُ لِلۡغٰوِیۡنَ ﴿ۙ۹۲﴾Тозок адашкандардын алдына келтирилип коюлат.
-
26:93وَ قِیۡلَ لَہُمۡ اَیۡنَمَا کُنۡتُمۡ تَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۙ۹۳﴾Аларга (мындай) айтылат: «Силер ибадат кылып жүргөн нерселериӊер кана –
-
26:94مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ ہَلۡ یَنۡصُرُوۡنَکُمۡ اَوۡ یَنۡتَصِرُوۡنَ ﴿ؕ۹۴﴾Алланы коюп?! Алар силерге жардам бере алышабы же (өз) өчүн ала алышабы?»
-
26:95فَکُبۡکِبُوۡا فِیۡہَا ہُمۡ وَ الۡغَاوٗنَ ﴿ۙ۹۵﴾Ошентип, алар ага жүз каратып ыргытылышат жана баш ийбегендер дагы.
-
26:96وَ جُنُوۡدُ اِبۡلِیۡسَ اَجۡمَعُوۡنَ ﴿ؕ۹۶﴾Мындан тышкары, Иблистин баардык кошуундары дагы.
-
26:97قَالُوۡا وَ ہُمۡ فِیۡہَا یَخۡتَصِمُوۡنَ ﴿ۙ۹۷﴾Алар анын ичинде бири-бири менен талашып-тартышып, мындай дешет:
-
26:98تَاللّٰہِ اِنۡ کُنَّا لَفِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۙ۹۸﴾«Аллага касам! Албетте , биз ачыктан-ачык адашууда элек.
-
26:99اِذۡ نُسَوِّیۡکُمۡ بِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۹۹﴾Качан биз силерди бүтүн ааламдардын Раббисине теӊештирер элек.
-
26:100وَ مَاۤ اَضَلَّنَاۤ اِلَّا الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾Бизди болгону күнөөкөрлөр гана адаштырды.
-
26:101فَمَا لَنَا مِنۡ شَافِعِیۡنَ ﴿۱۰۱﴾ۙДемек, биз үчүн (эми) эч бир шапаатчы жок.
-
26:102وَ لَا صَدِیۡقٍ حَمِیۡمٍ ﴿۱۰۲﴾Жана бир дагы жакын дос да жок.
-
26:103فَلَوۡ اَنَّ لَنَا کَرَّۃً فَنَکُوۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾Ошондуктан, атаганат! Бир мертебе болсо да, биз үчүн кайтуу (мүмкүнчүлүгү) болгондо, биз ыйман келтирүүчүлөрдөн болоор элек».
-
26:104اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۴﴾Мында албетте, бир улуу аят-белги бар. Алардын көпчүлүгү момун эмес болчу.
-
26:105وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۰۵﴾٪Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:106کَذَّبَتۡ قَوۡمُ نُوۡحِ ۣالۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۰۶﴾ۚۖНух коому да пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
-
26:107اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ نُوۡحٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۰۷﴾ۚ(Эстегиле), качан тууганы Нух аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
-
26:108اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۰۸﴾ۙАлбетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
-
26:109فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۰۹﴾ۚОшондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
-
26:110وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۱۰﴾ۚМен бул үчүн силерден эч кандай акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
-
26:111فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۱۱﴾ؕДемек, Алладан корккула жана мага баш ийгиле».
-
26:112قَالُوۡۤا اَنُؤۡمِنُ لَکَ وَ اتَّبَعَکَ الۡاَرۡذَلُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾ؕАлар айтышты: «Биз сага ишенелиби? Ал эми эӊ төмөн адамдар сени ээрчишти».
-
26:113قَالَ وَ مَا عِلۡمِیۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۱۳﴾ۚАл айтты: «Мен алардын эмне менен алектенгенин кайдан билейин?
-
26:114اِنۡ حِسَابُہُمۡ اِلَّا عَلٰی رَبِّیۡ لَوۡ تَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۱۴﴾ۚАлардын эсеп-кысабы менин Раббимдин милдетинде. Атаганат! Силер түшүнсөӊөр, кана!
