العَادیَات
Ал-Аадият
-
100:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
100:2وَ الۡعٰدِیٰتِ ضَبۡحًا ۙ﴿۲﴾Бышкырып желдей уча турган аттарга касам!
-
100:3فَالۡمُوۡرِیٰتِ قَدۡحًا ۙ﴿۳﴾Анан учкун чачыратып шоола пайда кыла тургандарга (касам!)
-
100:4فَالۡمُغِیۡرٰتِ صُبۡحًا ۙ﴿۴﴾Анан таӊда чабуул жасай тургандарга (касам!)
-
100:5فَاَثَرۡنَ بِہٖ نَقۡعًا ۙ﴿۵﴾Анан алар ошол (чабуул) менен чаӊ-тозоӊ көтөрөт.
-
100:6فَوَسَطۡنَ بِہٖ جَمۡعًا ۙ﴿۶﴾Анан алар ошол (чаӊ-тозоӊ) менен бир жамааттын арасына жетип барат.
-
100:7اِنَّ الۡاِنۡسَانَ لِرَبِّہٖ لَکَنُوۡدٌ ۚ﴿۷﴾Албетте, адамзат өз Раббисине абдан шүкүрсүз.
-
100:8وَ اِنَّہٗ عَلٰی ذٰلِکَ لَشَہِیۡدٌ ۚ﴿۸﴾Жана албетте, буга өзү сөзсүз күбө.
-
100:9وَ اِنَّہٗ لِحُبِّ الۡخَیۡرِ لَشَدِیۡدٌ ؕ﴿۹﴾Жана албетте, мал-мүлктү сүйүүдө ал абдан катуу.
-
100:10اَفَلَا یَعۡلَمُ اِذَا بُعۡثِرَ مَا فِی الۡقُبُوۡرِ ۙ﴿۱۰﴾Ал билбейби, качан кабырлардагы нерсе чыгарылат?
-
100:11وَ حُصِّلَ مَا فِی الصُّدُوۡرِ ﴿ۙ۱۱﴾Жана көкүрөктөрдөгү нерселер чыгарылып алынат?
-
100:12اِنَّ رَبَّہُمۡ بِہِمۡ یَوۡمَئِذٍ لَّخَبِیۡرٌ ٪﴿۱۲﴾Албетте, алардын Раббиси ошол күнү алардан бүтүндөй кабардар болот.
0:00
/
0:00