التّکاثُر
Ат-Такаасур
-
102:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
102:2اَلۡہٰکُمُ التَّکَاثُرُ ۙ﴿۲﴾Бири-бириӊерден озуп кетүү арзуусу силерди кабарсыз кылып койду.
-
102:3حَتّٰی زُرۡتُمُ الۡمَقَابِرَ ؕ﴿۳﴾А түгүл силер мүрзөлөрдү да зыярат кылдыӊар.
-
102:4کَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ۙ﴿۴﴾Кулак салгыла! Силер албетте, билип аласыӊар.
-
102:5ثُمَّ کَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ؕ﴿۵﴾Дагы бир ирет кулак салгыла! Силер албетте, билип аласыӊар.
-
102:6کَلَّا لَوۡ تَعۡلَمُوۡنَ عِلۡمَ الۡیَقِیۡنِ ؕ﴿۶﴾Кулак салгыла! Эгер силер бекем билим даражасында билип алсаӊар,
-
102:7لَتَرَوُنَّ الۡجَحِیۡمَ ۙ﴿۷﴾Анда албетте, тозокту көрүп аласыӊар.
-
102:8ثُمَّ لَتَرَوُنَّہَا عَیۡنَ الۡیَقِیۡنِ ۙ﴿۸﴾Анан силер албетте, аны дал көздөр көргөндөй анык көрөсүӊөр.
-
102:9ثُمَّ لَتُسۡـَٔلُنَّ یَوۡمَئِذٍ عَنِ النَّعِیۡمِ ٪﴿۹﴾Анан ошол күнү (берилген) нээмат-берекелер тууралуу силер албетте, сураласыӊар.
0:00
/
0:00