-
26:115وَ مَاۤ اَنَا بِطَارِدِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۵﴾ۚМен момундарды кубалоочу эмесмин.
-
26:116اِنۡ اَنَا اِلَّا نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۱۶﴾ؕМен болгону ачыктан-ачык кулактандыруучумун».
-
26:117قَالُوۡا لَئِنۡ لَّمۡ تَنۡتَہِ یٰنُوۡحُ لَتَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمَرۡجُوۡمِیۡنَ ﴿۱۱۷﴾ؕАлар айтышты: «Эй, Нух! Эгер кайтпасаӊ, албетте, таш бараӊ кылына тургандардан болуп каласыӊ».
-
26:118قَالَ رَبِّ اِنَّ قَوۡمِیۡ کَذَّبُوۡنِ ﴿۱۱۸﴾ۚۖАл айтты: «Эй, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды.
-
26:119فَافۡتَحۡ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَہُمۡ فَتۡحًا وَّ نَجِّنِیۡ وَ مَنۡ مَّعِیَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۹﴾Ошондуктан, мени менен коомумдун ортосунда ачык-айкын өкүм чыгаргын, ошондой эле мени жана мени менен бирге болгон момундарды куткаргын!»
-
26:120فَاَنۡجَیۡنٰہُ وَ مَنۡ مَّعَہٗ فِی الۡفُلۡکِ الۡمَشۡحُوۡنِ ﴿۱۲۰﴾ۚАнан Биз ага жана аны менен бирге бир жык толо кемеде болгондорду куткардык.
-
26:121ثُمَّ اَغۡرَقۡنَا بَعۡدُ الۡبٰقِیۡنَ ﴿۱۲۱﴾ؕАнан, (андан) кийин Биз аркада калгандарды чөктүрүп жибердик.
-
26:122اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۲۲﴾Албетте, мында бир чоӊ аят-белги бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес эле.
-
26:123وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۲۳﴾٪Албетте, Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:124کَذَّبَتۡ عَادُ ۣ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۲۴﴾ۚۖАад (коому дагы) пайгамбарларды жалганчыга чыгарды.
-
26:125اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ ہُوۡدٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾ۚ(Эстегиле), качан тууганы Худ аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
-
26:126اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۲۶﴾ۙАлбетте, мен силерге бир ишенимдүү пайгамбармын.
-
26:127فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۲۷﴾ۚОшондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
-
26:128وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۲۸﴾ؕМен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
-
26:129اَتَبۡنُوۡنَ بِکُلِّ رِیۡعٍ اٰیَۃً تَعۡبَثُوۡنَ ﴿۱۲۹﴾Силер ар бир дөбөчөдө (болгону) курулай (өз бийиктигиӊердин) эстелигин курасыӊарбы?
-
26:130وَ تَتَّخِذُوۡنَ مَصَانِعَ لَعَلَّکُمۡ تَخۡلُدُوۡنَ ﴿۱۳۰﴾ۚЖана силер түбөлүк калууӊар үчүн (ар кыл) өнөр жай мекемелерин курасыӊар.
-
26:131وَ اِذَا بَطَشۡتُمۡ بَطَشۡتُمۡ جَبَّارِیۡنَ ﴿۱۳۱﴾ۚЖана кармаганыӊарда, силер күчтүү болуп кармайсыӊар.
-
26:132فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۳۲﴾ۚДемек, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
-
26:133وَ اتَّقُوا الَّذِیۡۤ اَمَدَّکُمۡ بِمَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۳۳﴾ۚСилерге өзүӊөр билген нерселериӊер менен жардам берген (Алла)дан корккула.
-
26:134اَمَدَّکُمۡ بِاَنۡعَامٍ وَّ بَنِیۡنَ ﴿۱۳۴﴾ۚۙАл (Алла) силерге чарба малдары жана бала-чака (тартуулоо жолу) менен жардам берди.
