اِعۡلَمُوۡۤا اَنَّمَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا لَعِبٌ وَّ لَہۡوٌ وَّ زِیۡنَۃٌ وَّ تَفَاخُرٌۢ بَیۡنَکُمۡ وَ تَکَاثُرٌ فِی الۡاَمۡوَالِ وَ الۡاَوۡلَادِ ؕ کَمَثَلِ غَیۡثٍ اَعۡجَبَ الۡکُفَّارَ نَبَاتُہٗ ثُمَّ یَہِیۡجُ فَتَرٰٮہُ مُصۡفَرًّا ثُمَّ یَکُوۡنُ حُطَامًا ؕ وَ فِی الۡاٰخِرَۃِ عَذَابٌ شَدِیۡدٌ ۙ وَّ مَغۡفِرَۃٌ مِّنَ اللّٰہِ وَ رِضۡوَانٌ ؕ وَ مَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَاۤ اِلَّا مَتَاعُ الۡغُرُوۡرِ ﴿۲۱﴾
57 : 21
Билгиле, дүйнөлүк жашоо жалаӊ оюн-күлкү жана бийик максаттан кабарсыз кылып коё турган напси каалоолорун кандыруу куралы, ошондой эле жасанып-түзөнүп жана өз ара бири-биринен (өзүн) өйдө коюу, ошондой эле мал-мүлк жана урук-тукум боюнча бири-биринен озуп кетүү аракети гана. (Бул жашоо) бир жамгырга окшойт: анын көк чөбү каапырлар(дын дилдери)н кубандырат; анан ал тездик менен өсөт; анан сен анын саргайып жатканын көрөсүӊ; андан кийин үбөлөнүп кетет. Акыретте катуу азап бар, ошондой эле Алла тарабынан кечирим жана ыраазылык дагы. Дүйнөлүк жашоо болсо, алдай турган убактылуу нерсе гана.