یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَقۡتُلُوا الصَّیۡدَ وَ اَنۡتُمۡ حُرُمٌ ؕ وَ مَنۡ قَتَلَہٗ مِنۡکُمۡ مُّتَعَمِّدًا فَجَزَآءٌ مِّثۡلُ مَا قَتَلَ مِنَ النَّعَمِ یَحۡکُمُ بِہٖ ذَوَا عَدۡلٍ مِّنۡکُمۡ ہَدۡیًۢا بٰلِغَ الۡکَعۡبَۃِ اَوۡ کَفَّارَۃٌ طَعَامُ مَسٰکِیۡنَ اَوۡ عَدۡلُ ذٰلِکَ صِیَامًا لِّیَذُوۡقَ وَبَالَ اَمۡرِہٖ ؕ عَفَا اللّٰہُ عَمَّا سَلَفَ ؕ وَ مَنۡ عَادَ فَیَنۡتَقِمُ اللّٰہُ مِنۡہُ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ ذُو انۡتِقَامٍ ﴿۹۶﴾
5 : 96
Эй, ыйман келтиргендер! «Ихрам» абалында болгонуңарда, аңды өлтүрбөгүлө. Араңардан ким атайын аны өлтүрсө, мунун жазасы катары ал өлтүргөн жаныбарга тең Каабага жете турган курмандык кылсын. Буга силердин араңардан эки адилеттүү киши чечим-өкүм чыгарат. Ал өзүнүн жаман кылык-жоруктарынын акыбетин татып көрсүн үчүн, же анын «Каффаараты» – кембагалдарга тамак берүү же ага тете орозо (тутуу). Өткөн иштерди Алла кечирип койду. Демек, ким муну кайтадан жасаса, Алла андан өч алат. Алла эң жеңүүчү (жана) өч алуучу.