-
26:135وَ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿۱۳۵﴾ۚОшондой эле бактар жана булактар менен дагы.
-
26:136اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۳۶﴾ؕАлбетте, мен силердин үстүӊөргө бир улуу күндүн азабы (келиши)нен коркомун».
-
26:137قَالُوۡا سَوَآءٌ عَلَیۡنَاۤ اَوَ عَظۡتَ اَمۡ لَمۡ تَکُنۡ مِّنَ الۡوٰعِظِیۡنَ ﴿۱۳۷﴾ۙАлар айтышты: «Сен бизге насаат кылсаӊ дагы, насаат кылуучулардан болбосоӊ дагы, бизге баары бир.
-
26:138اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا خُلُقُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۳۸﴾ۙ(Сен бизге үйрөтүп жаткан нерселер) болгону мурункулардын үрп-адаттары.
-
26:139وَ مَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِیۡنَ ﴿۱۳۹﴾ۚБизге азап берилбейт».
-
26:140فَکَذَّبُوۡہُ فَاَہۡلَکۡنٰہُمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۴۰﴾Ошентип, алар аны жалганчыга чыгарышты. Ошондо Биз аларды жок кылып жибердик. Албетте, мында бир улуу аят-белги бар. Алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес эле.
-
26:141وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۴۱﴾٪Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:142کَذَّبَتۡ ثَمُوۡدُ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۴۲﴾ۚۖСамуд (коому дагы) пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
-
26:143اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ صٰلِحٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۴۳﴾ۚ(Эстегиле), качан тууганы Саалих аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
-
26:144اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۴۴﴾ۙАлбетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
-
26:145فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۴۵﴾ۚОшондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
-
26:146وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۴۶﴾ؕМен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
-
26:147اَتُتۡرَکُوۡنَ فِیۡ مَا ہٰہُنَاۤ اٰمِنِیۡنَ ﴿۱۴۷﴾ۙСилер бул жерде кудум ушундай тынч жашап жаткан бойдон калтырыласыӊарбы?
-
26:148فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿۱۴۸﴾ۙБактар жана булактардын арасында.
-
26:149وَّ زُرُوۡعٍ وَّ نَخۡلٍ طَلۡعُہَا ہَضِیۡمٌ ﴿۱۴۹﴾ۚЭгиндер жана (мөмөлөрдүн оордугунан) баштары сынайын деп турган курма дарактарынын арасында.
-
26:150وَ تَنۡحِتُوۡنَ مِنَ الۡجِبَالِ بُیُوۡتًا فٰرِہِیۡنَ ﴿۱۵۰﴾ۚСилер чеберчилик менен тоолорду түзөп, үй курасыӊар.
-
26:151فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۵۱﴾ۚДемек, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
-
26:152وَ لَا تُطِیۡعُوۡۤا اَمۡرَ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۱۵۲﴾ۙЧектен ашуучулардын амирине баш ийбегиле.
-
26:153الَّذِیۡنَ یُفۡسِدُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا یُصۡلِحُوۡنَ ﴿۱۵۳﴾(Тактап айтканда) жерде бузгунчулук кыла турган жана оӊдобой тургандар(дын амирине)».
-
26:154قَالُوۡۤا اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مِنَ الۡمُسَحَّرِیۡنَ ﴿۱۵۴﴾ۚАлар айтышты: «Албетте, сен сыйкыр менен акылдан азгырылгандардансыӊ.
-
26:155مَاۤ اَنۡتَ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُنَا ۚۖ فَاۡتِ بِاٰیَۃٍ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۱۵۵﴾Сен бизге окшогон адамдан бөлөк эч нерсе эмессиӊ. Демек, эгер чынчылдардан болсоӊ, кандайдыр бир аят-белги келтирчи?»
-
26:156قَالَ ہٰذِہٖ نَاقَۃٌ لَّہَا شِرۡبٌ وَّ لَکُمۡ شِرۡبُ یَوۡمٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿۱۵۶﴾ۚАл айтты: «Мына бул ургаачы төө, анын суу ичиши үчүн бир убакыт белгиленет жана силер үчүн дагы бир анык күнү суунун нөөмөтү болот.
