- وَ اِلٰی ثَمُوۡدَ اَخَاہُمۡ صٰلِحًا ۘ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ قَدۡ جَآءَتۡکُمۡ بَیِّنَۃٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ ؕ ہٰذِہٖ نَاقَۃُ اللّٰہِ لَکُمۡ اٰیَۃً فَذَرُوۡہَا تَاۡکُلۡ فِیۡۤ اَرۡضِ اللّٰہِ وَ لَا تَمَسُّوۡہَا بِسُوۡٓءٍ فَیَاۡخُذَکُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۷۴﴾7 : 74 Самуд (коому)на туугандары болгон Саалихти (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, Андан бөлөк силердин эч кандай кудайыӊар жок. Албетте, силерге Раббиӊерден ачык-айкын далил келди. Алланын мына ушул ургаачы төөсү силер үчүн бир белги-жышаан. Ошондуктан, аны коё бергиле, ал Алланын жеринде оттоп жүрө берсин, ага эч кандай жабыр кылбагыла, болбосо, силерди оор азап тутуп алат.