-
26:157وَ لَا تَمَسُّوۡہَا بِسُوۡٓءٍ فَیَاۡخُذَکُمۡ عَذَابُ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۵۷﴾Ошентип, зыян жеткирүү ниетинде ага тийбегиле. Болбосо, бир улуу күндүн азабы силерди тутуп алат».
-
26:158فَعَقَرُوۡہَا فَاَصۡبَحُوۡا نٰدِمِیۡنَ ﴿۱۵۸﴾ۙОшого карабай, алар анын тарамыштарын кесип жиберишти, анан шерменде болуп калышты.
-
26:159فَاَخَذَہُمُ الۡعَذَابُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۵۹﴾Анан аларды азап тутуп алды. Албетте, мында бир улуу аят-белги бар, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес эле.
-
26:160وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۶۰﴾٪Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:161کَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوۡطِ ۣالۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۶۱﴾ۚۖЛут коому дагы пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
-
26:162اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ لُوۡطٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۶۲﴾ۚ(Эстегиле), качан тууганы Лут аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
-
26:163اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۶۳﴾ۙАлбетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
-
26:164فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۶۴﴾ۚОшондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
-
26:165وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۶۵﴾ؕМен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
-
26:166اَتَاۡتُوۡنَ الذُّکۡرَانَ مِنَ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۶۶﴾ۙСилер бүтүн ааламдарда жалаӊ эркектерге гана жакындашасыӊарбы?
-
26:167وَ تَذَرُوۡنَ مَا خَلَقَ لَکُمۡ رَبُّکُمۡ مِّنۡ اَزۡوَاجِکُمۡ ؕ بَلۡ اَنۡتُمۡ قَوۡمٌ عٰدُوۡنَ ﴿۱۶۷﴾Жана Раббиӊер силер үчүн жаратып койгон жолдошторуӊарды таштап коёсуӊар. Чындыгында, силер чектен ашуучу коомсуӊар».
-
26:168قَالُوۡا لَئِنۡ لَّمۡ تَنۡتَہِ یٰلُوۡطُ لَتَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُخۡرَجِیۡنَ ﴿۱۶۸﴾Алар айтышты: «Эй, Лут! Эгер кайтпасаӊ, албетте, (бул шаардан) чыгарылуучулардан болуп каласыӊ».
-
26:169قَالَ اِنِّیۡ لِعَمَلِکُمۡ مِّنَ الۡقَالِیۡنَ ﴿۱۶۹﴾ؕАл айтты: «Албетте, мен силердин кылык-жоругуӊардан жийиркенемин.
-
26:170رَبِّ نَجِّنِیۡ وَ اَہۡلِیۡ مِمَّا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۷۰﴾Эй, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алар кылып жаткан иштеринен куткаргын».
-
26:171فَنَجَّیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗۤ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۷۱﴾ۙОшондо Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн баарын куткардык –
-
26:172اِلَّا عَجُوۡزًا فِی الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۱۷۲﴾ۚАртта калуучулардан болгон бир кемпирден башкаларын.
-
26:173ثُمَّ دَمَّرۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿۱۷۳﴾ۚАнан башкаларды жок кылып жибердик –
-
26:174وَ اَمۡطَرۡنَا عَلَیۡہِمۡ مَّطَرًا ۚ فَسَآءَ مَطَرُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿۱۷۴﴾Биз алардын үстүнө бир жамгыр жаадырдык. Ошентип, кулактандырылуучулардын жамгыры абдан жаман болчу.
-
26:175اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۷۵﴾Албетте, мында бир улуу аят-белги бар болчу, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес.
-
26:176وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۷۶﴾٪Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:177کَذَّبَ اَصۡحٰبُ لۡـَٔـیۡکَۃِ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۷۷﴾ۚۖБан эли дагы пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
-
26:178اِذۡ قَالَ لَہُمۡ شُعَیۡبٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۷۸﴾ۚ(Эстегиле), качан Шуайыб аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
-
26:179اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۷۹﴾ۙАлбетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
-
26:180فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۸۰﴾ۚОшондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
-
26:181وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۸۱﴾ؕМен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
-
26:182اَوۡفُوا الۡکَیۡلَ وَ لَا تَکُوۡنُوۡا مِنَ الۡمُخۡسِرِیۡنَ ﴿۱۸۲﴾ۚӨлчөөнү толук тарткыла жана кем бере тургандардан болбогула.
-
26:183وَ زِنُوۡا بِالۡقِسۡطَاسِ الۡمُسۡتَقِیۡمِ ﴿۱۸۳﴾ۚЖана таразанын ташын туура койгула.
-
26:184وَ لَا تَبۡخَسُوا النَّاسَ اَشۡیَآءَہُمۡ وَ لَا تَعۡثَوۡا فِی الۡاَرۡضِ مُفۡسِدِیۡنَ ﴿۱۸۴﴾ۚОшондой эле адамдарга нерселерин кемитип бербегиле жана жерде бузгунчу болуп, бүлүк салбагыла.
-
26:185وَ اتَّقُوا الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ وَ الۡجِبِلَّۃَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۸۵﴾ؕСилерди да, мурунку жаратылгандарды да жараткан (Алла)дан корккула».
-
26:186قَالُوۡۤا اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مِنَ الۡمُسَحَّرِیۡنَ ﴿۱۸۶﴾ۙАлар айтышты: «Албетте, сен сыйкыр менен акылдан азгырылгандардансыӊ.
-
26:187وَ مَاۤ اَنۡتَ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُنَا وَ اِنۡ نَّظُنُّکَ لَمِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۱۸۷﴾ۚСен бизге окшогон адамдан бөлөк эч нерсе эмессиӊ. Биз сени албетте, жалганчылардан деп ойлойбуз.
-
26:188فَاَسۡقِطۡ عَلَیۡنَا کِسَفًا مِّنَ السَّمَآءِ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۱۸۸﴾ؕДемек, эгер чынчылдардан болсоӊ, үстүбүзгө асмандан айрым бөлүктөрдү түшүрчү!»
-
26:189قَالَ رَبِّیۡۤ اَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۸۹﴾Ал айтты: «Эмне кылып жатканыӊарды Раббим абдан жакшы билет».
-
26:190فَکَذَّبُوۡہُ فَاَخَذَہُمۡ عَذَابُ یَوۡمِ الظُّلَّۃِ ؕ اِنَّہٗ کَانَ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۹۰﴾Ошентип, алар аны жалганчыга чыгарышты. Ошондо бир көлөкө кыла турган коркунучтуу булуттуу күндүн азабы аларды тутуп алды. Албетте, ал бир улуу күндүн азабы эле.
-
26:191اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۹۱﴾Албетте, мында бир улуу аят-белги бар болчу, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес.
-
26:192وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۹۲﴾٪Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
26:193وَ اِنَّہٗ لَتَنۡزِیۡلُ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۹۳﴾ؕАлбетте, бул бүтүн ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн (Сөз) –
-
26:194نَزَلَ بِہِ الرُّوۡحُ الۡاَمِیۡنُ ﴿۱۹۴﴾ۙАны Рухул-Амийн алып түштү –
-
26:195عَلٰی قَلۡبِکَ لِتَکُوۡنَ مِنَ الۡمُنۡذِرِیۡنَ ﴿۱۹۵﴾Сенин жүрөгүӊө. Сен кулактандыруучулардан болушуӊ үчүн.
-
26:196بِلِسَانٍ عَرَبِیٍّ مُّبِیۡنٍ ﴿۱۹۶﴾ؕАчык-айкын араб тилинде.
-
26:197وَ اِنَّہٗ لَفِیۡ زُبُرِ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۹۷﴾Албетте, бул илгери өткөндөрдүн китепчелеринде (баян этилген) эле.
-
26:198اَوَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہُمۡ اٰیَۃً اَنۡ یَّعۡلَمَہٗ عُلَمٰٓؤُا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿۱۹۸﴾ؕИсрааийл балдарынын аалымдарынын дагы аны билүүлөрү алар үчүн бир улуу аят-белги эмеспи?!
-
26:199وَ لَوۡ نَزَّلۡنٰہُ عَلٰی بَعۡضِ الۡاَعۡجَمِیۡنَ ﴿۱۹۹﴾ۙЭгер Биз аны бөтөн элдердин бирөөсүнө түшүргөнүбүздө,
-
26:200فَقَرَاَہٗ عَلَیۡہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۰۰﴾ؕЖана ал аны аларга окуп бергенде, алар баары бир ага ыйман келтирбеген болоор эле.
-
26:201کَذٰلِکَ سَلَکۡنٰہُ فِیۡ قُلُوۡبِ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۲۰۱﴾ؕБиз бул (нерсе)ни күнөөкөрлөр жүрөгүнө мына ушундай киргизгенбиз:
-
26:202لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ حَتّٰی یَرَوُا الۡعَذَابَ الۡاَلِیۡمَ ﴿۲۰۲﴾ۙАлар оор азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.
-
26:203فَیَاۡتِیَہُمۡ بَغۡتَۃً وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۲۰۳﴾ۙДемек, ал аларга өздөрү сезбеген абалда келет.
-
26:204فَیَقُوۡلُوۡا ہَلۡ نَحۡنُ مُنۡظَرُوۡنَ ﴿۲۰۴﴾ؕОшондо алар айтышат: «Бизге мөөнөт берилеби?»
-
26:205اَفَبِعَذَابِنَا یَسۡتَعۡجِلُوۡنَ ﴿۲۰۵﴾Демек, алар Биздин азабыбыздын тез келишин талап кылышабы?
-
26:206اَفَرَءَیۡتَ اِنۡ مَّتَّعۡنٰہُمۡ سِنِیۡنَ ﴿۲۰۶﴾ۙОйлоп көрдүӊбү? Эгер биз аларды бир нече жылга чейин пайда жеткирип койсок да,
-
26:207ثُمَّ جَآءَہُمۡ مَّا کَانُوۡا یُوۡعَدُوۡنَ ﴿۲۰۷﴾ۙАнан аларга убада кылынган нерселери келсе,
-
26:208مَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یُمَتَّعُوۡنَ ﴿۲۰۸﴾ؕОшондо аларга убактылуу жеткирилген пайда өздөрүнө кенедей дагы жардам бербейт.
-
26:209وَ مَاۤ اَہۡلَکۡنَا مِنۡ قَرۡیَۃٍ اِلَّا لَہَا مُنۡذِرُوۡنَ ﴿۲۰۹﴾٭ۖۛБиз кулактандыруучуларды (жөнөтпөстөн туруп), эч бир кыштакты жок кылбадык.
-
26:210ذِکۡرٰی ۟ۛ وَ مَا کُنَّا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۲۱۰﴾(Бул) бир чоӊ ибарат(туу насаат). Биз такыр зулумдук кылуучу эмес элек.
-
26:211وَ مَا تَنَزَّلَتۡ بِہِ الشَّیٰطِیۡنُ ﴿۲۱۱﴾Шайтандар бул (вахий)ди алып түшүшкөн эмес.
-
26:212وَ مَا یَنۡۢبَغِیۡ لَہُمۡ وَ مَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ ﴿۲۱۲﴾ؕЖана аларга мүмкүн эмес, жана (буга) алардын кудурети да жетпейт.
-
26:213اِنَّہُمۡ عَنِ السَّمۡعِ لَمَعۡزُوۡلُوۡنَ ﴿۲۱۳﴾ؕАлбетте, алар (Кудайдын сөзүн) тыӊшоодон сөзсүз куру калтырылган.
-
26:214فَلَا تَدۡعُ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ فَتَکُوۡنَ مِنَ الۡمُعَذَّبِیۡنَ ﴿۲۱۴﴾ۚДемек, сен Алла менен бирге башка кудайга кайрылба, болбосо сен азап берилүүчүлөрдөн болуп каласыӊ.
-
26:215وَ اَنۡذِرۡ عَشِیۡرَتَکَ الۡاَقۡرَبِیۡنَ ﴿۲۱۵﴾ۙӨз үй-бүлөөӊдү, (тактап айтканда) жакын туугандарыӊды кулактандыр.
-
26:216وَ اخۡفِضۡ جَنَاحَکَ لِمَنِ اتَّبَعَکَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۱۶﴾ۚЖана момундардан сени ээрчигендер үчүн канатыӊды төмөн тут.
-
26:217فَاِنۡ عَصَوۡکَ فَقُلۡ اِنِّیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۱۷﴾ۚАнан, эгер алар сага баш ийбестик кылышса, анда айт: «Албетте, силер кылып жаткан амалдарыӊар үчүн мен жоопкер эмесмин».
-
26:218وَ تَوَکَّلۡ عَلَی الۡعَزِیۡزِ الرَّحِیۡمِ ﴿۲۱۸﴾ۙОшондой эле эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу (Алла)га тобокел кыл –
-
26:219الَّذِیۡ یَرٰٮکَ حِیۡنَ تَقُوۡمُ ﴿۲۱۹﴾ۙ(Тактап айтканда) сен турганыӊда, сени көрүп турган (Алла)га.
-
26:220وَ تَقَلُّبَکَ فِی السّٰجِدِیۡنَ ﴿۲۲۰﴾Жана сажда кылуучулардын арасында толкунданууӊду дагы.
-
26:221اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۲۲۱﴾Албетте, Ал (Алла) гана эӊ угуучу (жана) дайыма билүүчү.
-
26:222ہَلۡ اُنَبِّئُکُمۡ عَلٰی مَنۡ تَنَزَّلُ الشَّیٰطِیۡنُ ﴿۲۲۲﴾ؕМен силерге шайтандар кимдин үстүнө көбүрөөк түшөөрүн кабарлайынбы?
-
26:223تَنَزَّلُ عَلٰی کُلِّ اَفَّاکٍ اَثِیۡمٍ ﴿۲۲۳﴾ۙАлар ар бир жалганчы (жана) өтө күнөөкөрдүн үстүнө түшүшөт.
-
26:224یُّلۡقُوۡنَ السَّمۡعَ وَ اَکۡثَرُہُمۡ کٰذِبُوۡنَ ﴿۲۲۴﴾ؕАлар (алардын сөздөрүнө) кулак салышат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.
-
26:225وَ الشُّعَرَآءُ یَتَّبِعُہُمُ الۡغَاوٗنَ ﴿۲۲۵﴾ؕЫрчылар болсо – аларды жалаӊ адашкандар гана ээрчишет.
-
26:226اَلَمۡ تَرَ اَنَّہُمۡ فِیۡ کُلِّ وَادٍ یَّہِیۡمُوۡنَ ﴿۲۲۶﴾ۙСен алардын ар бир өрөөндө кезип жүргөнүн көргөн эмессиӊби?
-
26:227وَ اَنَّہُمۡ یَقُوۡلُوۡنَ مَا لَا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۲۲۷﴾ۙАлбетте, алар өздөрү кылбаган нерселерди сүйлөшөт.
-
26:228اِلَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ ذَکَرُوا اللّٰہَ کَثِیۡرًا وَّ انۡتَصَرُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُوۡا ؕ وَ سَیَعۡلَمُ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡۤا اَیَّ مُنۡقَلَبٍ یَّنۡقَلِبُوۡنَ ﴿۲۲۸﴾٪(Алардын арасынан) ыйман келтирген, жакшы амалдар кылган, Алланы көбүрөөк эске алган жана зулумдук көргөндөн кийин өч алгандардан башкалары. Зулумдук кылгандар тез арада кайсы кайтуу жайына кайтууларын билип алышат.
0:00
/
0:00